Кыргызстандагы журналисттик билим берүү: иш тажрыйбасыз теория

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) журналистика багытындагы адистерди даярдаган ондон ашуун факультеттер жана кафедралар бар. Диплом алып, бирок кесиби боюнча иштебегендер, о.э. башка адистиктен келип кесипкөй журналисттердин катарын толуктагандар да арбын. ЖОЖдор медиарынок талабына ылайык кадрларды даярдап жатабы, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) буга көмөктөшөбү? Материалда көйгөйлөр, чечимдер жана сунуш-пикирлер топтоштурулду.

 

 

Журналистиканы окутуу эмнеден аксайт? Эмне кылуу керек?

 

«Контент Медиа» коомдук уюмунун жетекчиси Жалил Сапаров азыркы кыргыз журналистикасындагы кыйынчылыктар журналисттерди даярдоонун, теориялык билим берүүнүн начардыгынан келип чыкканын, ЖОЖду бүтүп келген айрым журналисттер практикада ийгиликтүү иштей алышпай жатканын белгиледи.

 

Журналистика күн сайын өзгөрүп, өнүгүп, улам жаңы багыттарга, инструменттерге ээ болуп, алдыга кетип жаткан тармак, система.

 

«Эң башкы көйгөй – журналистикага окутуу программаларынын аксагы. Жаш журналисттердин экономика, социология, философия, формалдуу логика, социалдык психология боюнча түшүнүгү жокко эсе. Анан калса, журналистика тууралуу теориялык билим берүү жагынан да программалар бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Анткени, журналистика бир орунда туруп калган нерсе эмес, ал күн сайын өзгөрүп, өнүгүп, улам жаңы багыттарга, инструменттерге ээ болуп, алдыга кетип жаткан тармак, система. Окуу жайларында он жылдап окутулуп жаткан программалар аларды кууп жете албайт, архаикалык баалуулук катары кала берет жана жаштарга заманбап билим бере алышпайт»,- дейт медиа-устат Жалил Сапаров.

 

Диплом алып чыккан журналисттер журналистиканын башкы миссиясы жана функциялары тууралуу жакшы түшүнүккө ээ болбой жатканын белгилеп, Жалил Сапаров бир катар чечимдерди сунуштады:

«Теориялык билим берүү программаларын заманбапташтыруу, келечекке багытталган программаларды түзүү, окутуучуларды даярдоо жана аларды туура тандоо зарыл. Практикада ийгиликке жеткен журналисттерди, журналистиканын теориясы менен алек болгон практиктерди ишке тартуу, чыныгы журналистиканын көп багыттуу дайыма иштеп турган мектептерин, о.э. тармактык журналистиканы, ар кайсы темаларды чагылдырууну үйрөтүүчү мектептерди түзүү. Муну жогорку окуу жайларына гана жүктөп койбой, медиа-уюмдар колго алышы абзел. Ансыз майнап чыкпашы, чыкса да жакын арада боло койбошу анык».

 

«TMG» телекомпаниясынын бир компоненти болгон Таиржан Турсуналиев атындагы медиамектеп аймактагы журналистиканын, студенттердин жана журналисттердин дареметин жакшыртууга багытталган.  Медиамектептин жетекчиси Данияр Садиев ЖОЖдор ЖМКда иштеп жаткан адистерди тартуу менен сапаттуу кадр даярдоого аракеттер болуп жатканын баяндады:

«ЖОЖдор медиарыноктун талабына толук жооп берген кадрларды даярдап жатат дегенден алысыраакмын. Бирок, буга иш берүүчүлөр да кызыкдар болушу керек. Эгер медиарынокко жакшы журналист керек болсо, ошого көмөктөшүү зарыл. Мисалы телекоммуникация маселесин ала турган болсок Билайн, Мегаком ж.б. күчтүү иш берүүчүлөр окуу жайлар менен кадр даярдоодо жакшы иштешет. Студенттердин арасынан идиректүүлөрүн тандап алууга аракет кылышат. Журналистикада ушул жаатта иш солгун. Эки тараптуу иш болушу керек»,- деди Данияр Садиев. Ал журналисттерди кошумча даярдоо зарылдыгын да баса белгиледи:

