2022-жылдын сентябрынан тартып Интерньюс Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык APRICOT (Accountable Practices for Reporting Information on…
- Биз жɵнүндɵ
- Долбоорлор
- Багыттар
- ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
- Окутуу
- Контент ɵндүрүү
- Дата журналистика
- Иликтɵɵчү журналистика
- Аймактык журналистика
- Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
- Медиасын
- Медиасабаттуулук
- Журналисттердин коопсуздугу
- Укуктук коопсуздук
- Блогердик чөйрө
- Библиотека
- Mediа Toptoo индустриалдык форуму
- “Умтулуу” сынагы
- “Чындык” Форуму
- “КурулTime” блогердик форуму
- Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
- Ɵнɵктɵштүк материалдар
- Мүмкүнчүлүктɵр
- Байланыш

Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун алкагында 2025-жылга журналисттер, редакциялар жана жарандык коомдун уюмдары үчүн дата-журналистика боюнча программага катышууга сынак жарыялайт. Окутуу жаңы форматта өтүп, коомдук тармактарда дата-материалдарды жасоого басым кылынат.
Сынактык тандоодон өткөндөр Программанын катышуучусу болушат жана ар түрдүү жардам алышат:
үйрөнчүк дата-журналисттер дата-журналистиканын негизги аспаптары тууралуу билим алышат, коомдук тармактар үчүн контентти даярдоо көндүмдөрүн жакшыртышат, ошондой эле аларга материалдарын даярдоодо начаатчылар колдоо көрсөтүп, стипендиялык жардам берилет.
тажрыйбалуу дата-журналисттерге редакторлук колдоо көрсөтүлөт жана стипендиялык жардам берилет.
Маалыматтар менен иштөө көндүм аудиторияга окуяларды объективдүү сүрөттөп берүүгө, божомолдоо кылууга, маалыматтардын негизинде уникалдуу окуяларды түзүүгө жана бул билимди кесиптештер менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандагы Интерньюс жаңы жылдан баштап коомдук тармактарда кызыктуу дата-материалдарды жаратууну окутууда жаңы ыкмаларды колдонмокчу. Программанын катышуучулары маалыматтар менен иштөөнүн негиздерин, мультимедиалык сторителлингдин ыкмаларын колдонуу менен коомдук тармактар үчүн контентти визуалдаштырууну жана ыңгайлаштырып-жасалгалоону үйрөнүшөт.
Программанын насаатчылары:

КРдеги Интерньюстун дата-журналистика боюнча программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири. 2018-жылдан бери маалыматтарды талдоо жана визуалдаштыруу боюнча Борбор Азиянын журналисттерине, активисттерине жана изилдөөчүлөрүнө окутууларды өткөрүп келет. Дата-журналистика боюнча дүйнөлүк The Sigma Awards сыйлыгынын 2021-жылдагы лауреаты, «Умтулуу» жана Media Camp Awards сыйлыктарынын бир нече жолку ээси. Саякаттаганды жана мышыктарды жакшы көрөт.
Савия Хасанова

