«ПолитКлиниканын» дата-стипендиаттары Кыргызстандын калкынын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү жөнүндө макала даярдашты

 

Маалыматтарды анализдөө өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгүнүн дары-дармек каражаттарына түздөн-түз жетүү мүмкүндүгү жоктугун көрсөттү.

 

Макала республиканын ар кайсы региондорунда, анын ичинде алыскы аймактарында дарыкананын бардыгын көрүүгө мүмкүн болгон диаграммалар жана интерактивдүү карталар менен даярдалган.

   

   

Жарандардын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүнө карата көйгөйлөрүн чечүү боюнча өкмөттүк чаралар жана программалар иштебейт. Кыргызстанда мамлекеттик дарыканалар жок, андыктан жеке фармкомпанияларга үмүт артуу гана калат.

 

Дарыканалардын жоктугу адамдарды лицензиясы жок сатуучулардан сапатсыз дары-дармектерди сатып алууга түртөт.

 

Макаладан кененирээк окуңуз:

​Дарыларды дүкөндөн сатып алабыз»: калктын үчтөн бир бөлүгүнүн айылдарында дарыканалар жок.

 

 

Авторлор 2021-жылдын баш ченине карата дарыканалар жана калктуу конуштар тууралуу маалыматтарды анализдөөгө алышкан. Алар маалыматтарды дарыканалардын даректери жана айылдардагы калктын саны боюнча бириктиришти. Дарыканалар боюнча маалыматтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сайтынан алынды.

 

 “Дарыкана” категориясына ошондой эле фармацевтикалык ишмердүүлүккө уруксат берген лицензиясы бар пункттар жана күркөлөр да киришет.

Үстүбүздөгү жылдын баш ченине карата калктуу конуштар боюнча калктын саны – Улуттук статистика комитети.

 

Авторлор: «ПолитКлиника».

 

Дата-редактор: Айзада Тома.

Сүрөттөр: Алина Печенкина.

 

Материалдар Дүйнөлүк банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору – Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

   
Бөлүшүү