 

«Медиа өтө тез өзгөрүп жатат. Технологиялардын өзгөрүүсү, ITнин, интернеттин өнүгүшүнүн артынан маалыматты жеткирүү, маалыматка болгон аудиториянын талаптары өзгөрүп жатат. Эл кандай форматты көргүсү келет, ошого жараша кантип маалыматты жеткирүү керек, маалыматты кандай кылып берүү боюнча журналисттерди сөзсүз дагы окутуу керек. ЖОЖдо болбосо, иш берүүчү өзү окутушу керек, болбосо түрдүү долбоорлор аркылуу».

 

Изилдөөлөр. Көйгөйлөр. Чечимдер.

 

2019-жылы «Сорос – Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Кыргызстандагы журналисттик билим берүү: ири реформа зарыл» аталыштагы изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн автору Гүлнура Торалиева окуу жайларда журналистиканы окутуу методологиясынын чабалдыгы, автордук концепциялардын жоктугу, студенттердин базалык билиминин төмөндүгү, окутуучулардын практикалык көндүмдөрүнүн жетишсиздиги, окуу китептеринин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгы, ж.б. көйгөйлөрдү белгилеп, кесипкөй журналисттерди даярдоого катышы бар бардык тараптарга сунуштамалар  көрсөтүлгөн.

 

Ош мамлекеттик университетинде журналистика 2005-жылдан бери өзүнчө адистик катары даярдалып келатат. Ага чейин филология факультетинде «кошумча журналистика» деген бөлүм болгон. Журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова учур талабына жараша жаңы предметтер киргизилип жатканын белгиледи:

 

«Билим берүүнүн стандарты министрлик тарабынан жөнөтүлөт. Ошонун негизинде окуу пландары, окуу программалары түзүлөт. Окуу планын түзүүнүн алдында стейкхолдерлерди, иш берүүчүлөрдү, өзүбүздөн бүтүп иштеп жаткан адистерди чакырып, бизден барган бүтүрүүчү эмне жагынан аксап жатканы талкууланып, ошонун негизинде окуу планына предметтерди киргизүүгө аракет кылабыз. Быйылкы окуу жылында SMM-медиа, санариптик журналистика, медиасабаттуулук сыяктуу жаңы предметтер киргизилген. Заман талап кылып жаткан медианын жаңы тармактары боюнча предметтерди студенттер өздөрү тандашат»,- деди кафедра башчы.

 

   

Анткен менен окуу жайда техникалык базанын начардыгы көйгөй жаратат:

«Техникалар эски. Видеокамералар сабакта сайып койсок иштейт, сыртка чыгып иштеткенге болбой жатат. Азыр телефондо видео тартып жатабыз, монтаждаганга да ыңгайлуу экен. Жаңы радиоаппаратуралар да жок»,- деди Сейил Эргешова.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн окутуучусу Абды Сатаров заман талабына ылайык журналист болуу үчүн сапаттуу билим керектигин белгиледи:

«Болочок журналисттер көп окуп, көптү билген сезимтал, коомдо, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү аңдап-түшүнө билип, бүгүнкү медианы, социалдык каражаттарды колдоно билиши керек. Айрыкча адабий тилди мыкты билип, чет тилдерди да өздөштүрүшү керек. Ошондо мейкини, чабыты кенен болот. Журналистиканын теориясы менен практикасын жакшы өздөштүрүшү зарыл.

Тележурналисттер оператордук, монтаждоо ишин, режиссураны, сценарий жазганды да билиши керек.

Бизде андай сабактар бар. Журналист барганда эле ошол иштерди алып кете тургандай болушу керек».

