Интерньюс 2022-жылга дата-окуяларды түзүүнү колдоо Фондун ачат

Интерньюста 2018-жылдан бери Кыргызстандагы дата-журналистика программасы ишке ашырылып келатат. Бул жылы биз дата-редакцияларды салттуу колдоодон тышкары ачык маалыматтардын негизинде мыкты долбоорлорду, макалаларды, изилдөөлөрдү түзүүгө  көмөк көрсөткүбүз келет. Бул багыт боюнча биринчи кезекте маалыматтар менен иштөөнү жакшы өздөштүргөн Интерньюстун дата-журналистика боюнча стипендиалык программасынын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү кызыкдар болушат деп үмүттөнөбүз.

 

Дата-публикациялар фонду Кыргызстандагы Интерньюстун дата-журналистиканы өнүктүрүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат жана Улуу Британиянын Өкмөтү ACTED менен биргеликте каржылаган «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» (EGED) программасынын «Жарандык коом айкындуулук жана ачык отчеттулук үчүн» долбоорунун алкагында чакан гранттарды берет. Долбоор Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш фактыларына негизделген, инклюзивдикти камсыз кылуу максатында жарандык коомду жандандырууга багытталган.

 

Фонддун максаты - өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн изилдөөгө, талдоого жана чагылдырууга багытталган темаларды маалыматтардын жана дата-публикациялардын негизинде ири жана терең долбоорлорду түзүүгө колдоо көрсөтүү.

 

Дата-окуяларды чыгаруу фонду дайыма иштейт. Бул деген, өтүнмөлөр  дайым кабыл алынарын билдирет – дедлайн жок!

 

Дата-публикациялар үчүн артыкчылыктуу темалар:

- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү;

- Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү;

- жумуш менен камсыздалуу;

- миграция жана башка ушул сыяктуу темалар.

 

Сынактык өтүнмөлөр тандоо комиссиясы тарабынан төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • теманын актуалдуулугу;
  • дата-журналистикадагы иш тажрыйбасы (иштердин портфолиосу, насаатчылардын/кесиптештердин/редакторлордун сунуш каттары);
  • маалыматтарды иштеп чыгуу/талдоо/визуалдаштыруу куралдарын колдоно билүүсү;
  • долбоордун реалдуу мөөнөттөрү жана бюджеттин негиздүүлүгү.

 

Кимдер катыша алат?

Өтүнмөлөр 2022-жыл ичинде Интерньюстун дата-журналистика программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн, командалардан жана   тажрыйбалуу дата-журналисттерден кабыл алынат.

Командалардын түзүмүнө Кыргызстанда дата-журналистика менен алектенген  релеванттуу дата-талдоочулар, контент-мейкерлер, фрилансерлер, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер, дизайнерлер жана башка кызыкдар адистер кирсе болот.

 

Гранттын өлчөмү

Дата-публикацияларды түзүүгө байланыштуу зарыл болгон чыгымдарды жабуу үчүн гранттар 500$дан 3000$га  чейинки суммада берилет (гонорарлар,  IT-жумуштары, эмгек акы, жол кире, документтерди чогултуу, жабдууларды ижарага алуу ж.б.).

 

Сынакка арыздар кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат.

Даяр дата-материалдар онлайн-платформаларда, социалдык тармактарда, электрондук платформаларда жана ЖМКда жарыялоо үчүн түрдүү форматтарда болушу мүмкүн.

 

 

Өтүнмөнү онлайн-форма аркылуу БУЛ ЖЕРДЕН жөнөтсо болот.

Бюджеттик формасын жүктөөлүү бул жерден.

 

Бардык суроолор боюнча Кыргызстандагы Интерньюстун программалык менеджери Асель Омуралиевага төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз: [email protected]
Бөлүшүү