Дата-статья. Чегарадагы чырдан кийинки инфографика жана чыгымдардын көлөмү

Дата журналистиканын стипендиаттары Айбике Адилет кызы, Эльвира Султанмурат кызы, Дастан Үмөтбай уулу 2021-жылдын жазында болуп өткөн  кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан келтирилген зыяндын көлөмүн көрсөтүү үчүн кыргыз бийлигинин расмий маалыматтарын жана ыктыярчылардын маалыматтарын талдап чыгышты.

 

Апрель айынын аягындагы куралдуу жаңжалдан Кыргызстан эң көп жапа чекти. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча 172 адам жаракат алып, 36 адам көз жумган. Чек арадагы айылдардын 40 миңден ашуун тургундары эвакуацияланган. Мындан тышкары, 140 үй өрттөнүп кеткен.

Басылмада Баткендин тургундары Тажикстандын аскердик агрессиясынан кандайча жапа чеккени көрсөтүлгөн.

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары

 

Президент Садыр Жапаров үйлөр эки айдын ичинде курулуп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар бирине миллион сомдон берилет деп убада берди.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Джунушалиевдин маалыматы боюнча, 6-июлга карата курман болгондордун 27 үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү.

2021-жылдын 7-июлуна карата бир дагы үй курула элек.

      Толук макаланы шилтемеден караңыз:    

ky.kloop.asia

 

Үйлөрү жана үй-бүлөлөрү жабыркаган адамдардын бардыгын көрүүгө болот.

Ушул кезге чейин 700дөн ашуун кыргызстандыктар чатырларда же туугандарынын үйүндө жашашат. Үйлөрүнөн тышкары, бардык мүлктөрү талкаланып, малдары жоголгон.

   

Авторлору: Айбике Адилет кызы, Элвира Султанмурат кызы, Дастан Умотбай уулу.

Дата-редактор: Андрей Дорожный

Редактор: Анна Капушенко

 

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

 

 

Бөлүшүү