Умтулуу-2022. Конкурстук иштерди кабыл алууну баштайбыз

Интерньюс Кыргызстандын кесипкөй журналистика чөйрөсүндө жыл сайын өтүүчү “Умтулуу-2022” улуттук сынагына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын жарыялайт.

 

Сынактын максаты 

Журналисттердин жана жалпы эле республикадагы медиа мекемелеринин кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн алкоо, алардын аудитория алдында, коомдун алдында өзүнүн жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү.

 Сынак жооп табууга оор, чечилиши кыйын, бирок маанилүү темаларды коомдук талкууга алууга түрткү берүүгө багытталган.

 

Конкурстун номинациялары

Интерньюс төмөндөгү темалар боюнча ар түрдүү медиа форматтагы сапаттуу журналисттик материалдардын авторлоруна артыкчылык берет:

  1. Эл жана анын бийлиги
  2. Балалыкты коргоо
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо
  4. Маданият жана агартуу
  5. Тең укуктуулар коому
  6. Аракетчил инсан

 

 

Ошондой эле "Умтулуу-2022" сыйлыгы атайын номинацияларда тапшырылат:

- Кесиптештердин таануусу "Өлкөнүн экономикасы жана финансылык сабаттуулук" темасын жактагандыгы үчүн ыйгарылат, жеңүүчү медиакоомчулуктун онлайн добуш берүүсү аркылуу  аныкталат.
  — "Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган атайын" сыйлык регионалдык журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн ыйгарылат.
 

Таиржан Бакиевич Турсуналиев  (1961-2014) бүт өмүрүн Кыргызстандын медиа чөйрөсүн өнүктүрүүгө арнаган. Көп жылдардан бери ал ар кандай ЖМКларда  иштеген жүздөгөн адистерге таалим тарбиясын берип өстүргөн.  12 жылдан ашык убакыт  Интерньюс уюмунун Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы  боюнча координатору болуп иштеген. Т. Турсуналиев "Ынтымак" КТРКсын түзүүнү демилгелегендердин бири болгон жана көп убакыт бою телекомпаниянын Байкоочу Кеңешин жетектеген.

   

Бул атайын сыйлыктын жеңүүчүсү Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун конкурстук комиссиясы тарабынан аныкталат.

 

 

Сынактын катышуучулары

Сынакка медианын түзүлүшүнө карабастан  2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат.

Сынакка катышууга өтүнмөлөрдү эл аралык медиалардын өкүлдөрүнөн сырткары, авторлор өздөрү же алардын атынан медиакомпаниялар бере алышат.

 

Сынакка катышуу үчүн бул жерде онлайн өтүнмө толтуруңуз:

 

Өтүнмө Орус тилинде

Өтүнмө Кыргыз тилинде

 

Өтүнмөгө милдеттүү түрдө редактордун макулдук катын тиркеңиз (бул жерден жүктөө алуу)

 

 

Өтүнмөлөр  2022- жылдын 30- апрелине чейин кабыл алынат.

  

Көңүл буруңуз! Номинациялар, конкурстук иштерди берүү ыкмалары, мөөнөттөрү жана "Умтулуу-22" конкурсунун бардык өзгөчөлүктөрү жөнүндө толук маалымат, СЫНАКТЫН жобосунда жана эң көп берилген суроолорго жооптордо.

 

Жобосу (көчүрүү)

Көп берилүүчү суроолор, (Суроолорго жооптор бул жерде).

 

Кошумча суроолор пайда болсо сынактын уюштуруу комитетинин өкүлү  Элима Жапаровага иш күндөрү саат 09.00 -18.00 чейин [email protected] дарегине жазыңыз.

 

"Умтулуу" сынагы Кыргызстандагы көз карандысыз медианы өнүктүрүүгө багытталган "Медиа-К" узак мөөнөттүү долбоорунун алкагында уюштурулган, ал Интерньюс жана FHI360  өнөктөштүгүндө ишке ашырылат жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.

 

 
Бөлүшүү