8-сентябрь – Журналисттик тилектештиктин эл эралык күнү. Анткен менен эгемен Кыргызстанда эркин ой-пикир айткандар, бийликти сындагандар куугунтукка кабылып, темир тор артында калууда. Акыркы кезде өзгөчө эркин медиалар ак сөз үчүн кысымга алынууда.
Кыргызстан Конституциясы «…Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес…» экенин кепилдейт.
Ушул күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу жана публицист Олжобай Эгембердиевди (Олжобай Шакир) «массалык башаламандыкка чакырууга» айыптап, сот аны эки айга УКМКнын тергөө абагында калтырды. Олжобай Шакир бийликке сын-пикир айтып келген. Жакында ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршылыгын билдирип, 31-августта нааразылык акциясын өткөрүүнү демилгелеген.
Ошондой эле акыркы мезгилде «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козуткан» деген айып окутуучу Гүлзат Алиевага, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго, Адилет Али Мыктыбекке (Адилет Балтабай), Ырыс Жекшеналиевге, Афтандил Жоробековго, саясатчы Бактыбек Калмаматовго, журналист Семетей Талас уулуна, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге коюлган. Суракка алынгандардын өңчөйү бийликти сындап, ой-пикирин ачык айтып соцтармактарда пикир жазгандар.
Жакында эле соцтармактарда коомдук көйгөйлөр жөнүндө пост жазып жүргөн Бектемир Төлөн уулу эки күн катары менен УКМКга суракка чакырылды.
Эркин ой-пикири үчүн сурак берип, жоопко тартылгандардын бул айрымдары гана.
Эркин медиага басым
Басма сөз эркиндигинин абалы да жылдан-жылга начарлап баратат. 2022-жылдын жыйынтыгында “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде Кыргызстан ушул көрсөткүч боюнча 122-орунга түштү, а андан бир жыл мурун 72-орунда болчу. Бир кездери «демократия аралчасы» аталган Кыргызстан учурда эркин эмес өлкөлөрдүн сабында. Эл аралык Freedom House уюмунун «Дүйнөдөгү эркиндик – 2023» деп аталган баяндамасынан Кыргызстан дүйнөдөгү «эркин эмес» 50 мамлекеттин катарында экенин көрөбүз.
Кыргызстан эгемендик алган мезгилден тарта эле эркин масс-медиага жана эркин журналисттерге басым, куугунтук жүрүп келатат. Бийлик өкүлдөрү, ал тургай Конституциянын гаранты – өлкө башчылары «абийириме доо кетирди» деген жүйөө менен ЖМКлар жана журналисттер менен соттошуп, айрымдары миллиондук кенемте өндөрүү ниетин билдиргени эсибизде.
Эгемен Кыргызстан тарыхында алгачкы болуп оппозициялык «Respublica» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ондогон журналист-операторлор ур-токмокко алынып, басылмалар, ТВлар жана маалыматтык сайттар бөгөттөлүүдө. Кесиптик ишине байланыштуу 2007-жылы өзбек тилдүү «Саясат» гезитинин башредактору Алишер Саипов Ош шаарында өлтүрүлдү; 2009-жылы оппозициялык журналист Геннадий Павлюк Казакстандын Алматы шаарында киши колдуу болду. Бир нече көзкарандысыз басылмалар бийлик тарабынан рейдерлик баскынчылыкка тушугуп, айрымдары жабылды.
Акыркы жылдардагы абал дагы да начар. 2022-жылы Next TV телекомпаниясынын жетекчиси Таалайбек Дүйшөнбиев шарттуу түрдө үч жылга соттолду. Өткөн жылы «Азаттык Медианын» веб-сайты жана банк эсеби бөгөттөлүп, аны ЖМК катары жаап коюу аракеттери болду. «Азаттык» сайты жакында гана кайрадан ишин улантып баштады.
Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күч менен Орусияга чыгарылды.
Жарыяланган материалына байланыштуу бир катар эркин журналисттер УКМКга суракка чакырылды. Бул айрым гана мисалдар.
Эми болсо Бишкек шаардык прокуратуранын «Клооп Медиа» коомдук фондун жабуу боюнча доосу кайрадан коомчулук менен журналисттик чөйрөнү толкутту. Ал доонун соттук кароосу 26-сентябрда башталганы турат. «Клоопто» иштеген журналисттерди колдогон кайрылуулар күн сайын чыгып, Кыргызстандын медиа чөйрөсүндө жана эл аралык деңгээлде кесиптик тилектештиктин бар экенин айтса болот.
Көчүрмө мыйзамдардагы көмүскө кызыкчылык
Эркин сөздү чектөөгө жана жапырт көзөмөлдөөгө мүмкүндүк жараткан мыйзамдардын кабыл алынышы да кооптуулук жаратат. Маселен, Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
Чуулгандуу бул мыйзам 2021-жылы Садыр Жапаров бийликке келгенде кабыл алынган. Бирок аталган мыйзам бир дагы фейк-аккаунтту аныктап, чара көрө элек. Тескеринче ал ЖМКларга каршы иштеп, анын күчү менен ошол эле «Respublica» гезитинин сайты эки айга жабылып, кийин «Клооп», 24.kg жана «ПолитКлиника» сайттарына даттануулар түшкөн болчу.
Адистер бул мыйзам Орусиянын «Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзам долбооруна жана «Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» Федералдык мыйзамына абдан үндөшөрүн белгилешет.
Көчүрмө мыйзамдардын дагы бири – «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана ал уюмдарга «чет элдик агент» макамын тагуу аракети. Орусияда «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Чет жактан каржыланган көз карандысыз медиалар «чет элдик агент» деп таанылып, көпчүлүгү Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Кыргызстанда Надира Нарматова баштаган 30дай депутат сырттан каражат алып иштеген бейөкмөт уюмдарга «чет элдик өкүл» деген макам берүүнү демилгелеген мыйзам долбоору күзүндө Жогорку Кеңеште каралат. «Адилет» укуктук клиникасы бул мыйзамдын 98%ы Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.
Сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар, аларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн оош-кыйыштуу жактары жөнүндө сөз болгондо калктын калың катмары муну журналисттерге, укук коргоочуларга гана тиешелүү көйгөй катары карашат. Эгер эркиндикти чектеген мыйзамдар кабыл алынып, эркин медиаларга куугунтук дагы күчөсө, көпчүлүгү жабылса, бийликтен мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту ким талап кылат, карапайым калктын үнүн коомчулукка жана бийликке ким жеткирет?
Акыркы кезде бийлик эркин ой-пикир билдирген көз карандысыз журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге кылмыш ишин ачып жасалма айыптоо аркылуу эркин ой-пикирди муунтуу аракети болуп жатканы айкын эле көрүнүп турат.
Ушул абалда журналисттик тилектештик бекем болуп турса экен дейсиң. Бүгүн сөз эркиндигине күйгөн алдыңкылардын эрки сындырылса, эртең элдин калың катмарына жетери турган кеп.
Гулзат Газиева