Сүйүн Курманова 90-жылдары үй-бүлөдөгү зомбулук темасын алгачкылардан болуп көтөргөн журналисттердин бири. Айрыкча, “Асаба” баштаган эркин гезиттерде иштеген жылдары Кыргызстандын булуң-бурчундагы кыз-келиндердин үнүн көп чагылдырган.
Учурда “Сезим” кризистик борборунун кызматкери. Аталган борбор жыл сайын ноябрь-декабрь айларында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк маалыматтык кампания өткөрөт.
Сүйүн Курманова менен гендердик сезимтал журналистика жана кыргыз медиасы бул теманы кандай чагылдыра турганы жөнүндө маектештик.
“Студент кыздын өлүмү резонанс жараткан”
– Сүйүн айым, сизди гендер маселесин козгогон журналист деп тааныйбыз. Бул темада жазган алгачкы макалаңыз эсиңиздеби?
– “Асаба” гезитине жаңы ишке киргенде үрөй учурган бир окуя болгон. 1994-жылы Токмоктогу индустриялык техникумдун 4-курсунда окуп жаткан кыз учуп өлгөн. Ал бир үйдүн жалгыз кызы экен. Алайдын алыскы айылында жашаган энеси 13 жолу президентке чейин кат жазып, бирөөнө да жооп албаптыр. Аны мен кокусунан бирөөдөн угуп калдым. Токмокко барып сураштырып, кызды курсташтары эле зордуктап, терезеден ыргытып жибергенин билдим. Оштогу кабарчыбызга чалып, “кызды кандай абалда көмгөнүн сура” десем, апасына жолукту. Денесин темир табыт менен алып барышкан экен. Ачканда бетинде сыныктан башка, күйүктүн тагы да болгонун айтышты. Өлтүргөн балдар ысык тамекини басышкан экен. Ошол макалам чоң резонанс жараткан. Сөөктү эксгумация кылышып, кыздын киши колдуу болгону аныкталган. Иш кайра тергелип, күнөөлүүлөр соттолгон.
– Ошол ишти иликтеп жүргөндө айыптуулар тараптан коркутуп-үркүтүү болгон жок беле?
– Соттолгондор тараптан басым болгон эмес. Бирок сот, прокуратура кызматкерлери басым-кысымга алган. Шаарга чейин аркабыздан кубалап келишкен. Себеби, ишти жаап койгону үчүн жооп беришерин билген да.
– Ошондон кийин аялдарга карата басмырлоону, зомбулукту көбүрөөк жаза баштадыңыз окшойт?
– Ошол окуядан кийин биздин коомдо кыз-келиндерге жасалган зомбулук, кылмыш көп учурда ачыкка чыкпай, жең ичинде каларын түшүнгөм. Анан калса бизде “Аялдын чачы узун, акылы кыска”, “Бала белде, катын жолдо” деген стереотиптер өкүм сүрөт эмеспи. Аялды “кабыргадан жаралган, эркекке кызмат кыла турган жандыктай” көргөн мамиле бар. “Жакшы аял жабылуу кара инген, тепсе термелбес, чапса чайпалбас” деп сыпатташат. Бирок ал аялдын физиологиясы, психологиясы такыр эске алынбайт. Болгон жоопкерчиликтин баары аялга жүктөлгөн. Кокус аял зомбулуктан каза тапса, өзүн күнөөлөшөт. Үч-төрт жаштагы кыздар зордукталса деле анын өзүн, анан энесин айыптагандар бар.
– Рак менен ооруп калган келинди күйөөсү кодулаганы тууралуу макала жазганыңыз эсимде. Бир кездеги окурманыңыз катары айтсам, кыргыз коомундагы аялдарга катаал мамилени жазып эле койбой, сындап да турчуңуз.
– Бизде жакшы аял болуш үчүн жаның тынбаган, сүйлөбөгөн, оорубаган, чарчабаган дулдул болушуң керек. Коомдо идеалдуу аялдын образы ушундай түзүлгөн. “Аял жакшы, эр жакшы” дешет. Өзүм аял болгондон кийин айрым стереотиптерден жабыркаган учурлар баштан өткөн. Андай кыйынчылыктарга жүздөгөн, миңдеген аялдар кабылды да. Көзүң көрүп турганды жазат экенсиң. Менин журналистикадагы миссиям ошол болду окшойт. Анан калса, журналистикада “бардым, көрдүм, чагылдырдым” деген мамиле болбошу керек. Эгер ошондой ойлосоң, анда журналист болгонуң тыйынга арзыбайт.
