“Талашып-тартышып жатып декреттик төлөм алганмын. Бирок жумуш ордум сакталбады”
– Мен тун баламда декреттик арызымды жазып келгенде, жетекчи мага декреттик төлөм төлөнбөй тургандыгын айткан. Бирок мен укуктарымды айтып, талашып-тартышкандан кийин төлөп беришкен. Эки жылдан кийин баламды менчик бакчага берип кайра жумушка арыз жазганымда жумуш ордум жок экенин жетекчиликтен укканмын. Менин ордума жаш кызды жумушка алып алышкан экен.
18 жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип келген журналист Таттигүл Аюпова бул окуя менчик телеканалда иштеп жүргөндө болгонун айтып, бирок медианын атын ачыктоону каалаган жок. Ал жумуш ордун кайтарып берүүнү талап кылганда телеканал жетекчиси келишим менен башка жумушту аткарып турууну сунуштаган. Аюпова ага макул болгон эмес.
– Бирок эч кимге арызданган жокмун. Ошондон кийин ЭлТР телеканалына өтүп кеткенмин. Мен арыз жазып кызмат ордуму сакталбай калганы боюнча кенемте төлөп берүүнү же биротоло жумуштан кеткеним үчүн эсеп-кысап кылып, керектүү акчалай чыгымды төлөп берүүнү сунуштаганмын. Бирок маселе ишке ашкан жок. Мен жаш бала менен анын артынан түшкөнгө убактым да болгон жок.
Ошондон бери Таттигүл Аюпова мамлекеттик телеканалда эмгектенет. Ал менчик медиаларда көп маселе кызматкердин жетекчи менен болгон мамилесинен көз каранды болоорун, ага улай айрым медиалар өзүн-өзү каржылай албай жабылып кеткен учурлар кездешип жатканын айтып, мамлекеттик мекемеде кызматкер үчүн туруктуулук бар деп эсептейт:
– Мамлекеттик медиада декреттик төлөм төлөнөт, кызмат ордуң 3 жыл сакталат, эмгек стажы сакталат, декретке чыккан кызматкер каалаган учурда жумушуна кайтып келе алат. Жетекчи мыйзамды аттап өз алдынчалыкка бара албайт. Мамлекеттик телеканалдардын дагы бир жакшы жагы профсоюздар, юристтер болот.
Жеке каналдарда жетекчинин мыйзам бузууларга барган учурун көп эле жолу көрдүм. Жаш баласы бар кызматкерлерди каалаган учурда жумуштан чыгарып жиберген учурларды көрдүм. Алар тынч эле кетип калайын, баары бир ушулар жеңет дешет. Бул журналисттер өзү укугун талашкысы келбегендигинин белгиси деп билем.
“Мекеме-ишканадан деле, жетекчилик, коом тарабынан деле колдоо жок”
Буга чейин мамлекеттик да, менчик да медиада иштеп көргөн Бегимай Асанова аял журналисттерге болгон адилетсиз мамиле турмушка чыккандан тарта эле башталат деди. Ага чейин кылган кызматың, топтогон тажрыйбаң анчалык деле мааниге ээ болбой калаарын айткан Асанова мүнөт сайын маалыматтар жаңыланып турган медиа айдыңында декреттен кайтып келип, кайра жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп кетүү да оңойго турбаганын белгиледи:
– Турмушка чыккандан кийин качан кетесиң, сенин ордуңа башка бирөөнү карап көрөлүбү деп бетиме эле айтышкан. Буга чейин Оштогу үч телеканалдарында иштедим – эки менчик, бир мамлекеттик.
Мамлекеттик ишканада иштегенде декретке чыгып, декреттик төлөм алганмын. Аны да жүгүрүп жүрүп 3500 сом алганмын. Ага деп документке жүгурүп жүрүп беш миңден ашык акча кеткен. Эч ким сени бала төрөп чоңойтуп келдиң, эми ордуңа келип иште дебейт.
Башында кызмат ордуң сакталат деген менен ал убада деле кармалбайт. Мекеме-ишканадан деле, жетекчилик, коом тарабынан деле колдоо жок. Күйөөсү бага албай жатыптырбы, ачка калыптырбы деп кеп кылышат. Мен мындайга көп эле туш болдум.
