Оң рулдуу автоунаа базарындагы кырдаал үчүн маалыматтар

АКИPress -Tazabek маалыматтык порталдын журналисттери Маден Усманов, Виктор Негода автоунаа базарындагы кырдаалга көз чаптырышты. Анда мыйзамдуу түрдө  тыюу салынганына карабастан, өлкөгө ташылып келип, айдоочулар айдап жүргөн  оң рулдуу унаалардын тегерегиндеги көйгөйлөрдү талдашты.

 

 

 

Tazabek порталынын журналисттери кырдаалды изилдеп алынган маалыматтарды анализдөө менен "оң рулдуу" унаалар тыюу салынгандан кийин деле киргизилип жана бир адамдын атынан экинчи адамдын атына документтери жоболоштурулуп  жаткандыгын далилдеп, өлкөдө оң рулдуу канча  машина бар экендигин тактап чыгышты.

 

 

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого 2015-жылдын орто ченинде тыюу салынган, бирок ага карабастан бул  чечим бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартышты жаратып келет. Мисалга,  үстүбүздөгү жылы эле Жогорку Кеңештин депутаттары чектөөнү алып салуу жөнүндө эки мыйзам долбоорун талкууга коюшту. Унаа активисттери дагы бир нече жолугушууларды өткөрүп, тыюу салууну жокко чыгарууга үндөштү.

 

2015-жылдын февралында мыйзам кабыл алынган, ага ылайык республикага оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө жана аларды каттоого тыюу салынат.

 

Анда бийлик мындай чечимге оң рулдуу машиналар аварияга көбүрөөк учурашканын негиздеп, "транспорт каражатынын эффективдүүлгүн жана коопсуздугун жогорулатуу" үчүн чара көрүлдү  деп түшүндүргөн.

 

Кабыл алынган мыйзамга карабастан, кырсыктардын саны азайган жок, оң рулдуу унааларды ташып келүү да, каттоо да токтогон жок, ал эми өлкөнүн автопаркы "картайды".

 

Расмий органдардан  журналисттер жана активисттер 2014-жылга чейинки оң рулдуу машиналардын катышуусундагы жол кырсыктарынын статистикасын сурап жооп  ала алышкан эмес. Мындан улам “Бул кабыл алынган чечим максатка ылайыктуу болгонбу?”  деген  күмөндүү суроолорду жаралат.

 

 

Tazabek өзүнүн экспериментин жүргүзүп көргөн. Журналисттер Чынгыз Айтматов-Түштүк Магистраль (Масалиев кошумча) көчөлөрүнүн кесилишине чыгышкан.   10 мүнөттүн ичинде Түштүк магистралдан  бир багытты көздөй  186 машина өткөн, алардын ичинен - 32% (60 авто) оң рулдуулар  болгон.

 

Көз карандысыз эксперт Эртай Искаков бул сандарды ынанымдуу деп атады. Ал ошондой эле Кыргызстанда "оң рулдуулардын" үлүшү бардык жеңил автомобилдердин 30% ын түзөт деп эсептейт.

 

 Эксперттин айтымында: "Расмий катталган 200 миң "оң рулдуулардан", тышкары республикада дагы 100 миңге жакын оң рулдуу машиналар эсепке алынбай келет".

 

 

"Кыргызстанда жаңы оң рулдуу унаалар көп, аларды ээлери оңой эле  каттатып, биздин жолдордо тоскоолдуктсуз айдап жүрүшөт. Адамдар мага дайыма сүрөттөрдү жөнөтүп турушат, атүгүл кичинекей база чогулуп калды. Бул унааларды каттоодо ар кандай коррупциялык схемалар бар экенинен кабар берет, анткени тыюу салынган, ал эми машиналар баары бир бир адамдан экинчи адамга документтештирилип жатат", — дейт унаа боюнча эксперт Эртай Искаков.

 

Мындай схемалар көп. Төмөндөгү мисалда, алардын бири: 2019-жылдын октябрь айында оң рулдуу Honda Fit  унаасын сол рулдуу деп каттап коюшкан. carchek.kg расмий базасында ал сол рулдуу болуп жүрөт (биз мындай учурлардын кеминде 10ун таптык. - кошумча).

 

 

Дагы бир кызыктуу жагдай: бир ай мурун Кыргызстанда каптал жана алдыңкы айнектерди караңгылатууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган.

 

Унаа экспертинин айтымында,  министрлер кабинетинин бул токтому жолдордогу "оң рулдуу унааларга"  караганда бир кыйла коркунучтуу. Көбүнчө, унаанын терезелерин караңгылатуу караңгы мезгилде жана аба ырайы начар болгондо, кырсыктардын себеби болот. Анткени жол жакшы көрүнбөй калат.

 

Авторлор төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышкан:

Эгерде бүгүнкү күндө оң рулдуу унааларды расмий каттоого уруксат берилбесе, эксперттин пикири боюнча, бир нече жылдан кийин Кыргызстанда чет элдик номерлери бар "оң рулдуулардын"  саны 10 эсеге өсөт. Кийин, аларды мыйзамдаштыруу татаал болуп калат.

 

7 жыл мурун кабыл алынган тыюу салуу чечими  "Оң рулдууларды" алып келүү жана каттоо боюнча "күмөндүү схемалардын" жаралуусуна түрткү болгон. Адамдар аларды сатып алууну токтотушкан жок, натыйжада "Унаа" мекемесинин расмий статистикасында  100 миңге жакын  оң рулдуу машиналар эсепке алынбай жүрөт. Ага ылайык, чет өлкөлүк номерлер менен жүргөн унаалардын бир бөлүгү бюджетке салык алып келбей жатат. Маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, тыюу салынгандан кийин, "оң рулдууларга"  суроо-талапта өскөн, алардын саны да өскөн, каттоо да  токтоткон эмес. Жогоруда айтылгандардын фонунда "тыюу салуу керекпи?" деген логикалык суроо пайда болот.

 

Кененирээк бул жерден орус тилинде окуңуз: www.tazabek.kg

 

   
Бөлүшүү