– Азыркыдай интернет, социалдык тармактар жок кезде каармандарды кайдан тапчуңуз эле?
– “Асаба” социалдык маселелерди көп көтөргөнү үчүн акыйкаттык издегендердин аягы суучу эмес. Кат, арыздар тынбай түшүп, редакция калктын көйгөйүн чечкен кеңседей сезилчү.
Ошол каттарды кайдыгер эле окуп койбой, ары жагын изилдесең, сөзсүз бир илинчек табылчу.
Эсимде, Жийде деген келин соттолуп кеткен экен. Ал камалганда бир баласы сууга агып, бир баласынын көзүнө калем кирип кетип, аябай кыйын абалда калган. Ошол келин тууралуу макалам чыкканда обончу Сыймык Бейшекеев, ыраматылык Чыныбай Турсунбеков (Жогорку Кеңештин мурдагы спикери – Авт.) баш болгон белгилүү адамдар келиндин көйгөйүн чечкенге жардам беришкен.
– Ал кезде журналистиканын стандарттары көп сакталбаганын айтышат. Макала жазганда эки тараптын тең пикирине орун берилчү беле?
– Ал кезде “стандарттарды сакта” деген талап бекем орной элек болчу. Жазган учурда фактыларды тактаганга аракет кылчубуз. Кээде катачылыктар кетип калчу. Андай учурда гезит аркылуу кечирим сурачубуз.
– Эркек кесиптештериңиз зомбулук темасын жазганыңызга кандай реакция кылышчу эле?
– Турмушта көп нерседен жолум болбосо да, жакшы кесиптештерден жолдуу экем. Кайда барбайын адамгерчиликтүү, алдыны көрө билген, адамдыкты бийик койгон журналисттер менен иштештим. Бир дагы эркек кесиптешимен “сиз аялсыз, аялдарды эле жаза бересизби?” деген сөздү уккан эмесмин. Анан калса ал кезде коом прогрессивдүүрөөк эле. Азыркыдай аялдын ордуна башкача караган радикалдык түшүнүктөр орной элек болчу.
– 2000-жылдардын башында көпчүлүк медиаларда эмнегедир зомбулук темасы көп козголчу эмес. Кээде аларда “аял эркекке баш ийиши керек” деген пикирлер да айтылып кетчү.
– Бул эми коомдогу аялга карата стереотиптерди бекемдөө аракети болсо керек. Эскиден келе жаткан көз караштарды карманган, аларды сактап калгысы келген да катмар бар болчу. Ошол кезде динге берилген адамдардын катары көбөйүп жаткан. Көп аялдуулукка үндөгөн чакырыктар ошол кезде башталган.
“Коом өзгөрмөйүнчө, зомбулук токтобойт”
– “Сезим” кризистик борбору менен иштешип калганыңызга журналистика түрткү болдубу?
– Бир жолу редакцияга келсек, эшик алдында кош бойлуу келин отуруптур. Бара турган жери жок, жардам сурап келген экен. “Сезим” жаңы ачылганын уккам да, чалсам, “дароо алып келгиле” дешти. Такси менен өзүм жеткирдим. Анан кризистик борбордо аялды кандай кабыл алып, кандай жардам көрсөтүлөрүн көрдүм. Бизге аялдар арыз-муңун айтып, көп кайрыларын айтсам, зомбулукка кабылган, бара турган жери жоктор келсе болорун түшүндүрүштү. Ошондон баштап кризистик борбор менен иштеше баштадык. Төрт жыл ыктыярчы катары жардам бердим, 1998-жылдан тарта ишке кирдим.
– Билишимче, “Сезимде” зомбулукка каршы иш-чараларды да уюштуруп жүрдүңүз?
