Медиа коомчулуктун билдирүүсү. Маданият министрлигинин "Азаттыкка" карата доо арызы кайра чакыртылууга тийиш

Медиа коомчулук Маданият министрлигине "Азаттык Медиа" мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алууну жана жалпысынан көз карандысыз медиага кысым көрсөтүүнү токтотуу талабын билдирди.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары-Маданият министрлиги)  2023-жылдын 17-январында "Азаттык Медиа" мекемесинин "Азаттык" ЖМК катары ишин токтотуу жөнүндө доо арызы менен Ленин райондук сотуна  кайрылган.

Министрликтин сотко жолдогон доо арызында арыз ээси Кыргыз Республикасынын “ЖМК жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесин (“Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси”), тагыраак белгилегенде “в” пунктун көрсөткөн, ал пунктта “ЖМКга согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний өзгөчөлүктү жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого жол берилбейт” деп айтылат. 

Маданият министрлиги доо арызында  2022-жылдын 26-октябрындагы КР "Жалган (анык эмес) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамын бузгандыгы үчүн "Азаттык Медиа" мекемесинин сайтын бөгөттөө тууралуу өзүнүн чечимине шилтеме жасаган. 

 Бул 2022-жылдын 16-сентябрында “Настоящее время. Азия” редакциясынын жаңылыктар бөлүмүндө   Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кагылышуулар жөнүндөгү “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгылашуулар” деп аталган материалга байланыштуу кабыл алынган чечим.

 

Биз мурда кабарлагандай. Кыргыз Республикасынын  "Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү" мыйзамы бул учурда мыйзамсыз колдонулган, анткени аталган мыйзамдын ченемдери анык эмес маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салат, бул Мыйзамга ылайык: "маалымат чындыкка дал келбейт, башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирет"деп түшүнүлүшү керек. 

 

2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген Мыйзам менен жазылган аны ишке ашыруу механизми жана тартибине ылайык жарандардын же юридикалык жактардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирилген болсо же аларга карата жалган (анык эмес) маалыматтар таратылган болсо, ошол жарандын же юридикалык жактын арызы боюнча гана сайтты бөгөттөөгө болот. 

Азаттык менен байланышкан бул  учурда министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес. Министрлик өз алдынча 2022-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын "Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамынын негизинде сайттагы эмес, социалдык тармактагы,  тагыраак айтканда  «Настоящее время. Азия" программасынын Youtube каналында жайылтылган материалды алып салуу талабын койгон . 

 

Кыргыз Республикасынын "Жалган (анык эмес) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамы боюнча, тарап анык эмес маалыматты алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, кийинки таасир этүү чарасы сайтты бөгөттөө болушу керек.

Бул катта министрлик арыз ээсин көрсөткөн эмес (ага карата бул адамдын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген анык эмес маалыматтар жайылтылган деп болжолдонуп жатканы менен жабыркаган адамдын өзү жок), анткени мындай адам эң башында болгон эмес жана азыркы учурга чейин жок. 

Ошондуктан Маданият министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин сайтына бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктары мыйзамсыз жана негизсиз колдонулган деп эсептейбиз. 

Азыркы учурда жол берилген иш — аракеттери үчүн Маданият министрлиги  "Азаттык Медиа" мекемесинин доосу боюнча административдик жоопкер катары өтүп жатат. Азаттык соттон редакциянын сайтын бөгөттөө боюнча мамлекеттик органдын чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табууну өтүнгөн. Бирок, маданият министрлиги административдик доонун каралышын жана маңызы боюнча чечимдин чыгышын күтпөстөн, "Азаттык Медиа" мекемесинин ЖМК катары ишмердүүлүгүнүн токтотулуусун талап кылган доо арыз менен кайрылган.

Маданият министрлигинин “ЖМКга согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний өзгөчөлүктү жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салуучу ченемдерин бузуу түрүндөгү  "Азаттык Медиа" мекемесине коюлуп жаткан доосу  олуттуу айыптоо болуп саналат. 

Анткени, пропаганда бул куралдуу чыр-чатакты тутандыруу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө жайылтууну билдирет. Башка элдерге жана улуттарга карата сабырсыздык зомбулукка, кемсинтүүгө чакырыктар менен шартталышы же кайсы бир улуттун, элдин өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматты жайылтуу менен шартталышы керек. Бирок мындай маалыматты "Азаттык Медиа" редакциясы тараткан эмес, болгону эки мамлекеттин расмий  органдарынын маалыматын жарыялаган.

Доо арызда программанын алып баруучусу эки тараптын өкүлдөрүнөн тең комментарий алганы көрсөтүлгөн. Бул учурда, редакция тарабынан журналисттердин кесиптик стандарттары сакталган, жалыпга маалым болгондой ага ылайык маалымат чогултуу эки тараптын аргументтерин тең  берилиши керек. 

