"Медиакыздар" подкасты – Асел Сооронбаева

"Медиакыздар" - медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө подкаст. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баарлашуу.

 

Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКларды аялдарсыз элестете албайбыз. Алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.

 

"Медиакыздар" подкастынын биринчи сезонунда жергиликтүү журналистиканын кыргыз тилдүү сегментинде иштеген белгилүү айымдар менен таанышасыз.

 

Подкасттын экинчи чыгарылышынын коногу - журналист Асел Сооронбаева.

   

Асел Сооронбаева - журналист, медиа тренер. TRACK Журналисттик иликтөөлөр мектебинин бүтүрүүчүсү, Internews Data Journalism стипендиялык программасынын, CABAR.asia Аналитикалык журналистика мектебинин, Борбордук Азиядагы медиа сынчылар үчүн онлайн окутуусунун бүтүрүүчүсү, Борбордук Азиядагы MediaCAMP 2019 сыйлыгынын финалисти.

 

Factcheck.kg сайтынын кыргыз версиясынын редактору. Бир катар журналисттик иликтөөлөрдүн жана маалымат макалаларынын автору. Фактчекинг, дата журналистика жана медиа сабаттуулук боюнча тренингдерди алып барат.

Factcheck.kgнин кызматкерлери кыргыз тилинде түшүндүрүүчү видеону тартып жатышат. 26-декабрь, 2019-жыл. Сүрөтт: Дмитрий Мотинов.

Factcheck.kg редакциясы жөнүндө маалымат: Factcheck.kg көз карандысыз онлайн платформа, анын негизги максаты жалган маалыматтарды, манипуляцияларды жана пропаганданы текшерүү жана жокко чыгаруу болуп саналат. Factcheck.kg Кыргызстандагы биринчи фактчекинг ресурсу. Factcheck.kg онлайн платформасынын ишке кириши менен журналистиканын “фактчекинг” деген жаңы жанры популярдуу болуп, суроо-талапка ээ болду.

 

     

Подкасттын шилтемеси :

 

https://anchor.fm/tynymgul/episodes/ep-e1kqq4p

 

Подкаст Antares студиясында жазылды жана Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында жарыяланды.

 

Монтаж жасаган: Санжар Эралиев.

Мукабаны даярдаган: Марлис Эсенакунов.

Сүрөттүн автору: Алена Жук.

 

   

Подкасттын автору жана алып баруучусу: Тынымгүл Эшиева, "Сорос-Кыргызстан" Фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин окутуучусу. Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучусу.

   
Бөлүшүү