"Видео: мыйзамды чагылдырууда жаңы форматтар жана ыкмалар" онлайн-сессиясына катталыңыз

Кыргызстандагы Интерньюс креативдүү видеоконтент түзүүгө кызыкдар журналисттер, режиссерлор жана продюсерлер үчүн онлайн-сессия өткөрөт. Анда сиз өлкөнүн ар бир жаранына тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөр жөнүндө татаал темаларды көрүүчүгө жеткирүүгө мүмкүндүк берген контентти кантип жасоону үйрөнөсүз.

 

Вебинар 7-июнда саат 16:00дөн 18:00гө чейин орус тилинде кыргыз тилине синхрондуу которуу менен өткөрүлөт.

Тренер - журналист, продюсер, интервьюер жана блогер Елена Нечаева. Ал ТВдагы жумушун 2011-жылы кабарчылыктан баштаган.

2018-жылы «Апрель» телеканалынын маалымат кызматынын башкы редактору болгон.

Андан кийин медианын жаңы форматка өтүүсүнө катышкан.

Жакындан тарта Елена видеоблогер болуп иштей баштады.

           

Анын «ЧерныйЯщикБелыйШум» YouTube-каналы бир жыл ичинде 30 миңден ашуун жазылуучуну жана 2 миллион көрүүнү топтогон.

 
 

Нечаева төмөнкүдөй видеоконтент даярдоонун эл аралык тажрыйбасы жөнүндө айтып берет:

- ТВ үчүн видео

-caption-видео

-эксплейнер (түшүндүрүүчү видеоролик).

 

Ал видеоөндүрүү үчүн сторителлинг даярдоодогу өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

 

Онлайн-сессияга катышуунун шарттары

Вебинарга катышуу үчүн Кыргызстандагы журналисттер жана продюсерлер өтүнмө бере алышат.

  РЕГИСТРАЦИЯЛОО БУЛ ЖЕРДЕ  

Катышуучулар өтүнмөлөрдү тандап алуунун негизинде аныкталат.

Эгерде 4-июнь, кечки саат 18:00гө чейин төмөнкү шилтеме аркылуу катталсаңыз, сынакка катыша аласыз:

Иш-чарага чакыруу шилтемеси 4-5-июнь күндөрү сиз өтүнмөдө көрсөткөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.

 

Суроолоруңуз болсо, Интерньюстун Окуу борборунун жана контент өндүрүшүнүн координатору Элима Джапарова менен [email protected]  электрондук дареги аркылуу байланышыңыз.

Бөлүшүү