 

Ошол эле учурда тажик тараптын журналисти Тажикстандын чек ара аскерлеринин басма сөз борбору даярдаган пресс-релиздеги маалыматты толугу менен окуп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын ушул эле программада Кыргыз Республикасынын "Азаттык Медиа" редакциясынын журналисти окуп чыгарган. КР "ЖМК" жөнүндө Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, эгерде бул маалыматтар мамлекеттик жана коомдук органдардын маалымат агенттиктеринен же басма сөз кызматтарынан алынган болсо, ЖМК органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

 

Мындан тышкары, Тажикстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы тарабынан берилген маалыматка "Азаттык Медиа" редакциясы төгүндөө берген.

Кыргыз тараптан "Азаттык Медианын" өкүлү бул маалыматты четке каккандыгын Маданият министрлигинин өзү да доо арызында жазып ырастаган. 

 

Ошондой эле Тажикстандын мамлекеттик органдарынын позициясы тууралуу маалымат биздин мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагында таратылып жаткан анык эмес маалыматтарга ыкчам жана өз убагында жооп кайтарууга жардам бергендигин да эске алуу керек. Муну менен  Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалымат жалган экендиги ырасталган.

 

Маданият министрлигинин доо арызында расмий Тажикстан өзүнүн пресс-релизинде манипуляциянын куралы катары талкаланган үйдүн архивдик сүрөтүн пайдаланган. Бирок, көңүл бурабыз: дал ушул фактчекингге адистешкен кыргызстандык көз карандысыз редакциялар чек аранын тегерегинде болуп жаткан тема боюнча жайылтылган ар кандай дезинформацияларды ашкерелөө менен журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн.

 

Натыйжада, Кыргызстандын көз карандысыз медиасынын  аракети менен Тажикстандын расмий булактары тарабынан туура эмес маалыматтардын тарагандыгы айгинеленип, социалдык тармактарда троллдордун колдонулушу  жана  аныкталбаган фактылардын жайылышы  maralfm.kg тууралуу ачыкталган. 

 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ошто тажик кыздын сабалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул фейк болуп чыкты

 

 

Дал ушул улуттук коопсуздукка коркунуч келген учурда  эркин, кесипкөй, жоопкерчиликтүү, мамлекеттик эмес ЖМКлардын болушу баа жеткис, анткени чындыкты издөө максатында кесиптик стандарттарды сактоо менен берилген маалыматтарга бекем ишенимди орнотот. Бул контекстте, дал ушул биздин журналисттер иликтөө жана фактыларды текшерүү боюнча өздөрүнүн кесиптик квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып, эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагы боло алышты, алар биздин журналисттердин материалдарына кайрылып, алар берген фото жана видео фактыларга ишенип калышты.

Эгерде коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келүүчү мыйзамдарды бузууга ЖМК тарабынан системалуу түрдө жана кара ниеттик менен жол берилсе жана буга документ менен тастыкталган далилдер болсо гана ЖМКнын ишин сот тарабынан токтотуу негиздүү деп табылышы мүмкүн. 

Министрлик тарабынан коюлган доо негизсиз, анткени анда "Азаттык Медиа" тарабынан коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келген мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгын тастыктаган реалдуу фактылар жана далилдер келтирилген эмес. 

"Азаттык Медиа" мекемесинин жабылышы ЖМКда сөз эркиндигин жана плюрализмди гана чектебестен, жарандардын маалымат алуу укугун да чектөөгө алып келет. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде биз медиа коомчулук Маданият министрлигине "Азаттык Медиа" мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алууну жана жалпысынан көз карандысыз медиага кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз.

 

"Медиа Полиси Институту"КФ

Журналисттердин көз карандысыз союзу

"Журналисттер" КБ

Журналисттик иликтөөлөр фонду

Нурдин Дүйшөнбеков, "Журналисттер"КБ 

"Медиа Консалт" Фонду

Factcheck.kg

"Арча Медиа" редакциясы

Абдумомунов Сабыр

Асел Оторбаев,  "24.kg" МА

Махинур Ниязова,  "24.kg" МА

Нургүл Абдыкеримова

Кайыргүл Урумканова, Govori TV

Дина Маслова,Kaktus.Media

Дмитрий Ложников, "Апрель"

Таалай Дүйшөнбиев, "Некст-ТВ" телеканалы

Эльмира Токтогулова

Динара Ошурахунова

Дилбар Алимова, "Полтклиника"

Азат Рузиев, "Башта"

Аделя Лаишева

Тамара Валиева

Марат Токоев

Улан Үсөйүн, «Баштан Башта»

Асел Сооронбаева

 

Тема боюнча материалдар:

 

КР бийлиги «Азаттык» радиосунун ЖМК катары иш алып баруусун токтоткусу келет

Бөлүшүү