Интерньюс 2023-жылга карата дата-журналистикасы боюнча программага кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт
Интерньюс беш жылдан бери Кыргыз Республикасындагы USAID уюмунун колдоосу менен "Медиа-К" долбоорунун алкагында өлкөдө дата-журналистикасын өнүктүрүп келет.
Бул аралыкта биздин дата-стипендиаттардын ондогон эмгектери эл аралык медиа чөйрөдө таанылды. Республикада күчтүү жана активдүү дата-коомчулук түзүлдү, ал эми айрым бүтүрүүчүлөр тренер болууга жетишишсе, айрым журналисттердин материалдары маалымат журналистикасы боюнча дүйнөдөгү башкы сыйлыктардын бири болгон Sigma Awards сынагынын жеңүүчүлөрү болушту.
Дата маалыматтарга негизделген окуялар коом үчүн маанилүү болгон темаларды сапаты жагынан жаңы деңгээлге көтөрүүгө жөндөмдүү. Маалымат журналистикасы өкмөттүн ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна, жарандардын маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өбөлгө түзөт.
2022-жылы Интерньюстун маалымат журналистикасы боюнча программасына катышкан журналисттер мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгынын, азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы, энергетика секторундагы кризис, жана сөз эркиндиги жөнүндө материалдарды жасашып, ошондой эле дата-журналисттердин маалыматтарында өкмөт ВИЧ/СПИД менен кантип күрөшкөндүгү бала тарбиялоодогу көйгөйлөр тууралуу кеңири маалымат берилген.
Бул жылы Программанын катышуучуларынын дата-материалдарында мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана гендердик маселелерди чагылдыруу тематикалык темалары артыкчылыкка ээ болду.
Жыл сайын дата-окуяларды түзүүнү каалаган жаңы редакциялардын жана журналисттердин саны көбөйүүдө. Маалыматтары менен иштөө аудиторияга окуяларды объективдүү чагылдырууга, прогноз жасоого, уникалдуу маалыматтарга негизделген окуяларды даярдоого жана кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.
Буга байланыштуу Кыргызстандагы Интерньюс программага катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти.
2023 - жылы биз жаңы дата-бөлүмдөрүн гана эмес, программанын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле тажрыйбалуу дата-журналисттерди жана туруктуу дата-редакцияларын колдойбуз.
Программага төмөндөгүлөр катыша алышат:
- Жаңы түзүлгөн дата-бөлүмдөр, редакцияда дата-бөлүмүн түзүүнү каалаган медиа уюмдар, ошондой эле дата-журналисттеринин командалары.
- Дасыккан, тажрыйбалуу дата-журналисттердин туруктуу командасы бар дата-бөлүмдөр жана медиа уюмдар. Жекече жана/же команданын курамында иштеген тажрыйбалуу дата-журналисттер.
Кыргыз тилдүү редакциялардан жана аймакттык редакциялардан арыздар артыкчылыкта ээ болот.
Программага катышуу эмне берет?
- Жаңы түзүлгөн дата-журналисттеринин бөлүмдөрү жана командалары насаатчылык жана каржылык колдоо алдында дата маалыматтарынын негизинде материал даярдоонун толук циклин өздөштүрүшөт. Алар:
- дата материалынын темасын кантип ойлоп табууну;
- маалыматтарды кайдан/кантип чогултууну;
- маалыматтар түшүнүктүү болуш үчүн туура визуалдаштырууну ;
- дата-окуяларды ар кандай форматта чогултууну үйрөнүшөт.
Жаңы баштаган дата-бөлүмдөр жана дата-журналисттердин командалары 2023-жылдын январь жана июнь айларында эки беш күндүк интенсивдүү тренингден өтүшөт.
Алар: маалымат журналистикасындагы негизги билимдер жана көндүмдөр боюнча жана ошондой эле маалымат журналистикасы жөнүндө тереңдетилген тренинг өтөт.
- Тажрыйбалуу дата-бөлүмдөр жана дата-журналисттер жана/же алардын командалары дата-материалдарды даярдоо үчүн Интерньюс тарабынан атайын уюштурулган финансылык жана редакциялык жардамдарды алышат. Бул топко Интерньюстун 2018-2022-жылдарга карата "Маалымат журналистикасы" программасынын бүтүрүүчүлөрү кирет.
Программанын алкагында эмне кылуу керек?
Маалымат журналистикасы боюнча программанын катышуучулары тандалган редакциялардын командасында иштешет. Ар бир команда ачык маалыматтардын негизинде материал даярдап /жарыялоого милдеттенет. Программанын катышуучулары социалдык маанилүү көйгөйлөрдү ачып берген, экономикалык өнүгүү, башкаруунун ачыктыгы жана натыйжалуулугу жөнүндө, ошондой эле коомдук талкууну баштоого жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө мүмкүндүк берген башка актуалдуу маселелерди жана системалык чакырыктарды козгогон темалар боюнча иштөөгө даяр болушу керек.
Кантип катышса болот?
Өтүнмөнүн формасы бул жерде.
Өтүнмө 2022-жылдын 9-декабры саат 18.00гө чейин кабыл алынат.
Бардык суроолор боюнча Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун мониторинг жана баалоо боюнча кызматкери Бекзат Жеенбековго кайрылыңыздар: [email protected]
Кыргыз Республикасындагы USAID уюмунун колдоосу менен Интерньюстун "Медиа-К" долбоорунун алкагында маалымат журналистикасын өнүктүрүүдө.