Аймактык стипендиаттар. Журналисттер жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табышат

29 ноября 21

Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аймактардагы жаш, кыргыз тилдүү журналисттерге насаатчылык колдоо көрсөтүүнү улантууда. Биз үлгү катары журналисттер чечип берген эң актуалдуу жана кызыктуу окуяларды жана видеолорду жарыялайбыз.

Нуржамал Баргыбаева кышында үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо көйгөйү жана көмүрдүн кымбатташы боюнча материал жасаган.

Автор үйдү үнөмдүү жана туура жылытуу үчүн үйдүн түзүлүшүнө көңүл бурууну, арзан курулуш материалдарынан жылуулук изоляциясы менен дубал курууну сунуштаган адистерди тапкан.

Материалда Ош шаарынын тургуну 6 бөлмөлүү үйдүн полун, дубалын, чатырын жылуулап, натыйжада «термос үй» көп акча коротпостон күнү бою жылуулукту сактап тураарын мисал келтирген.

Таластан Кайнар Ормонов ЭлТРге төө буурчак, ашкабак жана башка жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча жергиликтүү дыйкандардын тажрыйбасы тууралуу сюжет даярдады.

 

Авторду Талас облусунда көп өстүрүлгөн  – төө буурчактын түшүмүн жогорулатуучу жаңы технологиялар кызыктырган.

Дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр да көрсөтүлгөн: жүгөрү жана ашкабак өстүрүү, алма бактарын өстүрүү. Топурактарды сапаттуу анализдөө, жер семирткичтерди туура пайдалануу, үрөндөрдү тандоо жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча кеңештер берилген.

Жалал-Абаддан Акылай Карабаева мультимедиалык материал даярдады.

Анда ал өлкөдөгү энергетикалык кризис маселесин көтөргөн.

Чечим катары ал видео материалда бир нече варианттарды сунуштаган: энергияны үнөмдөө, энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу жана пайдаланылбаган приборлорду тармактан өчүрүү зарылчылыгы.

Материал ошондой эле энергияны үнөмдөө үчүн күн батареяларын колдонуу, жылытуу үчүн көмүр жана газды пайдалануу, шамал энергиясын пайдалануу, кичи ГЭСтерди куруу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.

ЭлТрге Оштон Мырзажигит Маткаримов транспорт көйгөйлөрү тууралуу сюжет даярдады.

Видеодо автобус жана троллейбус транспортунун ишмердүүлүгү, алардын техникалык абалы жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча суроо көтөрүлгөн.

Ош шаарында болгону 40ка жакын каттам болсо, шаардык транспорт экөөнү гана тейлейт.

«Т-медиа» гезитинин Ош редакциясынан Улукбек Сали уулу эмдөө боюнча мультимедиялык баяндама жасап, оң жана терс жактарын айтып берди.

Материалда коронавируска каршы эмдөөнүн оң жана терс таасирлери чагылдырылган.

Зыягүл Болот кызы ажырашуу көйгөйү жана анын кесепеттери тууралуу лонгрид даярдаган.

Автор өмүрлүк жарды кылдаттык менен  тандоо үчүн бир катар кеңештерди чечим катары берүүгө аракет кылып, үй-бүлөнү кантип сактоо керектиги боюнча психологдордон кеп-кеңешин берген. Автор ошондой эле үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көйгөйүн да көрсөтүп, мамиледе зомбулукту  башынан эле жок кылуу керектигин белгилеген.

   
Бөлүшүү