Бишкекте биринчи жолу «Чындык» иликтөөчү журналистика форуму болуп өттү

Ал Кыргызстандагы Интерньюстун иликтөөчү журналисттерди колдоо боюнча TRACK долбоорунун алкагында уюшулду.

 

Конференцияга акыркы жылдары иликтөөлөр менен активдүү иш алып барган 60тан ашуун журналист чогулуп, иликтөө жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, колдонулган жаңы куралдарды жана коопсуздук маселелерин талкууга алышты.

«Чындык» конференциясынын катышуучулары «укмуш иликтөөлөрдү» кандайча жасоого боло тургандыгын, иликтөөнү канткенде кызыктуу кылып, аудиториянын көңүлүн өзүнө кандайча тартуу керектигинен кабар алып, ресурстарды кайдан табып, жарандык коом менен шериктикте кандайча иш алып баруу керектигин билишти. 

   

Өлкөдөгү көз карандысыз медианын өнүгүүсү үчүн маанилүү келген бул иш-чаранын ачылышында КРдагы Интерньюстун жетекчиси Элина Каракулова иликтөөчү журналистиканын сапаты жыл өткөн сайын жакшырып баратат деп билдирди. Каракулова басылмалардын иликтөөчү долбоорлорду биргелешип алып баруусундагы кызматташуусун жогору баалады, алардын натыйжасында бир топ чуулгандуу жана талкуу жараткан жарыялар орун алган.

 

- Биз OCCRP стандарттары боюнча иликтөөчү журналистика мектебин өткөрүп, 7 басылма менен командаларга туруктуу жардам берүүгө жетиштик, бул тандалган катышуучулар тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жогорку сапатын алууга жол берди, - деп белгиледи Каракулова.

 

АКШнын КРдагы элчиси Дональд Лу конференция катышуучуларына онлайн кайрылып, кийинкилерди белгиледи:

 

- Чыныгы демократия диктатурадан эмнеси менен айырмаланат? Бул журналисттерге кол салгандар жоопко тартылгандыгы менен, -  деп билдирди ал.

 

Ал өткөн жылы фактчекер Болот Темировго кол салган учурда, президенттин пресс-катчысы бул фактыга токтоосуз көңүл буруп, бир нече күндүн ичинде милиция кол салгандарды кармагандыгын белгиледи. Райым-миллион 24.kg , Клооп  жана Азаттыктын оозун басам деп доо арыз берген учурда кыргыз коомчулугу жана ММКлар чукул жооп кайтарган эле.

 

- Кыргызстандыктар иликтөөчү журналистиканы жана ММКлар эркиндигин баалайт деп эсептейм, Кыргызстан өзүнүн саясатчыларынан улам эмес, күчтүү жарандык коомунан улам БАдагы эң демократиялык мамлекет болуп саналат, - деп билдирди АКШ элчиси.  

 

TRACK долбоорунун жетекчиси Азамат Тынаев долбоор чуу жараткан иликтөөлөрдү жаратты, ал иликтөөлөр Россиядан, Украинадан, Болгариядан келген тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин ментордук колдоосунан улам мүмкүн болду. Алар Кыргызстандагы кесиптештери менен өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, түрдүү тартип бузуулар жана кыянаттыктарды далилдөө үчүн кыйын, ыкыластыкты талап кылчу жумушту жүргүзүүгө жардам беришти.

 

 

- Өлкөбүздөгү бүгүнкү динамикалык комдук-саясий процесстерди карап, КРдагы журналисттер прогрессивдүү өнүгүү үчүн чоң салымын кошуп жатышат деп сыймыгым менен айта алам, - деп белгиледи ал.

   

 

 

TRACK (Transparency through Reporting & Advocacy Campaigns in Kyrgyzstan) – бул көп компоненттүү долбоор, анын максаты – мекендик иликтөөчү журналистиканын өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүү, коомду коррупцияга каршы күрөшкө тартуу жана анын көзөмөл милдеттерин бийликтин көбүрөөк жоопкерчилиги жана отчеттуулугу үчүн күчөтүү саналат.
Долбоор ошондой эле Кыргызстандагы жарандык сектордун жана көз карандысыз массалык маалымдоо каражаттарынын коррупциянын жана натыйжасыз башкаруунун бетин ачуусу, табылган кыянаттыктар туурасында коомду маалымдоосу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган. Ал өзүнө иликтөөчү журналистика боюнча интенсивдүү окуу курстарын, ММКлар жана жарандык журналисттердин иликтөөчү ишмердүүлүгүн колдоо жана коргоо багытында маалыматтык кампанияларды (эдвокаси кампанияларды) жүргүзүү боюнча БӨУлар үчүн семинарларды, иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды, «Чындык» иликтөөчү журналисттер форумун өткөрүү аракетин камтыйт.    
 
Бөлүшүү