Интерньюстун стипендиаттары. ЭлТРдеги сюжеттер көп жылдан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдү көрсөтөт
Аймактык журналистика боюнча стипендиат Мырзажигит Маткарим уулу ЭлТР-Ош телеканалында Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочуларынын социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрү жөнүндө бир катар материалдарды даярдады. Көйгөйлөр көп, бирок алардын тез арада чечилиши чиновниктердин адекваттуу аракеттеринен көз каранды.
Видеорепортажда Кара-Суу районундагы 250 окуучу окуган авариялык абалдагы мектептин абалы жөнүндө айтып берет.
250 БАЛА АВАРИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ БИЛИМ АЛУУДА
Өзгөн шаарындагы канализация жана саркынды суу көйгөйү жөнүндө репортаж.
Өзгөн шаары: канализация көйгөйү качан чечилет?
Ош шаарында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү кандайча чечилип жаткандыгы жөнүндө сюжет.
ОШТО ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛГЕНИ КАЛДЫ....