Media-К долбоорунун экинчи баскычы баш алды

4 ноября 20
 

Интерньюстун Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды колдоо боюнча ири индустриалдык Media-К долбоору эки жылга узартылды.

Долбоордун үч жылга созулган биринчи баскычы Интерньюс командасы тарабынан 2017-жылдын октябрь айынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосунда FHI360 кызматташтыгы менен ийгиликтүү ишке ашырылды.

2020-жылдын июль айында долбоор 2021-жылдын 30-сентябрына чейин эки жылга узартылган.

 

Медиа-К долбоорунун алкагында сынактын негизинде тандалган негизги шериктерге:

онлайн редакцияларга, телекөрсөтүү жана радио компанияларына институттук колдоо көрсөтүүсү жыйынтыкталды.

 

Жаңыланган Медиа-К долбоору кийинки максаттарды көздөп келет:

- маалыматтарга негизделген жагымдуу сапаттуу контентти түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу

- көз карандысыз ММКлардын туруктуулугун жана уюмдук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө

- медиасекторго колдоо көрсөтүү жаатындагы аракеттердин ири координациясы

- жаштардын активдүү жана жоопкерчиликтүү контент керектөөчүлөрү жана өндүрүүчүлөрү болуусуна дем берүү

 

Долбоор ишмердүүлүгүнүн 2020-2021-жылдардагы багыттары:

 

Сапаттуу контентти өндүрүүгө гранттар

 

Интерньюс гранттык сынак алкагында жергиликтүү сапаттуу контент өндүрүүнү колдоо аракетин улантмакчы. 2021-жылы биз эки же үч ири грант сунуштап, өндүрүш процессине андан да кызуу киришебиз. Media-K кеңешчилери тандалган контент өндүрүүчүлөрүнүн узак мөөнөттүү устаттары болуп калышмакчы.

Медиа сын

Media-K медиа сынчыларды жана медиакоомчулуктун журналисттик стандарттар менен жергиликтүү ММКлар сапатын талкууга алуусун колдомокчу. ММКлардын медиа сындары internews.kg жана ошондой эле newreporter.org (Борбор Азиядагы медиакоомчулук үчүн Интерньюстун башкы ресурсу) жана шерик басылмалардын сайтарында жарыяланып турмакчы.

Шайлоого байланышкан сапаттуу контентти колдоо

Media-К 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында #ДобушКүчү хештеги менен сапаттуу контентти өндүрүү аракетин колдоого алган.

Негизги басым продакшн-студиялар менен кызматташууга жана медиасабатуулук, укуктук агартуу, саясий партиялар жана талапкерлер, ошондой эле добуш берүү жана жарандык укук, жаштарды жана аялдарды тартуу менен байланышкан медиаресурстар маселелери боюнча агартуу темалары боюнча билим берүүчү жана агартуучу роликтерди өндүрүүгө жасалган.

Кыска мөөнөтүү тренингдер жана семинарлар

Media-K жетишерлик жогорку деңгээлдеги жөндөмдөргө ээ, бирок профилдүү темалар боюнча квалификациясын такай жогорулатууга муктаж медиа кесипкөйлөрүнө арналган атайы кыска мөөнөттүү бир катар семинарларын жана тренингдерин өткөрүүсүн улантмакчы.

Маркетинг жана менеджмент боюнча тренингдер маркетинг жана жергиликтүү ММКлардагы жарнак боюнча топ-менеджерлер менен менеджерлерди чогулткан Business Week Media-K аттуу тренинг иш-чараларынын жумасынын алкагында уланмакчы.

Шайлоону чагылдыруу боюнча тренингдер жана семинарлар

Шайлоо темасы 2021-жылдын аягына чейин актуалдуу болмокчу. Өлкөдөгү өтө тездик менен өзгөрүп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу, Кыргызстанда президентти жана парламентти кайра шайлоо, ошондой эле муниципалдык  шайлоону өткөрүү күтүлүүдө.

2020-жылдын жай жана күз мезгилдеринде 4-октябрга белгиленген 2020-жылдын парламенттик шайлоосу алдында Media-K журналисттер жана редакторлор үчүн шайлоону чагылдыруудагы укуктар маселеси боюнча бир катар вебинарларды өткөрдү.

 

Дата-журналистиканы колдоо

Media-K жогорку квалификациялуу эл аралык жана жергиликтүү менторлор колдоосунда дата-журналисттерди даярдоо жана басылмалардагы дата-бөлүмдөрдү өнүктүрүү багытындагы ишин уламакчы. Басылмалардан, журналисттерден жана Маалымат журналистикасы программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн келген арыздарды кабыл алуусун Интерньюс 2020-жылдын ноябрында баштайт.

 

COVID-19 кризисинен кийин көз карандысыз ММКларды ыкчам колдоо

2020-жылдын март айынан тартып Кыргызстан рыногу COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам 80-85%га кыскарды. Апрель айында көптөгөн басылмалар айлыктарын кыскартып, кызматкерлерин жумуштан бошотуп же акы төлөнбөөчү өргүүгө жиберүүгө мажбур болгон. Көптөгөн онлайн-басылмалар жабылуу чегинде калган.

