“Билим айтыш” долбоорунун алкагында 17 акын терме жаратышты.
Терме – бул кыргыз оозеки өнөрүндөгү музыкалдык-поэтикалык формадагы акыл-насаат ырлары. Бул бир топ көрүнүштөрдү санап, бирдей сөздөрдү пайдалануу менен акыл-насаат иретинде ырдалган дидактикалык чыгармалардын бир түрү (Уикипедия). Философиялык маңыздагы, мисалы, өз заманы тууралуу термелер да бар («заман ыры»). Термеде жашоо жана өлүм, жаштык жана карылык, жакшы жана жаман сыяктуу түбөлүктүү темалар козголуп, аларга тийиштүү сапаттар терилип айтылат да, андан тиешелүү мораль чыгарылат.
Ар бир акындын аткаруусундагы терме КРдеги Интерньюстун YouTube-каналында, Bilim aitysh барагында жана акындардын коомдук тармактардагы өзүлөрүнүн баракчаларында жайгаштырылат. Алар 5-июлга чейин күндө жарыяланып турмакчы.
Жаңы чыгармаларды жаратаардын алдында төкмө акындар төрт чыгармачыл лабораторияга катышып, эксперттер жана менторлор менен биргеликте дүйнөдө, өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларды жана көрүнүштөрдү талкуулап, дүйнө тааным боюнча ой бөлүшүп, терме жанрынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, замандаштарына айта турган ойлорун аныкташты.
Ошондой эле долбоордун катышуучулары XIX жана XX кылымдардагы улуу акындандардын чыгармачылыгы менен тереңден таанышып, аталган темалар боюнча лекцияларды угушту.
Азыркы акындар термелеринде кайсы маселелерди көтөрүшүүдө?
Акындар мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде карала турчу маселелерге чейинки кеңири темадагы маселелерди көтөрүп келишет. Мисалы:
– мамиле маданияты;
– балдарга жана кыздарга карата зомбулук;
– экология жана табигатка мамиле;
– кыргыз коомундагы аялдардын ролу жана алардын абалынын начарлашы;
– Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен мамиле куруусундагы маанилүү жагдайлар.
Мисалы, Жамайка Токонова өз атасы тарабынан көптөн бери кордолуп келген кыздын арманын жазган.
Кутман Садыбакасов “Айтматовго катында” өлкөдө кетирилген саясий, экономикалык каталарды санап берип, кабыл алынып жаткан чечимдер тууралуу айтып берет.
Кутман Садыбакасов менен иштөө учуру.
@internewskg «.. Кадырыбыз, баркыбыз, Ата, калемиң менен бирге экен…». Төкмө акын Кутман Садыбакасов Чынгыз « Айтмановго кат жазды»! «… Кейишке салсам муңду айтып, Атаке кечиргин мени…» 👇🏻Пикириңизди калтырыңыз #internewskg #kyrgyzstan #акындар #билимайтыш
Мухаммед Султан уулу суунун азайып баратышы тууралуу айткан. Анын айтайын деген негизги ою – негизги маселе суунун азайышында эмес, акылдын азайышында, биздин өлкөдө суу ресурстары туура эмес колдонулуп жатканында.
Төкмө акындар үчүн билим берүүчү семинарлардын өткөрүлүшү алардын ырларындагы сапаттык өсүүлөргө алып келгени байкалды.
Муну долбоорго тартылган адистер гана эмес, төкмө акындардын өнөрүнө көз салып жүргөндөр да белгилешет.
Белгилей кетүүчу жагдай, “Билим Айтыштын” катышуучулары республикалык да, эл аралык да айтыштарда алдыңкы орундарды ээлеп келишет.
Айталы, жазында мамлекет башчынын администрациясы “Манас” театры менен биргеликте төкмө акындардын чоң айтышын уюштурган болчу. Жарым финалга чыккан 12 акындын жетөөсү КРдеги Интерньюс уюштурган окутуулардын катышуучулары болгон.
Жыйынтыгында биринчи орунду Кубат Тукешов, ал эми үчүнчү орунду Чыңгызхан Кожош ээлеген, экөө тең – “Билим Айтыштын” катышуучулары.
Дагы бир белгилей кетүүчу нерсе, “Үмүт” коомдук фондусу “Манас” улуттук театры менен биргеликте 18-июнда Москвада кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн айтыш уюштурушкан. Мелдеш үчүн 8 акын тандалып алынган, алардын жетөөсү – КРдеги Интерньюстун стипендиаттары. Муну биз сыймыктануу менен келтиребиз, анткени мындай мелдештерге мыктылардын мыктылары гана тандалып алынат эмеспи.
Долбоордун координатору Максуда Айтиеванын айтымында, долбоор төкмө акындардын кесиптик чеберчилигинин өсүшүнө өбөлгө түзө алды. Долбоорго бышып жетилип келе жаткан акындар менен бирге жаңыдан чыгып келе жаткан акындар да тартылган.
2022-жылы 21 акын “Билим Айтыш” долбоорунун алкагында медиасабаттуулук, СММ жана мобилография боюнча окутуулардан өтүп, коомдук тармактардагы баракчаларын жакшырта алышкан, 200дөн ашык видеконтент жарыяланып, аларды көрүүлөрдүн саны 2 миллиондон ашкан.
2023-жылдын башында акындардын жаңыртылган тобу үчүн ГАЛС програмамсы боюнча гендердик сезимталдык боюнча окутуу өткөрүлгөн. Катышуучулардын көбү аларга жазылган колдонуучулардын санын өстүрө алышты.
Бардык жарыяланган терме жаздырууларды Tik Tok баракчабыздан уга аласыз же биздин YouTube каналында.