«ПолитКлиника» Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча маалыматтарды чогулткан

«ПолитКлиниканын» журналисттери ар кандай булактардан алынган маалыматтарды талдап, акыркы жылдары  массалык маалымат каражаттарына жана  сөз эркиндикке кысым күчөп, журналисттерге каршы кылмыш иштери күчөгөнүн көрүштү.

 

“ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери өлкөдө сөз эркиндиги боюнча чыныгы абал кандай экенин сандар менен айтып берүүнү чечти. 

Кыргызстан басма сөз эркиндиги индексинин дүйнөлүк рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч: Казакстан 155-орунда, Өзбекстан 157-сапта Тажикстан 162-орунда, ал эми Түркмөнстан 178-катарда турат. Ошондой болсо дагы али сүйүнгөнгө эрте. Себеби,  өлкөдө сөз эркиндиги боюнча кырдаал туруктуу эмес. 

 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2010-жылдан 2022-жылга чейин журналисттерге жана ЖМКга карата он үч кылмыш иши козголгон. Алардын жарымынан көбү акыркы эки жылда ачылган.

 

“Медиа полиси институту” фондунун маалыматына ылайык, 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин маалымат каражаттарында сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, анын ичинде журналисттерге кол салуу, ЖМКны коркутуу жана сөз эркиндигин жарга такаган мыйзам долбоорлору тууралуу жаңылыктардын саны кескин өскөн.

  Толукча ; Дата-анализ: бийлик алмашкандан кийин сөз эркиндигине кысым көрсөтүү күч алды

 

Бөлүшүү