«Салам медианын» журналисттери алыскы аймактын жашоочуларынын көйгөйлөрү жана кыялдары жөнүндө айтып беришүүдө

«Салам медиадан» аймактык журналистика боюнча Интерньюстун стипендиаттары Баткен облусундагы карапайым айыл тургундарынын жашоосу жөнүндө сюжеттерди жасашты.

 

Исабек Максудов тышкы дүйнө менен байланыш жолу жылына үч ай гана ачык болгон алыскы Зардалы айылынын жашоочулары кандай шартта жашай тургандыгы жөнүндө айтып берет.

 

 

Баткен: Зардалыга ГЭС курулуп, жол оңдолот

 

Гүлбарчын Амирова биринчи сюжетинде айыл тургундары тиричилик таштандыларынан кантип табигый жер семирткич  жасап жаткандыгын баяндайт.

 

 

 

Баткен облусунда адатта өрүк өстүрүлөт. Бирок, акыркы жылдардагы түшүмдүн болбой калышы өндүрүүчүлөрдү багытын өзгөртүүгө аргасыз кылууда. Алар алма, алмурут, бадам өстүрө башташты.

 

Быйылкы өрүк кирешесинен кол жууган баткендиктер анын ордун толтуруунун башка жолдорун издешүүдө

 

 

Бөлүшүү