Универсалдуу Журналист Мектебине өтүнмө тапшыруу башталды
Универсалдуу Журналисттин Мектебин КРдеги Интерньюстун Өкүлчүлүгү Ош Мамлекеттик Университет менен өнөктөштүктө “Медиа-К” долбоорунун алкагында уюштурган. 15 күндүк интенсивдүү окуу курсу кросс-платформалуу ЖМКда иш алып баруу боюнча практикалык билимдерди жана көндүмдөрду алгысы келген жана кесипке жаңыдан аралашып жаткан жаш медиа адистерге эсептелген.
Универсалдуу журналист мектеби-бул кросс-платформалык медиаларда иштөө үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү үйрөнүүнү каалагандар үчүн курс.
Окутуу Ошто Ош Мамлекеттик Университетинин Медиаборборунда 2023-жылдын 25-майдан 8 июнга - чейин өтөт.
Универсал Журналист мектебине ОШ, Баткен жана Жалал-абад облустарындагы ЖМК, онлайн-басылмалардын журналисттери, операторлору жана ишмердүүлүгүн жаңыдан баштаган журналисттер катыша алышат. Штаттык кызматкерлер, стажерлор, фрилансерлер жана бир эле учурда ЖМКлардын ар кандай платформаларга контент даядоону пландаштырып жүргөндөр каалагандар чакырылат.
Окутууну кыргызстандык медиатренерлер кыргыз тилинде өткөрүшөт.
Тренинг 15 күн толугу менен окууга гана көңүл бурууну талап кылат.
Эгер сиз мындай интенсивдүү режимде окуй албасаңыз, анда өтүнмөнү толтурбооңузду суранабыз.
Мектептин программасында:
Көңүл буруңуз! Баткен жана Жалал-абад облустарынан келген катышуучулардын транспорттук чыгымдары, жатаканасы жана тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Универсалдуу журналист мектебине катышуу дем алыш күндөргө тыныгуусуз 15 күн бою толук жүргүзүлөт.
Тренингге онлайн-өтүнмөнү 2023 жылдын 16 майына чейин - ушул жерден шилтемени толтуруңуз
Өтүнмөгө милдеттүү түрдө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:
Катышуучуларды тандоо эки этапта жүргүзүлөт:
- өтүнмөлөр конкурсу
- биринчи этаптан өткөндөр үчүн онлайн режиминде маектешүү.
Көңүл буруңуз! Өтүнмө жибергендердин бардыгы же тандоонун экинчи этап-маектешүүгө чакыруу кат, же тандоо сынагынан өтпөй калгандыгы тууралуу кат арызда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.
Тандалган мектептин катышуучулары окуу мезгилинде смартфон, кулакчын (наушник) жана мүмкүлүккө жараша ноутбук алып жүрүшү керек.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн электрондук дарек боюнча Интерньюстун медиакеңешчисине Элима Джапаровага кайрылыңыз: edzhaparova@internews.org