Data-4.0. Интерньюстун дата-журналистика боюнча стипендиялык программасына болгон сурам өсүүдө

9 февраля 21
 

2021-жылы Интерньюска дата-журналистика боюнча стипендиялык программага катышуу үчүн 64 арыз келип түшүп, алардын ичинен 18 арыз тренингге тандалды, бул Кыргызстанда маалыматтар менен иш алып барууга кызыгуунун күчөшүнөн кабар берип келет. 

 

 

2018-жылдан тартып Интерньюс шериктери менен биргеликте дата-журналистика боюнча үч окуу өткөргөн. Алгачкы эки окууга ар кыл басылмалар журналисттери тандалып алынган, ал эми 2020-жылы менторлордун жетекчилиги астында «Клооп», «Кактус» жана «24.kg» басылмаларында дата-бөлүмдөр түзүлгөн.

 

КРдагы Интерньюстун маалыматтар журналистикасы боюнча стипендиялык программанын жетекчилеринин бири Анастасия Валеева белгилегендей:

 

- Эң негизгиси бул дата-коомчулугубуздун үч жыл ичинде жасаган ийгилиги: баштап, түптөгөн биринчи окуялардан тартып, дата-бөлүмдөргө чейинки аракети. Бардык аракеттерибиз туруктуу дата-коомчулукту түзүүгө багытталган эле.

 

 

Стипендиялык программанын бүтүрүүчүлөрү акыркы жылдар ичинде маалыматтар журналистикасы боюнча мыкты жарыялардын тизмесине кирген ийгиликтүү дата-окуяларды түзүүгө жетишти. Алар дээрлик бүтүн Борбордук Азияга тренер болуп иш алып барышууда.

 

- Командада жана өз алдынча да иштегенди билиш керек. Бул программага өткөн адамдардын региондо маалыматтар тармагында пионер болуп калуу мүмкүнчүлүктөрү бар, себеби мындай адамдар аз, алар жетишпей келет. Дата-журналистиканы андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жаңы адамдар келет деп ойлойм, - деп сөзүн жыйынтыктады Анастасия Валеева.

 

 

Январдын аягында болуп өткөн тренингге 18 катышуучу чакырылып, алар «Экономист», «ПолитКлиника», «Кыргызмедиа» басылмаларынын кызматкерлери, ошондой эле «Клооп» жана «Азаттык» журналисттеринен түзүлгөн курама команда эле. Бул тренингге журналисттерден тышкары студенттер, жарандык активисттер жана изилдөөчүлөр тандалып алынган.

 

 

Тренинг өткөн беш күндүн ичинде катышуучулар маалыматты талдоо, иштетүү жана визуалдаштыруу боюнча негизги жөндөмдөргө жана билимге ээ болушту.  Темалары чакырылган тренер Андрей Дорожный жана мекендик менторлор Айзада Тома жана Чолпон Узакбаева тарабынан ачып берилди.

 

 

Москвадан чакырылган тренер Андрей Дорожный Кыргызстандагы дата-журналистика абдан жакшы өнүккөн деп эсептейт, себеби өлкөдө бир нече жыл бою Маалыматтар мектеби иштеп, дата-журналисттердин өзүнчө пулу калыптанып, жаңыдан баштап жаткандарга алардын темаларын ачып берүүгө жардамдашкан жергиликтүү менторлор тажрыйбасы өстү.

 

 

- Тренинг мыкты өттү, себеби быйыл мындан да көп катышуучулар келип, журналисттерди гана эмес, БӨУ-секторунун өкүлдөрүн тандашты, бул маалыматтар идеяларын, алардын талдоосун жана визуалдашуусунун медиа чөйрөсүндө гана эмес, активисттер чөйрөсүндө да жайылтууга жардам берет, - деп билдирди Андрей Дорожный.

 

 

Анын айтымында, журналисттер менен активисттердин кызматташуусу кызыктуу дата-долбоорлорду түзүүгө жана коомго маанилүү келген темаларды ачып берүүгө жол бермекчи. Мындан тышкары бул жылы аймактык темаларга басым жасалууда. Бул абдан маанилүү, анткени айылдарда айтыла элек көп окуялар бар.

 

 

Чолпон Узакбаева («Маалымат мектеби – Кыргызстан») ментордук колдоонун жүрүшүндө алар жаңы ыкмаларга үйрөтүп, негизги жөндөмдөр үстүндө иштешет. Гипотезаны иштеп чыгууда жана маалыматты иштетүүдө стипендиаттар жаңы маселелерге туш болмокчу, ал эми менторлордун милдети улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берүү.

