Журналисттер үчүн "Умтулуу-Стремление-2023" сынагы жарыяланат
Интерньюс Кыргызстандын кесиптик журналистика чөйрөсүндө жыл сайын өтүүчү "Умтулуу-Стремление-2023" улуттук сынагына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.
Сынактын максатыӨлкөдөгү медиа мекеме кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү.
Сынак жооп табууга татаал, чечилиши кыйын, бирок маанилүү темалар боюнча коомдук талкууну күчөтүүгө багытталган.
Сынактын номинациялары
Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек:
- - "Эл жана анын бийлиги"
- - ”Тынчтык жана ынтымак”
- - "Балалыкты коргоо"
- - "Айлана-чөйрөнү коргоо"
- - "Маданият жана агартуу"
- - "Аракеттеги адам"
Ошондой эле "Умтулуу-Стремление-2023" сынагынын атайын номинациялары да бар:
- Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин таануусу «Гендердик теңчилик, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү», мында жеңүүчүнү онлайн добуш берүү менен медиа коомчулук аныктайт. Интерньюс добуш берүү башталган датасы жана орду тууралуу кошумча маалымат берет.
- "Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган атайын сыйлык" аймактык журналистиканын өнүгүшүнө зор салымын кошкон медиа кызматкерине ыйгарылат.
Бул атайын сыйлыктын лауреатын Кыргызстандагы Интерньюстун сынактык комиссиясы аныктайт.
Сынактын катышуучулары
Сынакка медианын түрүнө карабастан 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки аралыкта биринчи жолу жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат .
Сынакка эл аралык медиалардын өкүлдөрүнөн тышкары, авторлор өздөрү же кызматеркелерин көрсөткөн медиа компаниялар өтүнмө бере алышат.
Сынакка катышуу үчүн онлайн-өтүнмө толтуруу керек:
Өтүнмө Кыргыз тилинде
Өтүнмө Орус тилинде
Өтүнмөгө редактордун катын тиркөөнү унутпаңыз. Жүктөп алуу бул жерде.
Өтүнмөлөр 2023-жылдын 15-майына чейин кабыл алынат.
Көңүл буруңуз! Өтүнмөнү толтурууну баштаардан мурун, сизден "Умтулуу -Стремление-23" Сынагынын Жобосундагы жана КБСЖдагы (Көп берилүүчү суроолордун жооптору) номинациялар, сынака материалдарды берүүнүн эрежелери, даталары жана башка өзгөчөлүктөрү менен кылдат таанышып чыгууну суранабыз.
Кошумча суроолор болсо, сынактын уюштуруу комитетинин өкүлү Элима Жапаровага иш күндөрү 09.00 дөн 18.00 гө чейин [email protected] электрондук дарегине жазыңыз.
"Умтулуу-Стремление" сынагы Кыргызстандагы көз карандысыз медианы өнүктүрүүгө багытталган "Медиа-К" узак мөөнөттүү долбоорунун алкагында уюштурулган, ал Интерньюс жана Фридом Хаус өнөктөштүгүндө ишке ашырылат жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.