Дата-макала. Кыргызстанда ашыкча жүктөм менен окуткан мектептер жүздөп саналат

 

Кыргызстанда ушундай ашыкча жүктөм менен окуткан мектептер жүздөп саналат — жыл сайын окуучулардын саны көбөйүп жатканы менен мектептердеги орундар дээрлик өзгөрбөй жатат.

Бийлик жаңы мектептерди куруп жатат, бирок азырынча алардын саны өтө эле аз болгондуктан маселе чечүү мүмкүн эмес.

Журналисттер Кыргызстандагы мектептер ашыкча 360 миң баланы батырып окутуп жатышканын аныкташты. Орто эсеп менен мектептерде балдардын саны 1,5 эсеге көп болуп чыкты. Аталган маселени чечүү үчүн 1000 орунга ылайыкташкан 360 мектеп куруш керек болот.

   

Журналисттер  өлкөдөгү мектептердин долбоордук сыйымдуулугу менен иш жүзүндө окуп жаткан балдардын саны тууралуу маалыматты чогулттук. Алардын ортосундагы айырмачылыкты эсептеп, аны пайызга которушту. Жалпысынан 2155 мектепти анализдешти.

 

Кыргызстандын аймактары боюнча маалыматтар 2019-жылга таандык, ал эми Бишкек менен Ош шаарларындагы маалыматтар 2021-жылга караштуу. Айрым мектептер тууралуу маалыматтар толук болбогондуктан алар журналисттердин эсептөөлөрүбүзгө кирбей калды.

   

Толукча:

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!

   

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу

Дата-редактору: Андрей Дорожный

Редакторлор: Айдай Иргебаева, Анна Капушенко, Дмитрий Мотинов

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Бөлүшүү