ТRАСК 3.0 долбоору КР иликтөөчү-журналисттери үчүн тренингдер сезонун ачты
Кыргызстанда акыркы үч жылда иликтөө-журналисткасы жигердүү өнүгүүдө. Тажрыйбалуу журналисттердин командалары мамлекеттик бийликтин түзүмүндөгү жашырылган кемчиликтерди элдин назарына алып чыгышууда.
Редакциялар өзүлөрүнүн иликтөө мектептерин ачып, аткаминерлердин мыйзам бузууларын аныктай алган, жемкорлук схемалардын бетин ача алган, фактылардын аныктыгын текшере алган иликтөөчү журналисттердин жаңы муундарын тарбиялап жатышат.
КРдеги Интерньюс ТRАСК долбоорунун үчүнчү баскычынын алкагында алдыңкы катардагы иликтөөчу журналисттер үчүн тренингдерди баштады.
Бул жолу катышуучулар жаңы көндүмдөргө үйрөнүү үчүн гана эмес, тажрыйбалары менен бөлүшкөнгө, ийгиликтүү долбоорлору тууралуу айтып бергенге, журналисттик иликтөө жанрынын Кыргызстандагы андан аркы өнүгүүсү тууралуу пикир алмашканга да чогулушту.
Алар редакциялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү чараларын, этика жана коопсуздук маселелерин да талкуулашып, жаңы окуялардын темаларын жана форматтарын, өз ара кызматташуу, бири-бирине колдоо көрсөтүү жолдорун такташат.
Долбоордун координатору Азамат Тынаев белгилегендей, TRACK долбоорунун катышуучулары даярдаган баардык иликтөөлөр коомдук резонансты жаратып келет, башка журналисттер да аларды туурап, иликтөөчү-журналисттер ата-мекендик журналистканын таанымал инсандарына айланышты.
Тренингдин алкагында өзүнүн жетишкендиктери менен Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын лауреаттары Адиль Турдукулов, Булат Сатаркулов, Али Токтакунов, Мээрим Айныкеева, Арген Бактыбек уулу бөлүшмөкчү.
Кыргызстанда ачылган үч журналисттик иликөө мектептеринин негиздөөчүлөрү Болот Темиров (Temitov LIVE), Али Токтакунов -"МедиаХаб" жана Дилбар Алимова ("ПолитКлиника") мектептери тууралуу айтып беришет.