Итерньюс Журналисттик иликтөөлөр мектебинин экинчи катышуучулар тобу үчүн тренингдер сериясын аяктады

14-16-январь күндөрү Кыргызстандагы Интерньюстун окуу борборунда журналисттик иликтөөлөрдү фактчек редактилөө боюнча тренинг болуп өттү. Бул тренинг TRACK долбоорунун экинчи этабынын окутуу бөлүгүнүн жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.

 

TRACK (Transparency through Reporting & Advocacy Campaigns in Kyrgyzstan) – бул комплекстүү долбоор, анын максаттары ата мекендик журналисттик иликтөөнү сапаттуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жарандык сектордун коррупцияга жана натыйжасыз башкарууга каршы дареметин бекемдөө, бийлик органдарынын отчеттуулугуна жана жогорку жоопкерчиликтүүлүгүүнө жетишүү үчүн анын контролдоо функцияларын күчөтүү, ошондой эле ачыкка чыккан кыянаттык фактылары жөнүндө коомчулукка жеткиликтүү маалымдоо болуп саналат.

 

 

Тренингдин катышуучулары Бишкек жана Ош шаарларынан 18 журналист, анын ичинде OCCRP стандарттары боюнча иштеген тажрыйбалуу иликтөөчүлөрдүн насаатчылыгы астында иликтөө материалдарын даярдоочу 8 редакциянын өкүлдөрү болду.

 

Тренингди Молдовадан келген медиа адис Инна Кывыржик өткөрдү.

 

Инна Кывыржик – 12 жылдык тажрыйбасы бар журналист. Ал арам акчаны адалдоо, коррупция, банктык алдамчылык, экономикалык кылмыштар боюнча журналисттик иликтөө темаларына адистешкен. 2015-жылы Молдованын мыкты журналисти деп табылган. Молдованын банк системасы аркылуу Орусиядан 20 миллиард доллардан ашык акчаны адалдоо боюнча “орус ландроматы” схемасы жөнүндө иликтөөлөрдүн автору. RISE Moldova жана OCCRP иликтөөчү журналисттердин эл аралык тармагы үчүн окуялардын фактыларын текшерүүнү жүргүзөт.

 

Тренер Инна Кывыржик өткөн окутуу тууралуу өз оюн бөлүштү:

- TRACK долбоорунун алкагында Кыргызстандын журналисттери үчүн фактчекинг боюнча өткөргөн бул экинчи тренингим. Ушул эки жыл ичинде журналисттик иликтөөнү өнүктүрүүдө байкаларлык өзгөрүүлөр болгонун белгилегим келет. Тренингге долбоордун жаңы мүчөлөрү тарабынан гана эмес, буга чейин катышкан журналисттер тарабынан да кызыгуу болгонуна кубанычтамын. Ал эми алардын бир нечеси жаңы кесипти - фактчекердикти үйрөнүүгө кызыгууда. Бул, албетте, журналисттердин ишинде жана алардын иликтөөсүндө сапаттык өзгөрүүлөргө алып келип, жарыяланган материалдардын деңгээлин жогорулатууга тийиш.

 

Иликтөө окуяларынын фактыларын текшерүү аларды даярдоонун зарыл элементи болуп саналат. Бул этап иликтөөлөрдүн фактыларынын жана далилдеринин тазалыгы, чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу, окурмандын ишенимин актоо үчүн зарыл.

 

Тренингдин катышуучулары төмөнкү темалар менен теориялык жактан таанышып, алар боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты:

 

- маалымат булактары менен иштөө этикасы;

- расмий маалыматка суроо-талаптардын өзгөчөлүктөрү;

- иликтөөлөрдүн фактыларына баа берүүнүн эл аралык критерийлери;

- иликтөө материалдарына фактчекинг жүргүзүү;

- иликтөөлөрдү жүргүзүүдө ачык маалыматтарды пайдалануу;

- ачык булактарда издөөнү колдонуу.

    Фото Бекзат Жеенбеков.
Бөлүшүү