«Клооптун» дата-анализи: Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот

 

 

«Клооп» акыркы беш жылдагы маалыматтарды талдап, Кыргызстанда журналисттерге кол салуу жана кысым үчүн дээрлик эч ким жазага тартылбасын аныктады.

Беш жарым жыл ичинде — 2015-жылдын январынан тартып 2021-жылдын июлуна чейин прокуратуранын маалыматы боюнча, журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттердин 42 учуру катталган. Бүгүнкү күнү алардын бешөө гана сотко жетип, 28и тергөө кылмыштын курамын таппагандыктан кыскартылган.

   

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик барыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

 

Автору: Саадат Төлөгөнова

Редактору: Екатерина Резникова

 

Толукча:

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи

     
Бөлүшүү