Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү акыркы жаңылыктарды билгиңиз келгенде эмне кыласыз? Телевизор күйгүзөсүзбү же жаңылыктар тиркемесин ачасызбы?
Z мууну үчүн бул суроонун жообу алда качантан эле белгилүү: алар акыркы кабарлар үчүн соцтармактарга жана стриминг кызматтарына (YouTube, Netflix ж.б.) кайрылышат.
Себеби, алар “санарип адамдар” же интернет менен өскөн алгачкы муун. Z муунунун медиа-колдонуудагы негизги өзгөчөлүктөрү кандай жана бул муун салттуу ЖМКга кандай чакырыктарды жасоодо?
Z мууну деген кимдер?
Бул муунга 1996-жылдан 2010-жылга чейин төрөлгөндөр кирет. Кыргызстанда 14–29 жаш арасында 1 млн 800 миң адам жашайт. Башкача айтканда, ар бир төртүнчү кыргызстандык дал ушул Z муунунун өкүлү. Демек, аларды потенциалдуу чоң аудитория деп эсептесе болот.
Мындан улам “бүгүнкү күндө кыргыз ЖМКлары бул муундун талаптарын жана муктаждыктарын түшүнүп, ошого жараша контент даярдап жатабы?” деген суроо жаралат. Себеби, дүйнөдөгү илимий изилдөө борборлору бул муундун медиа-колдонууда талаптары жана адаттары мурдагы муундардан айырмаланарын белгилеп келишет.
Негизги айырмачылык – Z муунунун өкүлдөрүнүн, же башкача айтканда, зумерлердин смартфондо жана онлайн режимде жашоосу.
Британиялык Коомдук байланыштарды изилдөө институтунун изилдөөсүндө 18–24 жаш курагындагылар орто эсеп менен күнүнө 10,6 саат убактысын (күнүнүн 44%ын) онлайн режимде өткөрүшөрү, анын көбүн оюндарга, социалдык тармактарга жана стримингдерге коротушары айтылат.
“Зумерлер маалыматты Гугл аркылуу эмес, соцтармактарда издешет”
Кыргызстанда алгачкылардан болуп социалдык тармактарда журналистика менен алектене баштаган “Башта”долбоорунун катталуучуларынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Долбоордун Инстаграмдагы аудиториясынын басымдуу бөлүгү 24–35 жаш арасындагылар. Ал эми ТикТок баракчасына 15 жаштан 28 жашка чейинкилер көп катталган.
Долбоордун авторлорунун бири Азат Рузиев бул платформалар маалыматты азыр жана ушул жерде колдонгон аудиторияга жетүүнүн жакшы жолу экенин айтат.
Teens.kg аталышындагы өспүрүмдөргө жана жаштарга арналган санариптик медиадолбоор дагы өз ишин социалдык тармактарда жүргүзөт. Долбоордун жетекчиси Элина Туралыева жаш муун азыр маалыматты Гугл аркылуу эмес, Инстаграм, ТикТок же Ютуб аркылуу издеп калышканын айтат:
– Анткени Google издөө системасы көп учурларда толтура жоопторду берип, алардын арасында жарнамасы дагы, туура эмес маалыматы дагы бар. Керектүү маалыматты тапканча баш айланат. Соцтармактарда деле мүмкүн ал маселе бар, бирок азыр жаш муун маалыматты соцтармак аркылуу тезирээк табабыз деп калышкан.
“Сторителлинг жана контенттин кыскалыгы маанилүү”
Азат Рузиев социалдык тармактар үчүн контент даярдоодо сторителлинг жана контенттин кыскалыгы маанилүү экенин белгилеп өттү:
– Биз “Баштада” татаал маселелерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүп беребиз. ТикТокто жана Инстаграмда адамдар татаал контентти көрүүгө даяр, эгер аны туура ыкма менен берсе. Мисалы, биз видеоконтент гана жасабайбыз, кээде текст түрүндөгү карточкаларды жасайбыз. Жакындан бери видео карточкаларды жасап баштадык. Мисалы, А4 форматындагы төрт барак оор текстти туура дизайн менен, жеңил сөздөрдү таап, кызыктуу кылып берсе, адамдар аны аягына чейин окуй турганын түшүндүк.