– Гендердик теңчилик деген түшүнүк бизге 90-жылдары кирип, толкун сыяктуу эле каптады да. Коом аны ар кандай кабыл алды. “Аялдар бизден бийлик талашып, башыбызга чыгат экен” деп сындагандар болду. Гендердик окууларды, жолугушууларды, тренингдерди өткөрдүк. Көрсө, бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө болуп жаткан процесс экен, ага убагында кошулуп калыптырбыз. 1995-жылы Бээжинде аялдардын укугу боюнча дүйнөлүк платформа өткөн. Ага Кыргызстандан да делегация катышып, декларацияга кол коюшкан. Андан кийин “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Аны кабыл алуу оңойго турган эмес. Жогорку Кеңеште өтпөй калып, “Сезим” борбору баштаган жарандык коомдун өкүлдөрү 30 миңден ашуун кол топтогон. Мыйзам дароо эле иштеп кеткен жок. Көрсө, коомдун аң-сезимин өзгөртүү аябай оор экен. “Сезимде” аялга психологиялык жана юридикалык консультация, социалдык жардам берилет. Бирок коом өзгөрмөйүнчө, зомбулук токтобойт экен.
– Биз студент кезде университетке келип зомбулукка каршы кампания өткөргөнүңүздөр эсимде. Ал дагы деле уланып жатабы?
– 90-жылдардын аягында адамдардын көз карашын, стереотиптерди, түшүнүктөрдү өзгөртүү үчүн чоң, жалпы маалыматтык кыймыл керек болгон. Ар кайсы уюмдар тренинг, тегерек үстөл, жолугушууларды өткөрүп жүрүштү. Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин 16 күндүк зомбулукка каршы акция өтөт.
Кыргызстан ага кошулуп, биринчи жолу 1998-жылы аялдардан турган чакан топ борбордук аянтта иш-чара өткөргөнбүз.
Ыраматылык Сүйдүм Төлөкова эже ооз комуз каккан. Эл ошондо аялдар эмнеге чогулганын түшүнгөн эмес. Кийин студенттер арасында зомбулукка каршы ар кандай сынактарды өткөрө баштадык. Кантсе да болочок агартуучулар эмеспи, көйгөйдү эрте түшүнгөнү жакшы деп ойлогонбуз. Андан тышкары маданият өкүлдөрү менен бирге концерт уюштурганбыз, театрда зомбулук тууралуу спектакль коюлган.
– “Сезим” 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатат. Коомдун аң-сезимин аз да болсо өзгөртө алдык деп ойлойсузбу?
– Өзгөрүү деген көзгө көрүнүп, колго кармалбайт тура. Эмнени өзгөртө алдык? Адамдар азыр зомбулуктун үй-бүлөгө, балдардын аң-сезимине тийгизген кесепетин түшүнүп калды. Мурда аялын сабаган, үйдөн кубалап чыккан кадыресе көрүнүш катары кабыл алынчу. “Өлтүрсө койсо өзү билет, өзүнүн күйөөсү” деген түшүнүк бар эле. Экинчиден, коом кыз ала качуу кылмыш экенин түшүндү. Мурда “ала качпаса кыздар күйөөгө тийбей, эркектер аял албай калат” дешчү. Үчүнчүдөн, коом дүйнөдө адам сатуу коркунучу бар экенин түшүндү. Мурда кенедей кыздарын миграцияга жибергендер көп эле. Кыздар ал жакта сексуалдык кулчулукка сатылып, кордук көрүп, керек болсо өмүр менен кош айтышарын көп ата-энелер билчү эмес.
– Кайсы бир жылы өзүм да “Сезимге” кайрылгам. Кризистик борбордон алган документтер сотто чоң роль ойногон. Мен ошондон кийин биздин аялдарга зомбулукка каршы туруу үчүн юридикалык сабаттуулук жетпей турганын түшүнгөм.
– Биздин аялдарда коркунуч жашайт. Көбү зомбулукка кабылса да ажырашкандан, кетип калгандан коркушат. Эмнени каалап жатканын айткандан айбыгышат.
Адам ошон үчүн маалыматка ээ болушу керек. Маалыматың болсо кайда барып, кимге кайрылышты билесиң да. Өзүңдү ишенимдүү алып жүрөсүң.
Биздин коом азыр билим маанилүү экенин түшүнө албай жатат. Билимдүү аял билимдүү бала тарбияларын, билимдүү балдар билимдүү коомду түзөрүн аңдабай турабыз. Анан сырттан таңууланган идеология күч болууда. Адатта ага Батышты күнөөлөшөт дечи. Бирок Батыштын буга эч тиешеси жок. Ал жакта эбак эле прогрессивдүү коом калыптанган. Биз корко турган нерсе – бул фанатизм, караңгылык, ишенчээктик. “Эркек эмне десе, ошого ишен жана аткар” деген катмар пайда болду.
