Интерньюс уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү дата-журналистиканын негиздерин окутуу программасын улантууда

 

Жаңыдан баштаган журналисттер үчүн беш күндүк тренинг 23-январдан 27-январга чейин Бишкекте өтөт. 

 

Бул жолку дата журналистика боюнча программасынын өзгөчөлүгү алгачкы жолу 2018-жылдагы дата-журналистикасынын биринчи топтомунун бүтүрүүчүсү- Савия Хасанованын тренер катары катышат.

Ал учурда белгилүү дата журналист, kloop.kg менен биргеликте даярдаган дата материалдары үчүн бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Хасанова жаңыдан баштаган катышуучуларга  дата-материалдар боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

  

Онлайн тренингге маалыматтарды визуализациялоо, инфографика жана дата-журналистика боюнча белгилүү адис Александр Богачев кошулат. Ал "Баарын ынандырган графикалар" аталышындагы китептин автору,  мурда РБКнын дата-атайын долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 

 

Ошондой эле тренер катары төртүнчү жолу дата-журналисттерди даярдоо боюнча программалардын катышуучусу Айзада Тома да чакырылды. 

 

Быйылкы сезондо тренингге  T-media, «Медиа Хаб», «Говори ТВ», АКИпресстин "Тазабек" жана "Турмуш"  бөлүмдөрү, Peshcom медиактивисттик демилгеси жана жарандык экоактивист Бермет Бөрүбаева да катыша турган болушту. 

 

 Эльвира Султанмурат кызы мурда kloop.kg  редакциясынын кызматкери катары тренингдерден өткөн болсо,  азыр ал башка басылма менен кызматташып жатканын жана журналисттик иликтөөлөрдү жасоо үчүн дата журналистика боюнча билимин дагы тереңдетүү маанилүү экенин билдирген.

 

 

             

Кайыргүл Урумканова, "Говори ТВ" телеканалынын башчысы:  

 «Биз редакцияны күчтөндүрүүнү, көбүрөөк иликтөөлөрдү жасоону, көбүрөөк маалымат алууну, ишибизди тереңдетүүнү жана жакшыртууну, сапаттуу журналистиканы өнүктүрүүнү чечтик. Биз аудиториябыздын терең анализ жасап, сынчыл ой жүгүртүүсүн каалайт элек». 

 

 

 

         

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү темалар боюнча билим алышат: 

 

Дата-журналистика деген эмне жана аларды Кыргызстанда кайдан алса болот, интернеттен маалыматтарды табуунун жөнөкөй ыкмалары, аларга анализ жасоонун жолдору, дата-публикацияны даярдоонун этаптары, визуализациянын негиздери. 

 

Стипендиаттар иш жүзүндө керектүү маалыматтарды издөөнү, таблицалар менен иштөөнү, эң көп окулуучу форматты аныктоону үйрөнүшөт. 

 

 

     
Бөлүшүү