Аймактык журналисттерди колдоо боюнча стипендиялык программа аяктады
18 ай аралыгында "Медиа-К" долбоору Кыргызстандын аймактарынан келген кыргыз тилдүү жаш журналисттерге окутуу өткөрүп ментордук колдоо уюштурду.
14-сентябрда катышуучулар Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан стипендиялык программага катышкандыгын тастыктаган сертификат алышты.
Программада тажрыйбалуу насаатчылардын насаатчылыгы астында журналисттик материалдарды даярдоо, жарыялоо, ошондой эле ай сайын стипендия төлөө каралган.
Бул шилтемеден стипендиаттардын материалдарын көрө аласыздар.
Программанын алкагында 9 стипендиат 324 материал даярдап, алар жалпысынан 3,5 миллиондон ашык көрүүлөргө ээ болушту.
Жыйынтыктап жатып, журналисттер тажрыйбалуу насаатчылар – Марс Тулегенов, Гүлзат Газиева жана Замира Кожобаеванын чечүүчү журналистика боюнча окутууларынын жана системалуу түрдө көрсөтүлгөн насаатчылыгы алдында билим алышып, кесиптик тажрыйбаларын өркүндөтүшүп, жөндөмдөрүн жакшыртышкан. Бул программа тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү.
Региондордон келген журналисттер журналистиканын эл аралык стандарттарына жакын жаңылыктарды түзүүнү, фото, видео, сүрөттөр менен мультимедиялык материалдарды даярдоону, жер-жерлерде чечилбей жаткан көйгөйлөр боюнча тапшырмаларды көтөрүп чыгууну жана иликтөөлөргө план түзүүнү үйрөнүштү.
Алар тема боюнча эксперттер жана жергиликтүү мамлекеттик аткаминерлер менен байланышуу көндүмдөрүн бир топ өркүндөтүштү.
Стипендиаттар материал даярдоодо региондордо туш болгон көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Редакция жетекчилиги тандалган теманы ар дайым эле колдой берген эмес, көйгөйүн чагылдыруу үчүн алыскы айылдарга жетүү үчүн транспорт жок, кыйынчылыктар болгон, айрым маселелер боюнча керектүү эксперт же комментарий бере турган респондент табуу оор болгон.
Ошондой эле, менторлор шакирттерине статистика менен иштөөнү, текстти кылдаттык менен жана кыска-нуска рекдакциялоону, видеолордун синхрондорун туура кыркууну, ошондой эле материалдарда гендердик тең салмактуулукту сактоону үйрөтүштү.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова аймактык журналисттердин жамаатын бири бири менен байланыштарын үзбөгөнгө үндөдү жана мындан ары да Интерньюс уюму региондордогу журналисттерди ар кандай багыттарда колдоону күчөтүү ниетте экендигин баса белгиледи.
Максуда Айтиева, стипендиялык Программанын жетекчиси белгилегендей, Программанын жүрүшүндө бардык журналисттер кесиптештер бири-бири менен да жана окурмандары, көрөрмандары менен да журналисттик этиканы жана адамкерчиликтүү мамилени кармануу менен өз алдынча ишенимдүү иштөө үчүн жетиштүү кесиптик даярдыктан өтүштү.
Ал стипендиаттарды адистердин аларды кесипкөй журналист катары тарбиялоого жана өстүрүүгө жумшалган жамааттык эмгектерин урматтоого үндөдү жана алар программанын натыйжасында жетишкен жогорку деңгээлдерин татыктуу алып жүрүшөт деген үмүтүн билдирди.