 

Абды Сатаров окуу жайдын техникалык базасы жыкшы түзүлгөнүн: «Манас» медиасынын тутумунда радио, ТВ жана гезити, техникалык жабдылган студиясы бар экенин, мында мугалимдер да, студенттер да иштеп, теория менен практика эриш-аркак жүрөрүн баяндады.

 

«Азыркы студенттердин көйгөйү - адабий тилдерди өз деңгээлинде билбегендиги. Кыргыз тилинде журналистика боюнча китептер аз. Бул илимий чөйрөнүн даярдыгына жараша болсо керек деп ойлойм. Журналистика боюнча кандидат, докторлор аз. Министрликтин деңгээлинде ушуга көңүл бөлүп, журналистиканын тармактары боюнча окуу китептерин чыгарса студенттерге жакшы болот. Студенттер орус, түрк жана англис тилиндеги окуу китептерден алышат»,- деди Абды Сатаров.

 

Сапаттуу кадр даярдоого окуу жайдагы алака-мамиле да таасир этерин окутуучу-устат кошумчалады:

«Студенттер эркин ойлоосуна, өз позициясын билдирүүгө тарбиялайбыз. Аларды өзүбүздүн коллега катары кабыл алабыз. Ошондо алардын жүрөгү ачык болот. Биздин окуу жайда студенттерден пара албайт, студенттер мугалимдерге белек да бербейт. Студенттерге жатакана, тамак-аш уюштурулган. Бул маанилүү жагдай»,- деди Абды Сатаров.

 

Жаш кадрлар жана ЖМК

 

 

Жаш кадрлар тажрыйба топтогонго чейин сынак мөөнөтүндө сырт кабарчы катары иштешет. Жылдап штатка кире албай, азын-оолак калем акы алып иштеп жүргөндөр да бар. Нуризат Мирланбек кызы журналистика адистигине көбүрөөк кыздар окушарын, өз кесиби боюнча иштебей калганга түрдүү жагдайлар таасир этерин айтты: 

«Тажрыйбамдын көбү маалыматтык порталда SMM-адиси болуп иштедим. Учур талабына, өз жөндөмүмө карап ошенттим.

Биз 14 студент бүтсөк, 4-5өө эле журналист болуп иштеди, көбү турмушка чыгып кетишти, чет жакта жүрүшөт, башка кесиптерде иштеп жатышат.

Журналисттер шайлоодо, майрамдарда, коомдук маанилүү окуяларда дем алышсыз иштешет да. Үй бүлөлүү болгондон кийин татаалыраак болот. Учурда адистиктен четтеп, жеке бизнес баштап жатам. Иш берүүчүгө көзкаранды болбой иш жана дем алыш графигин өзүмө ылайыктай алам. Бирок, көзкарандысыз медиаларда вакансия болсо, аны деле карайм»,- деди Нуризат.

 

 

Окуганча эле редакциялар менен кызматташкан жаш адистер да бар. Дилде Шатанова Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенти. Ал 6-класста окуган кезден тарта медиа боюнча сынактарга, окутууларга катышып, мектепти аяктап журфакка окуу үчүн Нарындын алыскы айылынан борбор калаага келген.

 

«Окуп жатып редакцияда иштөөнү айкалыштыруу кыйыныраак. Айрым мугалимдер «иштесең өзүң үчүн» деп түшүнбөйт. Окуудан жооп сурап жумушка барам. Бирок тажрыйба алайын деп барганымда айрым редакциялар үйрөткөндүн ордуна окууну бүтүп келгендер менен салыштырып, «эч нерсени билбейсиң» деп ыза кылган учурлар болгон. Клоопто көбүрөөк үйрөнүп, долбоорлорго катышып тажрыйба топтоп жатам. Университеттерде окуу системасын реформа кылуу керек деп ойлойм. Мурдатан иштеп жүргөн, практиканы көргөн журналисттер сабак берсе жакшы болмок»,- деди Дилде.

