Кыргызстандын медиа коомчулугунун басма сөз эркиндигинин Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата билдирүүсү

 

Бүгүн, 3 - май, Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленет. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы ЖМКларга жана журналисттерге кысым күчөгөндүгүнөн улам начарлап баратканын өкүнүү менен билдиребиз. 

 

2022-жылдын башынан бери эле Temirov.Live, kaktus.media жана Next телеканалынын редакцияларына кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч кылмыш иши козголгон. 

 

Ушул жылдын 22-январында милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист жана Temirov.Live редакциянын негиздөөчүсү  Болот Темировду кармап кетишкен. Редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, техникалык жабдууларды алынган. 

Журналистке карата кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду ("сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо"). 2022-жылдын апрелинде Укук коргоо органдары андан тышкары дагы эки кылмыш ишин козгогон, бул жолу  журналистти КР Кылмыш-жаза кодексинин 379 ("документтерди жасалмалоо") жана 378 ("КР Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") беренелери боюнча айыпташкан. Эки учурда тең болот Темировго карата кылмыш иштери коррупцияга каршы резонанстуу материалдар жарыялангандан кийин ачылган, анда Кыргызстандагы жогорку  даражалуу кызмат адамынын аты аталган. 

 

2022-жылдын 31-январында прокуратура kaktus.media редакциясына чек ара жаңжалы учурунда тажик басылмасы чыгарган  материалды өздөрүнүн сайтына жарыялагандыгы үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 407- "Согушту пропагандалоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Сотко чейинки өндүрүш редакциянын аракеттеринде кылмыш жасоонун квалификациялык белгилери жок экендигине карабастан башталган. 

 

 2022-жылдын 3-мартында Next TV телеканалынын директору  Таалай Дуйшенбиевдин "Адамдардын тобунун алдын ала сүйлөшүүсү менен ЖМКларды же интернет тармагын пайдалануу аркылуу, массалык араздашууну козуткан" деген шек менен кармалгандыгы ЖМКга болгон кысымдын кезектеги фактысы болду. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин, Таалай Дуйшенбиевден тышкары, бул иш боюнча башка шектүүлөрдүн аныкталбагандыгы, бул факт боюнча кылмыштын курамы жок экендигин көрсөтүп турат. Дуйшенбиев 3-июнга чейин камакта кала турган болду. Ошол эле учурда КР Башкы прокуратурасы  Next TV  телеканалынын ишин токтотууга жана анын контенттерин  жайылтууга сот аркылуу тыюу салууга аракеттенүүдө. 

 

Бул процесстердин бардыгы жана ЖМКга каршы ачык иштер көз карандысыз медиага чоң кысым болуп жатканын көрсөтүп турат. 

 

Биз медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттерди жана ЖМКларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактыларына жана интернет  аркылуу онлайн жаманатты кылуу, дескридитациялоо жана коркутуу фактыларына тынчсыздануудабыз. Журналисттерден жана редакциялардан социалдык тармактардагы баракчаларын, почталарын жана жеке аккаунттарын, мессенджерлерин бузуу аракеттери тууралуу көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө. Мындан тышкары, айрым көз карандысыз басылмаларды жабуу талаптары да  көбөйдү.

 

Тилекке каршы, ММКга кол салууну айыптоонун ордуна, жогорку даражалуу аткаминерлер эл алдында чыгып сүйлөгөндө журналисттердин коомчулук алдындагы ишмердүүлүгүн жаманатты кылып, негизсиз айыптоолорго жол беришүүдө . 

 

Жалпы кысымга карабастан, көз карандысыз ЖМКлардын журналисттери жарандарды так маалымат менен камсыз кылуу  үчүн өз милдеттерин аткарууну улантышууда. ЖМКлар өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуяларды чагылдырып, социалдык-маанилүү темаларды көтөрүп, бийликтеги коррупцияны ачуу, жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамдуулуктун жана демократиянын үстөмдүгүн орнотуу үчүн иликтөөлөрдү жасашууда. 

 

Дагы бир маанилүү фактор сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдардын начарлашына байланыштуу. 

 

Февраль айында министрлер кабинети “Такталбаган (жалган) маалымат жөнүндө” мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу максатында “Интернет тармагындагы анык эмес (жалган) маалыматка даттануу жөнүндө” жобону иштеп чыккан, ал интернеттеги маалыматты соттун чечимисиз эле бөгөттөп салууга жол берет. 

 

Коомдук телеканалдын мамлекетте болуусу абдан маанилүү экендиги   жөнүндө медиа коомчулуктун кайрылуусуна карабастан, КР Жогорку Кеңеши үчүнчү окууда "КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алды, ал КТРК "коомдук канал"статусунан ажыратат. Мыйзам ири медиакорпорациянын ишине коомдук көзөмөлгө бөгөт коет жана анын редакциялык саясатына бийликтегилердин кийлигишүүсүнө жол берет.

 

Бийликтегилер КР Конституциясы ар бир адамга сөз эркиндигине, ой-пикирин билдирүү эркиндигине кепилдик берерин унутпашы керек. Кыргызстанда ЖМК цензурасына жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, бийлик сөз эркиндиги жана ой-пикирин билдирүү эркиндигине ашыкча кийлигишүүдөн алыс болушу керек. Бардык чектөөлөр мыйзамдуу максатты көздөп, киргизилген чектөөлөргө шайкеш келиши керек. 

 

Азыркы бийлик өкүлдөрү өздөрүнө кысым болуп жана репрессияга кабылган мезгилде өз укуктарын коргоо жана өз позициясын элге жеткирүү үчүн социалдык тармактарды, Интернетти жана ЖМКларды активдүү колдонушкан, демек, алар сөз эркиндигинин, ЖМКлардын көп түрдүү болушунун жана чындыкты монополиялоого жол берилбеши керек экендигин толук түшүнүшөт. 

 

Көз карандысыз, күчтүү жана кесипкөй прессанын болуусу чек ара чыр-чатактарынын курчуп, эл аралык татаал кырдаал түзүлгөн учурда өзгөчө маанилүү, анда текшерилбеген маалыматтар, фейктер жана пропагандалар көп таратылат. 

 

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө сөз эркиндигине жана ой-пикирин эркин билдирүүгө болгон укуктардын маанилүүлүгүн алдыга коюп жатканда, биз Кыргызстандын бийлигин демократиянын жетишкендиктеринен жана принциптеринен артка кайтууга жол бербөөгө, көз карандысыз журналисттерге кылмыш иштерин козгоо менен куугунтуктоону токтотууга, сөз эркиндигине каршы мыйзам долбоорлорун демилгелөөдөн баш тартууга жана ЖМКнын ишмердүүлүгү үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга чакырабыз.  

 

Бөлүшүү