“Зомбулук – жөн гана кабар эмес”
– Эмне үчүн журналисттерде гендердик сезимталдык болушу керек?
– Гендердик түшүнүк журналисттин өзүндө жок болсо, зомбулукту ал жөн гана материал катары көрөт. Көйгөйдү түшүнбөйт, үстүрт карап, редактордун тапшырмасын эле аткарат.
Илгери гезитте жүргөндө прокуратурага чалып, “Чуулгандуу зордуктоо фактысы болсо бергиле” деген кесиптештерди көрүп, таң калгам.
Моюнума алайын, мен деле журналист болуп жүргөн кезде көп нерсени билбепмин. Зордуктоону жөн гана акт катары кабыл алыпмын. Көрсө, зордуктоо киши өлтүрүүгө барабар кылмыш экен. Денеге эле эмес, психикага да доо кетип, кээде адамдын акыл-эси айнып каларын көрдүм. “Сезимге” келгенде психологдордун курмандыктар менен сүйлөшкөнүн угуп, мен эч нерсе билбейт турбаймынбы дегем.
Бизде журналисттерге юридикалык сабаттуулук эле эмес, көп нерсе жетпейт.
Илгери жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Университетке көздү жуумп кирип, жуумп чыгып кетипмин” деп айтканы бар. Анын сыңарындай, биз деле көздү жумган бойдон окууну бүтүп кетиптирбиз. Азыр журналисттерге укуктан башка психологияны да окутуу абзел. Мен убагында психологияны окуп албаганыма өкүнөм. Бул адамдын жан дүйнөсүн иликтеген, өтө чоң илим тура.
– Азыркы журналистика сезимтал темаларды кандай чагылдырууда?
– Акыркы кезде зөөкүрдүк болобу, зомбулук болобу журналисттер аны күнүмдүк окуя катары чагылдыра баштады. “Жамгыр жаады, картошка терилди” дегендей эле кабар жазып коюшат. Андан кийин эч кандай иликтөө, талдоо болбойт. Ошол себептүү бизде зомбулук көбөйдү. Жылына 10 миңден ашуун зомбулук фактысы катталып, 10-15 аял ур-токмоктон каза табууда. Өкүнүчтүүсү, көйгөйгө сезимталдык менен карап, анализ кылган журналисттер аз.
Эгер журналисттер зомбулукту кабар катары жаза берсе, окурман да аны бара-бара көнүмүш катары кабыл ала баштайт.
Анан бири-бирин аябаган зөөкүр коомдо жашаганга аргасыз болобуз. Анткени зомбулуктун табияты ошондой. Коом тарабынан жерилип, жазаланбаса, рак клеткасы сыяктуу тамырлап, жайылып кетет. Азыр зомбулукка байланыштуу канча иш сотто жабылып, канчасы кыскарып жатат. Аны териштирген, артынан түшкөн журналисттер барбы? Ошон үчүн кылмыштуулук көбөйүп жатат да. Бул жөн эле аял-эркектин чатагы эмес, келечекке коркунуч келтирчү олуттуу маселе.
– Акыркы жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигине чабуул күчөгөнү айтылып келет. Жакында журналисттердин соту болуп, аял журналисттер соттолду. Андан тышкары сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынууда. Ушул процесстин баары журналисттерди мокотуп, зомбулукка каршы аракеттерди солгундатат деп ойлойсузбу?
– Албетте, таасири тийет. Айтсамбы же айтпасамбы, жөн эле коеюнчу деген журналисттер пайда болот. Айрымдары токоч табуунун гана аргасын издеп, курч көйгөйдү чагылдыруудан качып калат. Зомбулукка каршы маанайды ойготчу ириде журналисттер да. Алар эркин иштей албаса, кантип коом ойгонот? Мурда ар бир төртүнчү үйдө зомбулук жасалат деген түшүнүк бар эле, азыр ар бир экинчи үйдө болуп калды. Бизде тышкы коркунуч эмес, ички коркунуч күчөп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу маселе. Үй-бүлө мамлекеттин пайдубалы, пайдубалдан жарака кетсе, экономикаң да, башкаң да түккө турбайт.
Санжи Туйтунова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.