 

 

- Быйыл биз күчтүү катышуучуларды тандап алдык, көңүл чордонубузда журналисттер гана эмес, кызыктуу идеялары менен келген блогерлер жана жарандык активисттер да болду, ал идеяларын алар программага катышуу маалында иштеп чыгышмакчы, - деп билдирди ал.  

 

 

Дата-журналистика боюнча тренер жана ментор Айзада Токтогулова дата-сабаттуулукка активисттерди тартуу аракети абдан маанилүү деп белгилейт, себеби алардын жардамында социалдык маанилүү темаларды көтөрүп, адвокациялык иш-чараларды, маалыматтык кампанияларды жүргүзүүгө болмокчу.

 

- Кара түтүн, саламаттык, коррупция сыяктуу темалардын жарымы буга чейин козголгон, ошол эле учурда биз буга чейин ойлобогон жеке темалар сыяктуу – бир катар сунуштар да түштү. Биз жаңы адамдарды тартып жатканыбыздын кызыгы мына ушунда, - деп белгиледи ал.

  

 

         

Айгерим Казыбаева, «Баштан Башта» КБ:

- Мен дата-журналистика боюнча программага катышып жатканымдын себеби, активисттер менен өлкөбүзгө өзгөрүүлөрдү киргизгиси келген адамдар үчүн маалымат менен иштеген маанилүү келет, маалымат менен иштей билүү, баарын жеткиликтүү, түшүнүктүү түрдө бере билүүсү керек, себеби адамдар көбүнчөсү көлөмдүү материалды окушпайт.

Биздин милдетибиз, мисалга, мамлекеттин ишин көзөмөлдөө, ал эмнени жасап, эмнени жасабай жатканын. Мунун баарын окурманга анын кабыл алуусуна оңой түрдө жеткирүү маанилүү келет. Андыктан мен ал жөндөмдөргө үйрөнүп, аларды кийин менин активисттик ишим мындан да мыкты жана натыйжалуу болушу үчүн жакшырткым келет.

 

   

 

Жамиля Жакыпбекова, Economist.kg:

- Тренинг маалында биз көптөгөн техникалык билимге ээ болдук, маалыматты кандайча туура берүү керектигин түшүндүк. Биз бул маалыматтарды адамдарга жеткиликтүү түрдө берүү үчүн иштеткенди билишибиз керек.  

 

Тезинен ишке ашыргыбыз, визуалдаштыргыбыз келип жаткан көп темалар пайда болду, алдыда көп иш бар, жаңы ыкмаларга кубанычта болобуз, себеби окурмандар керектөөлөрү өзгөрүп, журналисттер ал тендецияларды карманып, бүгүн окурмандар маалыматты кандай түрдө жеңилирээк кабыл аларын түшүнүшү абзел.

 

Тренингдин акыркы күнү комиссиянын катышуусу менен питчинг өткөрүлдү, анда ар бир команда үчтөн тема жактаган.

 

 

Тандоо комиссиясы катышуучулар мүмкүнчүлүктөрүнө, алардын шыгына жана питчингде жактаган темаларына баа берип кийинки командаларды тандап алды:

 

  1. «ПолитКлиника» басылмасы. Катышуучулар курамы: Алтынай Нурланова, Чолпонбек Сабырбеков, Эркеайым Темирболотова.

 

  1. «Кыргызмедиа» басылмасы (жамааттык ММКлар). Катышуучулар курамы: Зыйнат Самар кызы, Касиет Кубанычбек кызы. Бул басылмага биз 2019-жылдагы программанын бүтүрүүчүсү Назигуль Жусупованы кошобуз.

 

  1. «Клооп – Ош ш. кыргыз басылмасы» жана «Азаттык» журналисттеринин командасы. Катышуучулар курамы: Эльвира Султанмурат кызы («Клооп»), Дастан Үмөтбай уулу («Азаттык»), Айбийке Адилет кызы («Клооп»).

 

  1. Айсымбат Токоева («Медиазона»), Айгерим Казыбаева, «Баштан Башта» КБдан турган курама командасы.

 

  1. Евгения Михайлиди, 2020-жылдагы программа бүтүрүүчүсү, өз алдынча фрилансер катары иш алып барат.

   

 
Бөлүшүү