Бишкекте аймактык журналисттер үчүн үч күндүк интенсивдүү тренинг башталды

   

Кыргызстандын бардык облустарынан келген кыргыз тилдүү ЖМК өкүлдөрү үчүн 27-марттан 29-мартка чейин Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү стипендиалдык программасынын алкагындагы аймактык журналистика боюнча багыттама тренинг өтөт.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулары журналистиканын миссиясы жана максаттуу аудиторияны аныктоо принциптери менен таанышат.

Семинардын катышуучулары  журналистиканын эл аралык стандарттары, чечимдер журналистикасынын өзгөчөлүктөрү, тема тандоонун критерийлери тууралуу түшүнүк алышат. Семинардын  тренерлери угуучуларына журналистиканын заманбап жанрлары жана форматтары тууралуу, булактар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана журналисттик этика жөнүндө айтып беришет.

Аймактардан  келген жаш журналисттер текст, аудио түрүндөгү жана видео маалыматтардын өзгөчөлүктөрү, фактыларды жана маалыматтарды текшерүү, журналисттин укуктук жана санариптик коопсуздугу жана маалыматтарды сактоо ыкмалары жөнүндө биле алышат.

Тренер катары Кыргызстандагы Интерньюс командасынан Максуда Айтиева, Азамат Тынаев, Элима Жапарова, ошондой эле тренингге чакырылган менторлор: Марс Тулегенов, Замира Кожобаева, Гүлзат Газиева, Манап Соромбаевдер чыгып сүйлөшөт.

 

Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова тренингди ачып жатып, катышуучуларды тажрыйбалуу менторлор менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга, колдон келишинче көбүрөөк суроолорду берүүгө жана өздөрүнө мүмкүн болушунча пайдалуу болуш үчүн курска аягына чейин катышууга чакырды.

– Биз жергиликтүү маселелердин маанилүү учурун чагылдыруу үчүн, аймактык ЖМКларды, региондор жөнүндө жана региондор үчүн жарыялануучу материалдардын сапатын жакшыртууну каалайбыз.

Биз бул программага чоң үмүттөрдү артабыз жана мунун натыжасында, регионалдык журналистиканын «жылдыздары» менен «алмаздарын» өстүрүп чыгарабыз жана силерге андан ары өнүгүүгө мүмкүндүк беребиз деген үмүттөбүз, – деп белгиледи Элина Каракулова.

 

 

Бөлүшүү