Кыргызстандагы аймактык журналистиканы өнүктүрүү боюнча стипендиаттар сынагы жарыяланат

 

2021-жылы Media-K долбоору аймактык журналисттерди колдоо максатында  стипендиялардын сынактык программасын жүргүзмөкчү, ал чечимдер журналистикасынын практикасына багытталган. Программа алкагында жыл сайын Кыргызстандын ар кыл аймактарынан 6 кыргыз тилинде жазган журналист тандалып алынмакчы.  

 

 

Программа боюнча журналисттик материалдар тажрыйбалуу менторлор насаатчылыгы астында өндүрүлүшү жана жарык көрүшү каралган, ошондой эле ар айлык стипендия берилет.  

      

Максаттары  

 

Программанын максаты  журналисттердин коомдук маанилүү маселелерди ийгиликтүү чечүүгө багытталган кыргыз тилиндеги сапаттуу жана актуалдуу контент жаратуу жөндөмдөрүн жакшыртуу. Ошондой эле программа коомчулуктардын көйгөйлүү маселелеринин натыйжалуу чечилишине түрткү берүүчү журналисттик материалдардын санын жогорулатууга багытталган.  

      

      

Колдоо канчалык көлөмдө болот  

      

Тандалган талапкерлер кыргыз тилиндеги сапаттуу материал жаратуусу үчүн ар айлык финансылык колдоо жана ментордук жардам алышат. Биринчи жарым жылда материалдардын жарыялануусуна жана менторлор менен иш алып баруусуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүлмөкчү. Бул стажировканы узартууга негиз болот.    

 

Программа мөөнөтү2021-жылдын март-декабрь айлары. 

      

 

Ким катыша алат 

 

Сынакка Кыргызстандын аймактарындагы кыргыз тилинде жазган башталгыч журналисттер / фрилансерлер катыша алышат.  

 

Талапкерлер көрсөтүүсү тийиш: 

- журналистикада өз карьерасын улантууга жетишээрлик ынтызаарлыгын,  

- жеке убактысын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө коротууга даярдыгын, 

чечимдер журналистикасына көңүл коюу жөндөмүн. 

      

Окутуу жана менторлук 

      

Стипендиаттар көрсөтмө берүүчү жана негизги тренингдерден өтүшөт, маалыматты берүүдө ар кыл куралдар менен иштей билген универсалдуу журналист жөндөмдөрүнө ээ болушат.   

 

      

Кандайча катышууга болот

    

 

Сынакка катышуу үчүн форманы 2021-жылдын 1-марты, саат 18:00гө чейин толтуруу зарыл.      

 

КАТТОО ФОРМАСЫ 

 

Формага кийинкилерди жүктөө керек: 

- резюмени 

окуунун эмнеге керектигин сүрөттөгөн түрткү берүүчү катты 

мыкты материалдарына шилтемелерди 

 

Бардык суроолор боюнча Медиа-К долбоорунун аймактык журналистика боюнча координатору Максуда Айтиевага кийинки дарек боюнча кайрылууга болот: [email protected]

      
«Медианын көз карандысыздыгын колдоо демилгеси» долбоору («Медиа-К») USAID-дин колдоосунда Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү тарабынан FHI 360 менен кызматташуусунда ишке ашырылат.  Ал МККлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган, бул өз иретинде жарандардын негизделген чечим чыгарып, коомдук кызыкчылыктарды чагылдырууга жардам берген түрдүү жана теңдештирилген, ар тараптуу маалыматка болгон жеткилигин жакшыртууга жол бермекчи. 

 

   
Бөлүшүү