Бул себептерден улам Media-K долбоору көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын кеңири тобуна COVID-19 пандемиясы маалында жана андан кийинки ишин улантуусу үчүн ыкчам каржылык колдоо көрсөттү.

Көз карандысыз ММКлардын санариптик коопсуздугу

Media-K басылмалардагы санариптик коопсуздук жана бизнес-процесстер маданиятын өзгөртүү максатында басылмалар менен коучинг жана жекече иш алып баруусу аркылуу санариптик жана физикалык (кырдаалдык) коопсуздукту камсыздайт, алар кибер коопсуздук маселелеринде туруктуу жыйынтыктарга жетүүгө жол бермекчи. Жекече иш алып баруу катышуучулардын коркунучтарды, тобокелдиктерди алдын алуу үчүн практикалык протоколдорду, ошондой эле өздөрүн жана аларды курчап тургандарды коргоо жөндөмдөрүн түшүнүүсүн камсыздамакчы. Санариптик кол салууларга туруктуулукту жогорулатуу максатында онлайн-басылмалардын жана алардын социалдык тармактардагы платформаларынын аудити жүргүзүлөт.

 

Укуктук колдоо көрсөтүү жана ММКлар көз карандысыздыгын коргоо боюнча аракеттерди координациялоо

Бул ишмердүүлүк максаттуу гранттардын, анын ичинде Медиа Полиси институтуна (MPI) да, берилишин болжойт.

Колдоо алкагында артыкчылык ММКлардын өнүгүшү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн кыйла маанилүү келген ММКлардын көз карандысыздыгын, кесиптик жарнак рыногун жана күчөтүлгөн телекоммуникациялык саясатты колдогон демилгелерге берилет.

Медиа Топтоо индустриалдык форуму

 

Media-K 2021-жылдын апрель айында төртүнчү Media Toptoo индустриалдык форумун өткөрүп, аталган форумга көз карандысыз медианын, коомдук телеканалдардын, онлайн-платформалардын 300 кесипкөй адиси бирге чогулмакчы. Форум медиа рыноктун жаңы тенденциялардан дайым кабар болуусуна, өзүнүн атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу үчүн кызматташуу жана контент алмашуу ыкмаларын табуусуна жол бермекчи.

Журналистика жаатындагы УМТУЛУУ улуттук сынагын өткөрүү улантылып, анын жеңүүчүлөрү Медиа Топтоо формунун жүрүшүндө сыйлыктарын алмакчы.

 

 

Телекөрсөтүү аудиториясына изилдөө жүргүзүү – пиплметрияны колдоо

Media-K-нын ишке ашуу мезгилинин алгачкы үч жыл ичиндеги колдоосунда Индустриалдык медиакомитет тарабынан түзүлгөн пиплметрия негизинде аудиторияны ченөө системасынын алгачкы коммерциялык жыйынтык маалыматы 2021-жылдын кыш айларында күтүлөт.

Телекөрсөтүү аудиториясынын пиплметрлер жардамында топтолгон маалыматы Кыргызстандагы плюралисттик жана атаандашууга жөндөмдүү медиа чөйрөсүнүн өсүшүнө түрткү берүүсү үчүн Media-K максаттуу техникалык колдоо көрсөтмөкчү.

«Индустриялык медиакомитет» (ИМК) телеберүүчүлөр бирикмесинин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү

Медиа-К долбоору эксперттик кеңештер жана техникалык колдоосу аркылуу ИМКны колдоп, өнүктүрүүсүн улантмакчы. Бул иш-чара мүчөлүк моделдерди иштеп чыгуу, ресурстарды биргелешип колдонуу, жамааттык башкаруу, аудиторияны, купуялуулук саясатын жана автордук укук эрежелеринин жалпы изилдөөлөрүн колдонуу маселелери боюнча эл аралык эксперттер менен кеңештерди өзүнө камтыйт.

Жергиликтүү маалыматтык чөйрөнүн бүтүндүгүн коргоо

Media-K кастык тили, фейктер менен жалган маалыматка каршы туруу жаатында изилдөө менен алектенген медиауюмдарга колдоо көрсөтүүсүн улантат.

Салттык ММКлар социалдык платформалардын инфлюенсерлеринен (жылдыздарынан) креативдүүлүккө жана жооп кайтаруу тездигине үйрөнсө болот. Бул таасирлүү адамдар, өз иретинде, көз карандысыз жана калыс журналистика максаттарын алдыга сүрөөдө медианын шериги болуп, сөз эркиндиги жана медиасабаттуулукту илгерилетүү үчүн тартылса болот.

Медиа-К долбоорунун жаштар компоненти

Социалдык программалар, журналистика, контент өндүрүү аркылуу өспүрүмдөрдүн чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн Bolochok Camp "Болочок" жаштар медиа лагерин өткөрүү жана активдүү жаш контент өндүрүүчүлөрүн жана социалдык тармактын инфлюенсерлерин тартуу үчүн социалдык видеоблогинг боюнча буткемп өткөрүү пландаштырылып жатат.

Бөлүшүү