Алексей Журавлев
Урбан жана дата-журналист, Internews’тун дата-журналистика боюнча жана ForSet’тин дата-коммуникация боюнча программаларынын бүтүрүүчүсү. 2018-жылдан бери көлөмдүү (чоң) тексттер менен иштеп келет, ал эми 2020-жылдан бери коомдук тармактардын форматтарында контентти жасап келет. Тотемдик жаныбары – капибара.
Программада контентти коомдук тармактар үчүн ыңгайлаштырып-жасалгалоо жана видео жасоо боюнча дагы башка насаатчылар бар. 2025-жылы жаңы катышуучуларга, ошондой эле программанын бүтүрүүчүлөрүнө, тажрыйбалуу дата-журналисттерге, редакциялардын туруктуу иш алып барган дата-бөлүмдөрүнө жана жарандык коомдун уюмдарына колдоо көрсөтөбүз.
Программага катыша алышат:
Редакцияда дата-бөлүмдү түзүүнү каалаган медиа уюмдардан үйрөнчүк дата-журналисттер, ошондой эле маалыматтарга негизделген окуяларды жарыялоону пландаштырып жаткан үйрөнчүк дата-журналисттердин жана жарандык коом уюмдарынын командалары.
Дата-журналисттердин туруктуу командасы бар медиа уюмдарынын тажрыйбалуу дата-журналисттери жана жеке жана/же командада иштеген тажрыйбалуу дата-журналисттер.
Кыргыз тилдүү редакциялардан жана аймактык редакциялардан өтүнмөлөр артыкчылыкка ээ болот.
Программага катышуу эмне берет:
Насаатчылык жана каржылык колдоо менен үйрөнчүк дата-бөлүмдөр жана үйрөнчүк дата-журналисттердин командалары маалыматтардын негизинде окуяларды жасап чыгаруунун толук циклин өздөштүрүшөт жана төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт:
дата-материал үчүн теманы кантип тапса болот
маалыматтарды каяктан жана кантип чогултса болот
маалыматтарды кантип түшүнүктүү кылып визуалдаштырса болот
дата-окуяны кантип ар түрдүү форматта чогултса болот
дата-окуяны коомдук тармактар үчүн жана видео-форматта кантип ыңгайлаштырып-жасалгаласа болот
Үйрөнчүк
Дата-журналисттер жана дата-бөлүмдөр, тажрыйбалуу командалар 2025-жылдын башында жана орто ченинде күчөтүлгөн үч күндүк эки тренингге катышышат:
енинги жана дата журналистикасы боюнча күчөтүлгөн тренинг.
андан кийин командалар коомдук тармактарга дата-окуяларды ыңгайлаштырып-жасалгалоо боюнча эки өзүнчө тренингден өтүшөт.
Тажрыйбалуу
Дата-журналисттер, дата-бөлүмдөр жана/же алардын командалары дата-материалдарды даярдоо үчүн Internews тарабынан атайын каржылык жана редакциялык жардам алышат. Бул топко Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун 2018-2024-жылдардагы «Дата-журналистика» программасынын бүтүрүүчүлөрү кирет.
Программанын алкагында эмне жасоо керек
Дата-журналистика программасынын катышуучулары тандап алынган редакциялардын командасында иштешет. Ар бир команда ачык маалыматтарга негизделген окуяларды жарыялоого милдеттенет.
Программанын катышуучулары социалдык маанилүү көйгөйлөрдү, экономикалык өнүгүү, гендердик теңчилик, гендердик/үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, айлана-чөйрөнү коргоо, ачык-айкындуулук жана башкаруунун натыйжалуулугу маселелерин, ошондой эле башка актуалдуу маселелерди жана системалык көйгөйлөрдү көрсөткөн жана коомдук талкууну баштоого жана көйгөйлөрдү чечүүгө салым кыла алган темалар боюнча иштөөгө даяр болушу керек.
Программа тууралуу

Интерньюс 2018-жылдан бери USAID’дин колдоосу менен «Медиа-К» долбоорунун алкагында Кыргызстанда дата-журналистиканы өнүктүрүп келет. Бул убакыт аралыгында дата-стипендиаттар маалыматтарга негизделген жүздөн ашык материалдарды жарыялашты, ондон ашык эмгек эл аралык деңгээлде жогору бааланган. Өлкөдө күчтүү жана активдүү дата-коомчулук жаралды, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары дата-журналистика боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу Sigma Awards сыйлыгынын тренерлерлери жана жеңүүчүлөрү болушту. Маалыматтарга негизделген окуялар коом үчүн маанилүү болгон маселелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрө алат. Дата-журналистика өкмөттүн ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга жана жарандардын маанилүү чечимдерге катышуусуна көмөктөшөт.
Бул колдоо “Медиа-К” долбоорунун алкагында жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы аркасында көрсөтүлөт.
Бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун Дата журналистика программасынын куратору Бекзат Байыш менен байланышыңыз: [email protected]
Канти катышса болот
Өтүнмөнү берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2024-жылдын 30-декабры саат 18.00гө чейин.
Кыргыз Республикасы
720021, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү 115, “Асыл-Таш” бизнес-борбору, 11-кабат (кирүү Гоголь кɵчɵсү тарабынан)
Internews is registered as a 501(c)3 organization in California, EIN 94-3027961, in England and Wales as a Charity no. 1148404 and Company no. 7891107 and in France as Non-Profit Association SIRET no. 425 132 347 000 13.