Соцфонддогу коррупция жөнүндө factcheck.kg жүргүзгөн иликтөө

 

 

Factcheck.kgнин журналисттери иликтөө жарыялап, анда КР Соцфондунун тендердик сатып алууларын түшүнүүгө болгон аракеттери жөнүндө кеңири айтып беришкен.

 

Маалымат булагынын айтымында, компьютердик жабдыктарды сатып алуу кээде баасынан эселеп кымбат болуп калышы мүмкүн. Бирок, документтерге эксперттик баалоону жана комментарийлерди  алуу аракети  журналисттер үчүн азап эле болду.

 

 

Бул окуя мамлекеттик органдар тарабынан миллиондогон суммадагы сатып алууларда ачык-айкындуулук көйгөйүн ачып берет, о.э. бул сыяктуу тендерлерде коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги жөнүндө кандайдыр бир расмий корутунду же баа  берүүдө эксперттерде УКМКдан кооптонуу жана коркуу бар экендигин көрсөтөт.  

 

 

Кененирээк:

 

орус  тилинде

Хождение по мукам: как мы искали коррупцию в IT-тендере Соцфонда

 

кыргыз тилинде

Соцфонддогу 14 милллион сомдук тендердин таржымалы

 

 

Иликтөө Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылган TRACK долбоорунун колдоосу менен даярдалып, редакциянын өз алдынча иши болуп саналат. Бул материалда айтылган ой-пикирлер Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн позициясын чагылдырбайт.

Бөлүшүү