Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылдык 3-сыйлыкка мыкты журналисттик иликтөө үчүн сынак жарыяланат

"Журналисттик иликтөөлөр фонду" КФ жана Кыргызстандагы Интерньюс Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылдык 3-сыйлыкка 2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн сынак жарыялайт.

 

Сынактын максаты

кыргызстандык журналисттердин иликтөөчү жанрдын өнүгүүсүнө,

ошондой эле коррупциялык схемаларды жана мыйзам бузууларын ачыкка чыгарып, аларга бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерге кызыгын арттыруу.

Сынакка журналисттик иликтөөлөр менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.

 

Кабыл алынган иштерди баалоодогу негизги талаптар:

  • журналисттик иликтөөлөрдүн актуалдуулугу жана темасынын масштабы;
  • автордук ыкмасы жана стили;
  • форматтарынын жана визуалдаштыруусунун түрдүүлүгү (мультимедиалуулугу)
  • темасын толук ачып берүүсү;
  • иликтөөнүн далилдүүлүгү;
  • алынган маалыматтын өзгөчөлүгү;
  • иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу.

 

2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсүнүн автору же авторлор тобу 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, атайы статуэтка жана диплом менен сыйланмакчы.

Сынакка катышуу тартиби

Сынакка арыз кыргыз же орус тилдеринде берилип, анда

- талапкердин аты-жөнү,

- уюмдун аталышы,

- сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы жана материалга шилтемеси болушу зарыл.

 

Сынакка 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарык көргөн материалдар кабыл алынат.

Бир талапкер сынакка чектелбеген сандагы материал көрсөтө алат. Бул учурда берилген ар бир материалга өзүнчө арыз толтурулушу зарыл. Жарык көрбөгөн материалдар сынакка катыша албайт.

Жашырын ат менен жарык көргөн материалдарга автордун толук атын, материалдын аталышын жана ал жарык көргөн күнүн камтыган басылма маалымкаты тиркелиши керек.

Сынакка катышуу үчүн Google-формада онлайн АРЫЗДЫ  толтуруу керек.

Арыздар 2021-жылга чейин 15-январын кошуп кабыл алынат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар кароого кабыл алынбайт.

Бардык суроолор боюнча Журналисттик иликтөөлөр фондунун долбоордук менеджери Гүлмира Эсенгелдиевага [email protected] эл. дареги боюнча кайрылууга болот.

 

Маанилүү! Мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылдык 3-сыйлыгы жаңы форматта өткөрүлөт.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 2021-жылдын 12-февралында «Чындык» иликтөөчү журналистика форумунун алкагында өтмөкчү.    

Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн TRACK долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

«Чындык» форуму – бул журналисттик иликтөөлөрдүн өнүгүүсүнө арналган иш-чара. Аталган долбоордун шериги катары Журналисттик иликтөөлөр фонду чыгат. Форум программасында панелдик талкуулар, тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин, алардын ичинде чет элдик кесиптештердин лекциялары жана воркшоптору орун алмакчы.

     
Бөлүшүү