Рузиевдин айтымында, соцтармактарда эң көп көрүлгөн формат – бул видео жана рилcтер (Reels). Видеоконтенттин оптималдуу узактыгы 90 секунд, эгер 40 секунддан ашпаса, андан дагы көп көрүү топтойт. Видео абдан динамикалуу болуп, кадр бат-баттан алмашып турушу керек жана сөзсүз түрдө субтитрлер болушу шарт. Андан кийин көп колдонулган формат – карточкалар.
Бирок ал форматтан дагы контенттин мазмуну, окуянын өзү маанилүү экенин белгилеп өттү. Ал эми алардын аудиториясын кызыктырган темалар, мазмун боюнча буларга токтолду:
– Жаштар климаттын өзгөрүүсү көйгөйүнө көп кабатыр болгону менен айырмаланат деп айта алабыз. Балким, алар жана алардын балдары суусу азыркыдан эки эсе аз Кыргызстанда жашагысы келбейттир. Ошондуктан алар климаттын өзгөрүүсү тууралуу роликтерди көбүрөөк көрүшөт. Мисалы, таштандыны кантип иргөө керек экени жөнүндө.
Рузиев зордук-зомбулук, дегеле акыйкатсыздыкка байланыштуу контент дайыма көп көрүлөрүн айтып, байкоолорунун негизинде жаштар улуу муундан айырмаланып, зордук-зомбулукту, “күчтүү колду” колдобой турганын кошумчалады.
“Жаштардын муктаждыктарын билүү керек”
Азат Рузиевдин айтымында, жаштар түз айтылган кеңештерди, инструкцияларды көп окуйт жана көрөт:
– Алар батир сатып алуу үчүн кантип акча чогултса болот, чет өлкөгө кантип кетсе болот, англис тилин кантип үйрөнсө болот, кантип мамиле куруш керек, буллингге кабылганда эмне кылыш керек, ата-энесинин тигил же бул кыймыл-аракетин түшүнгүсү келет. Эгер жаштардын ушул муктаждыктарын билсеңиз, аларга жооп бере турган контент жасоого мүмкүнчүлүгүңүз болот. Ошондуктан эгер басылма жаштар менен иштегиси келсе, алардын муктаждыктарын билиши керек.
Teens.kg долбоору жаштардын дал ушул муктаждыктарына жооп берүү максатында 2017-жылы башталган.
Teens.kg – сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук, менталдык саламаттык, ата-эне жана достор менен мамиле, гендердик теңсиздик сыяктуу жаштарды жана өспүрүмдөрдү кабатыр кылган маселелер боюнча агартуу ишин жүргүзгөн медиадолбоор.

– Биздин коомдо табуланган темалардан улам Z мууну жыныстык агартууга, дегеле өзүн-өзү таанууга муктаж. Бул жаатта билимдин жетишсиздиги ар кандай көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Ошол эле убакта Z мууну менталдык ден-соолука чоң маани берет, – деп билдирди долбоордун жетекчиси Элина Туралыева.
Долбоордун баракчаларында жогоруда саналып өткөн темалар боюнча агартуучу контенттен тышкары, ыдыкка, зомбулукка кабылган, ата-энеси менен мамиле курууда көйгөйлөрдү жашаган каармандардын окуялары дагы жарыяланып турат.
Форматы боюнча материалдар видео, карточкалардан тышкары, комикс, анимация жана мем түрүндө даярдалат.
Долбоордун артыкчылыктарынын бири – контентти даярдаган команда долбоордун өзүнүн аудиториясынан, тактап айтканда Z муунунун өкүлдөрүнөн топтолгон. Демек, алар бул муундун муктаждыктарын жакшы билет.
Z мууну салттуу ЖМКларга кандай чакырыктарды жасоодо?
