Июнь айынын аягында “Сары-Челек” биосфералык коругунда Кыргызстандын бардык аймактарынан: Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Тогуз-Тородон келген аймактык журналисттер үчүн семинар болуп өттү.
Семинар #Биртүндүктүнастында деген ураан менен өттү.
Семинардын 58 катышуучусу бири-бирин өз аймагы менен тааныштырып, музыкалык презентация жасашты.
“Салам медиадан” видео.
Журналисттер Интерньюстун колдоосу менен “Полис Азия” Аналитикалык борбору жүргүзгөн медиадагы кыргыз тилинин сапаты боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышышты.
Презентациядан кийин журналисттер жана редакторлор өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө башынан өткөргөн адабий кыргыз тилинин нормаларын колдонуу көйгөйлөрү талкуулашты.
Катышуучулар топ топ болуп иштешип, медиадагы кыргыз тилинин сапатын жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарын беришти.
Кыргыз Эл артисти, акын жана композитор Түгөлбай Казаков журналисттердин социалдык маанилүү темаларды кеңири аудиторияга таанытуу миссиясы боюнча мотивациялык сессия өткөрдү.
“Чындыкты издөө-журналисттердин негизги милдети. Канчалык кыйын болбосун, кандай тоскоолдуктар болбосун, чындыкка бекем болуш керек. Учурдагы көйгөйлөрдү концептуалдык көз караш менен бийиктен караңыз. Бул окуялардын катышуучусу болбогонго жана калыс болууга мүмкүнчүлүк берет”, — Казаков айткан негизги ойлор.
Көбүрөөк сүрөттөрдү төмөндө караңыз:
Эксперт Аймен Касенов сынчыл ой жүгүртүү боюнча сессия өткөрдү, ошондой эле ал жалпы дүйнөлүк тренддер жана алар кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасир этери жөнүндө айтып берди.
Психолог Перизат Асылбекова кесиптик чарчоо боюнча презентация өткөрдү жана жумуштагы эмоционалдык чарчоону өз алдынча жеңүүгө мүмкүндүк берүүчү бир нече практикалык ыкмаларды берди.
Видео. Оштон келген катышуучу Айдана Амалбек кызы