 

 

Дилде кесипкөй журналист болуу үчүн сапаттуу билим алып, өз даремети менен жумушка орношуу зарылдыгын айтты:

 

«Мен үйрөнүү үчүн тажрыйбалуу журналисттерге кайрылам, алар тапшырмаларды берип, менин жазган материалымы редактирлеп, анан баштапкысы менен салыштырып талдоону сунушташат, кеп-кеңеш беришет. Айрым группалаштарым «эжем-байкем бар, палан жерде иштейт, окууму бүтсөм ошол жакка жумушка кирип алам» дешет. Бул туура эмес»,- дейт Дилде. Ал ЖОЖду аяктаганда ири эл аралык медиада иштеп, жакшы тажрыйба топтоо ниетин, кийин-соңгу балким бизнеске же саясатка кетерин кошумчалады.

 

Учур талабы

 

«Кыргызстандагы журналисттик билим берүү: ири реформа зарыл» аталыштагы изилдөөнүн автору, медиа-эксперт Гүлнура Торалиева ЖОЖдор ЖМК менен эриш-аркак болгондо сапаттуу кадрлар чыгарын белгиледи:

 

«Студенттер ЖМКга практикага барганда чыныгы стажировка болушу керек. ЖОЖ менен редакциялар өз ара меморандумдарды түзүп, кызматташуусу зарыл. Кесиптик конференцияларды да уюштуруп туруу керек».

 

Медиа-эксперт университеттер өз медиасын түзүп, студенттер кесипкөй деңгээлде коомчулуктун көйгөйлөрүн чагылдырып туруу зарылдыгын да баяндады.

«Университеттерде жабдылган техникалык базасы, монтаж столу, продакшн студиялары  ж.б. болушу зарыл. Ансыз заманбап көндүмдүрдү үйрөтүү мүмкүн эмес. Азыр айфон же смартфон менен да иштөөгө болот. Мобилдик журналистиканы үйрөтүү заман талабы. О.э. прогрессивдүү окуу жайларда деле студенттердин финалдык иштерине байкоо салганда окуяны баяндоонун креативдүү жолдорун үйрөтүү зарылдыгы байкалат. Өзгөчө каармандарды, окуяны баяндоо, креативдүү, кооз, эмоционалдуу продукт өндүрүү көндүмдөрү аз»,- деди Гүлнура Торалиева.

 

Кыргызстанда эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдар уюштурган тренингдер жана окутуулар, негизинен,  иштеп жаткан журналисттерге багытталып, журфактын студенттери жана мугалимдер сейрек катышат. Катышуучуларды тандоодо көбүнчө  даярдаган материалдары талдангандыктан, үйрөнчүктөр тизмеге илешпей эле калат. Атайы студенттер жана окутуучулар үчүн медиадолбоорлор жокко эсе. Анткен менен бир нече семестрге камтылган теориялык билимди кыска мөөнөттүү тренингдерде практикалап көрүү - чоң олжо десе болот. Мындан улам журфактын окутуучуларынын жана студенттеринин дареметин жогорулата турган атайы мастер-класстар да зарыл.

 

ТЕМА БОЮНЧА: Германиядагы журналисттин кесиби
«Германиядагы дээрлик бардык мектептерде өздөрүнүн мектеп гезиттери бар, ал эми кээ бирлеринин мини-радиостанциялары бар».
«Дортмунд, Мюнхен жана Лейпциг университеттеринде журналистика факультеттерине кирүү үчүн өтө жогорку өтүү упай керек - 1,1ден 1,4кө чейин (Германияда 1 эң жогорку упай)».
«Журналистика окуу жайларында окуу 15 айдан 24 айга чейин созулат жана негизги басым практикалык иш тажрыйба алууга жасалат».
«Берлин журналистика мектеби жыл сайын 16 орунга 1000ге жакын арыздарды кабыл алат».
«Стажерлор штаттагы кызматкер катары эсептелет жана эмгек акы алышат (бирок башка кызматкерлердей көп эмес)».
 
 

Гүлзат Газиева

 
Бөлүшүү