Азат Рузиев дагы, Элина Туралыева дагы Z мууну үчүн маалыматты жеңил жана жалпак тилде жеткирүү маанилүү экенин айтып өтүштү.
Мындан тышкары, Элина бул муун ресурстарга оңой менен ишенбей турганын, алардын көңүлүн бурдуруу оңой эмес экенин, андыктан маалымат текшерилген булактардан алынуусу кажет экенин жана контент алгачкы мүнөттөн тартып кызыктыра алышы керек экенин белгиледи:
– Медиаматериалдын тили жана стили бул муунга татыктуу болушу керек. Мурункудай татаал же формалдуу стилде жасалган материалдар кызыктырбайт жана эч нерсеге үйрөтпөйт. Соцтармактардын доорунда контент толтура болгондуктан, жаштар бат эле тажап кетишет.
Азат Рузиев сөз болуп жаткан муун англис тилин дагы билгендиктен, дүйнөнү бүтүн бойдон көрөт, андыктан алар үчүн контентти жогорку сапатта даярдоо керек деген пикирин айтты.
Ошондой эле, алар жаш аудиторияны тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу үчүн интерактивдүү форматтарды колдонуу керек экенин белгилеп өтүштү. Бул социалдык тармактарда тарыхча, комментарий, кат куржуну аркылуу аудитория менен баарлашуу түрүндө болушу мүмкүн. Же викторина, оюн түрүндө дагы болушу мүмкүн. Себеби, бир катар изилдөөлөрдө Z мууну убактысынын көбүн оюндарга арнары айтылат.
Оюн аркылуу кандайдыр бир маалыматты, теманы жеткирүү практикасын Кыргызстанда медиасабаттуулукту жайылтуу менен алектенген “Чырак Глобал” уюму колдонуп келет. Уюмдун qlever.asia порталында медиа-маалыматтык сабаттуулук, сынчыл көз карашты өнүктүрүү, пропагандага туруштук берүү, кастык тилин билүү жана ага туруштук берүү темалары боюнча иштелип чыккан оюндар бар.

Порталдын максаттуу аудиториясы – 12 жаштан 36 жашка чейинкилер. Уюмдун координатору Кундуз Жекшен кызынын айтымында, бул аудиториянын жаш-курагын эске алуу менен билим берүүчү контентти жеткирүү үчүн инструмент катары атайын гейминг тандалып алынган.
Кундуз Жекшен кызы Z мууну динамикалуу, интерактивдүү, практикада колдоно турган контентке басым жасарын белгиледи. Мындан улам алар иштеп чыккан оюндарда ар бир колдонуучу башкы каармандын ордунда болуп, сценарий боюнча жазылган жолду өзү басып өтөт.
Кундуз Жекшен кызы гейминг аркылуу маалымат берүүнүн негизги артыкчылыгы анын кабыл алуу процессин жеңилдеткенинде экенин айтты:
– Гейминг кандай гана тема болбосун, аны жайылтуу үчүн мыкты инструмент. Себеби, ал маалыматты кабыл алуу процессин жеңилдетет.
Мындан тышкары, порталдын өкүлүнүн айтымында, оюндар аркылуу бардык масштабдагы каалаган көйгөйдү көрсөтсө болот.
– Мамлекеттик масштабда кабыл алынып жаткан чечимдер тууралуу дагы сценарий боюнча ойдон чыгарылган дүйнөнүн мисалында айтып берсе болот. Окурмандар ал оюнду ойноп жатып, бул чечимдер кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн экенин көрө алышат, – деди Кундуз Жекшен кызы.
Гейминг жаш аудиторияга жетүүнүн эффективдүү жолдорунун бири болгону менен, аны даярдоо үчүн ресурс керек. Медиапродуктту берүүдө бул инструментти колдонгусу келген бардык эле уюмдарга каржы жагынан туура келе бербейт. Андыктан Z муунунун салттуу медиаларга таштаган чакырыктарынын бири маалыматты өзгөчө форматта берүү талабын койгону десек болчудай.
Чынаргүл Жумабекова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.