Медиакоомчулуктун кайрылуусу: КРдагы журналисттерге карата онлайн кол салуулар демократияга залалын келтирет

Кыргызстандагы медиакоомчулук кайрылуусу жасады, анда ал кыргызстандык журналисттердин жана активисттердин интернеттеги куугунтуктоого алынышына байланыштуу басма сөз эркиндигине болгон жаңы масштабдуу коркунуч туурасында кыйла тынчсыздануусун билдирип келет.  

 

- Биздин көз карашта, мындай аракеттер өлкөдөгү альтернативалык пикирди басып салуу максатын көздөп, демократиябызга олуттуу түрдө залалын тийгизип келет, - деп айтылат кайрылууда.

Акыркы жыл ичинде журналисттердин, юристтердин жана укук коргоочулардын зордук колдонуу коркутуусу менен коштолгон онлайн-кол салууларга массалык түрдө дуушар болуусу барган сайын күч алып барат, өзгөчө мындай көрүнүштөр журналист айымдарга карата көп орун алууда. 

Башка мамлекеттер тажрыйбасында куугунтуктоонун мындай формасы кадимки «хейтерчилик» (кайсы-бир адамга карата жек көрүү сезими) сыяктуу эле, бирөөлөр тарабынан каржыланган “троллдор аскеринин” чыныгы кол салуусу болушу мүмкүн, аларга саясий жана бийлик түзүмдөрү менен биригишкен онлайн-жалданмалар катышып келет. 

Онлайн-коркутуулар көбүнесе журналисттерге карата күч колдонуу коркутууларына өтүп кетиши ыктымал. Андыктан онлайн-чабуулдар көп учурларда көчөдөн кол салган кесепетине ээ болуп, андайлар менен коштолуп келет. Мындан улам, биз аларды ой-пикирин билдирүү эркиндигинин чыныгы коркунучу катары кабыл алабыз.

2019-жылы республикадагы журналисттерге карата онлайн-чабуулдардын себеби болуп алардын кыргыз бажысындагы коррупцияны иликтөөсү чыккан.

2020-жылдын сентябрь айында журналисттерге карата онлайн-кол салуулар ошол мезгилдеги алдыда турган парламенттик шайлоо жана партиялар менен алардын лидерлери туурасындагы сын-пикир мүнөзүндөгү материалдарга байланыштуу күч алган.

Учурда кыргызстандык журналисттер менен активисттердин интернеттеги куугунтуктоосу ары көп сандуу жана агрессиялык мүнөзгө ээ болуп, күч колдонуу жана кол салуу коркунучтарын камтып келет. Журналисттерге карата кол салуулардын учурдагы себеби болуп Конституциянын жаңы редакциясын сынга алып, коомчулукту Башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү процессиндеги орун алган процедуралык бузуулары  туурасында маалымдоосу чыкты.    

Ошентип, бул күндөрү  журналисттер Канышай Мамыркулова, Айзада Касмалиева, Назира Айтбекова, ошондой эле президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева ж. б. Конституциянын жаңы мыйзамын сынга алуусу үчүн онлайн-куугунтукка алынышты.

Журналист жана активист айымдар Кыргызстанда орун алып жаткан окуялар туурасында эркин сүйлөп, өз ой-пикирлерин билдирүүсүн токтотсун деп жеке коркунучка, коркутууга, кемсинтүүгө, дискредитацияга дуушар болуп жатышат.

Тармактагы журналисттерди куугунтукка алууда айрым саясий ишмерлер ал аракеттерге дем берип, же аларды түздөн-түз көкүтүп, же мындай кол салууларды сынга албай, мунусу менен жазасыздыктын жалпы жагдайынын түзүлүшүнө түрткү берип келишет.   

Буга байланыштуу биз саясий лидерлердин өздөрүн конституциялык укугун ишке ашырып, өз ой-пикирин билдирип жаткан журналисттерге жана башка жарандарга карата кемсинтүүсүн токтотуусуна чакырабыз. Ошондой эле биз лидерлерди алардын талапташтары тарабынан журналисттер менен активисттерге карата болгон мындай онлайн-коркутууларын жана кол салууларын ачык жана сөзсүз айыптоосуна чакырабыз.   

Чыныгы укуктук мамлекетти куруу үчүн бардык саясий күчтөр Конституция талаптарын жана эл аралык укук ченемдерин жолдоп, бардык жарандарга башка адамдар укуктарын сыйлоосунун алкагында өлкөдөгү саясий процесстер туурасында өз пикирин тоскоолдуксуз билдирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек деп ойлойбуз.   

Укук коргоочу органдары өз иретинде журналисттерге карата онлайн-кол салууларга байланыштуу иштердин иликтенишине катышуусу абзел.

   
Бөлүшүү