Reuters Institute’нун журналисттер үчүн стипендиялык программасы – карьерасынын ортосуна жетип калган журналист-практиктер үчүн дүйнөдөгү алдыңкы программалардын бири болуп эсептелет.
Программа күнүмдүк иштен бир аз алаксып, журналистика тармагында изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программанын стипендиат-журналисттеринин көбү толук каржылоого жетишип, күнүмдүк жашоо жана жол чыгымдарын жаба алган стипендия алып турушат.
ЖМК тармагындагы изилдөөлөр, семинарларга жана кесиптик иш-чараларга катышуу, кесиптештер менен дискуссиялар сиздин журналистика, жаңылыктар индустриясы тууралуу түшүнүгүңүздү тереңдетип, анда өз ордуңузду тапканга жардам берет.
Оксфорддо болгонуңузда сиз, сиздин карьера жана ошондой эле сиздин редакцияңыз, жалпы эле медиа индустриясы үчүн баалуу болгон долбоордун үстүндө иштейсиз, ал эми программа алкагында алган тажрыйбаңыз, билимиңиз анын баалуулугун дагы да арттырат. Бул программа биздеги бир нече ай окутуудан кийин кайра эле журналистика менен алектенүүсүн уланта турган практик-журналисттерге жана редакторлорго эсептелген.
Жыл сайын Рейтер Институту программаны өзүнүн кызыктуу идеялары жана чоң тажрыйбасы менен байыта алган дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан 30 стипендиат-журналисттен билдирмелерди кабыл алат.
Программанын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Сиз ЖМКга байланыштуу негизги дискуссияларды, талкууларды уюштуруп турган алдыңкы мекемеде иштейсиз. Reuters Institute тармактын негизги маселелери тууралуу маалыматтык бюллетендерди жана отчетторду чыгарып турат.
- Көптөгөн маселелерге өзүнүн глобалдык көз карашы бар уюмдун мүчөсү болосуз. Кесиптештериңер жер шарынын бардык булуң-бурчунан келген журналисттер болушат. Алар ар башка өлкөлөрдө жана маалыматтык чөйрөлөрдө иштөө боюнча идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.
- Сиз дүйнөдөгү эң атактуу университеттердин биринде окуйсуз. Оксфорд университети окуу үчүн эң сонун шарттарды, алдыңкы изилдөө борборлорду сунуштап, окуу учурунда такай колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк аброй берет.
- Поезд менен жүргөндө Лондондон болгону бир сааттык аралыкта болосуз. Бул The Guardian, Financial Times жана BBC сыяктуу дүйнөдөгү алдыңкы жаңылык медиалары менен жакындан таанышууга жакшы шарт түзөт.
Билдирмелер
Учурда 2023/2024 окуу жылына (2023-жылдын октябрынан, 2024-жылдын январынан жана 2024-жылдын апрелинен баштап) стипендия алууга билдирмелерди кабыл алуу жүрүп жатат.
Билдирмени кантип берүү керек экенин билүү.
Билдирмени берүүнүн акыркы мөөнөтү – 6-февраль.
Эгер сиз кеминде беш жыл жаңылыктар редакциясында иштеген болсоңуз сизде Reuters Institute’нун стипендиясын алууга мүмкүнчүлүк бар. Билдирмени жиберердин алдында, биздин веб-баракчабыздагы “эң көп берилген суроолор” деген рубрикабыз менен таанышып чыгыңыз.
Эмне берүү керек:
- Долбооруңуз тууралуу бир барак маалымат. Биздин уюмда кайсы долбоордун үстүндө иштөөнү пландаштырып жатасыз? Кайсы теманы изилдегиңиз келет? Ким менен жолугуп, маектешкиңиз келет? PDF форматында сактаңыз.
- Долбооруңуз багытталган маселе тууралуу кыскача маалымат, 150 сөздөн ашпасын.
- Бир барак мотивациялык кат. Эмне үчүн стипендияга катышкыңыз келет? Эмне үчүн Reuters Institute’нда так ушул долбоордун үстүндө иштегиңиз келет? Редакцияңызга кайтып келгенден кийин долбооруңузду кандай колдоносуз? PDF форматында сактаңыз.
- Иш тажрыйбаңыз жана алган билимиңиз тууралуу эки барак резюме (CV). Эмгектериңизге шилтемелерди кошуп койсоңуз болот. PDF форматында сактаңыз.
- Эки сунуштама кат. Сизди, журналисттик ишмердүүлүгүңүздү жакшы билген эки адамдан стипендия алууга сунуштама кат жазып берүүлөрүн сураныңыз. Катта сунуштап жаткан адамдын аты-жөнү, кызмат орду, байланыш маалыматтары жана сизге кандай катыштыгы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар болушу керек. Сунуштама кат бир барактан ашпасын. PDF форматында сактаңыз.
- Ар бир PDF файлдын көлөмү 25 МБ чейин болушу шарт. Документтерди билдирме жиберүү порталыбызда жүктөп жиберсе болот. Толук эмес билдирмелер кабыл алынбайт.