Ачык айтылбаган мындай кодулоого айрыкча видеоформатта материал жасаган медиалардын журналисттери кабылат. Анткени, бул тармакка микрофонду колго алып кандай учур болбосун съемкага даяр турган, түрдүү кырдаалда окуяны тартып, керек болсо жеринен баяндап берүүгө жараган кызматкер керек. Мындайда жетекчилер же эркек балдарды же бойдок кыздарды иштеткенге кызыкдар. Сайт же гезитте иштеген журналисттерде бул маселе анчалык курч эмес.
Жеке ишкер катары катталган журналисттер кантет?
Чыгымды азайтуу үчүн азыр көпчүлүк жеке менчик медиалар журналисттер менен эмгек келишим эмес, буюртмачы жана буюртма аткаруучу катары иштешишет.
Бул кадамга айрым бюджети чакан, штаттык бирдиги аз мамлекеттик медиалар да кошумча жаралган жумушту аткаруу үчүн барышат. Мындайда журналисттер салык кызматынан жеке ишкер катары күбөлүк алып, алган айлыгынын бир бөлүгүн салык катары мамлекетке төлөп турат.
2005- жылдан бери Кыргызстандагы медиа жана журналисттердин укугун ар тараптуу колдоп, аларга юридикалык жардам көрсөтүп келген Медиа Полиси Институтунун юристи Надежда Алишева Эмгек кодексине ылайык менчиктин турунө карабай бардык жумуш берүүчү кызматкер менен эмгек келишимин түзүшү керектигин, декреттик төлөмдү бардык журналист аялдар алууга мүмкүн экендигин билдирди:
– Эгерде журналист аял иш берүүчү менен эмгек келишими аркылуу иштесе, ал иш берүүчүгө арыз жазат. Эгерде аял ишкер катары катталса, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына арыз менен кайрылышы керек. Эс алуу медициналык корутунду негизинде жана аялдын арызы боюнча берилет.
Жөлөк пулга кайрылган аялда ПИН (персоналдык идентификациялык номер) болушу шарт. Эмгек келишими менен иштегендердин алгачкы 10 жумуш күнүндө жөлөк пул иштеген жеринен, 11 күндөн тарта социалдык камсыздоо башкармалыгы аркылуу төлөнөт. Ишкерлер үчүн жөлөк пул жашаган жери же экономикалык ишти жүргүзгөн жери боюнча дайындалат.
Өз ара сүйлөшө келгенде декреттик өргүү, декреттик төлөм, кызмат ордунан ажыроо сыяктуу бир канча көйгөйлөрдү айткан менен, журналисттер бул жаатта юристтерге дээрлик кайрылышпайт. Маселен ушул эле Медиа Полиси Институтуна буга чейин бир да журналист декреттик төлөм же кызмат ордун жоготуу тууралуу расмий арыз жазып жардам сураган эмес. Айрым учурда гана кеңеш сурап келишет деп билдирди Надежда Алишева.
– Мамлекеттик же менчик экенине карабастан үч жашка чейинки балага кам көрүү үчүн эмгек акысыз эс алуу берилип, бул убакытта аялдын жумуш орду жана кызматы сакталышы керек. Боюнда бар аялдарды жумушка алуудан баш тартууга тыюу салынат. Иштен бошотуу уюм жоюлганда же эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндө гана мүмкүн. Эгерде бул эреже сакталбаса, аялдар укук коргоо органдарына же сотко арыз менен кайрылса болот.
Декреттик өргүүнүн ордуна онлайн кызмат
Фрилансер журналист катары ондогон долбоорлорду ишке ашырып, кыска мөөнөттүү келишимдер менен иштеп келе жаткан Мырзайым Жаныбек кызы үч баланын энеси. Ал Оштогу бир медиада иштеп жүрүп, биринчи төрөттөн кийин 9 ай декреттик өргүүгө чыккан. Бирок декреттик төлөм алган эмес. Ошол кезде жумуш берүүчү менен эмгек келишими деле болгон эмес дейт ал.
Бирок жетекчиликтен декреттик төлөм сураганда, менеджерлер биригип, жаңы төрөлгөн ымыркай менен күнүмдүк жашоосун блог катары чыгарып турса, кандайдыр бир өлчөмдө каражат төлөнөөрүн билдиришкен. Бирок макул болгон жокмун дейт ал:
– Журналистикадагы аялдар алдындагы чакырык бул бүгүн технологиялардын өнүгүшү менен журналистиканын абдан бат өнүгүп атышы. Мисалы сен декреттик өргүүгө кеткенде сен билген көндүмдөр, сен билген билимдер актуалдуу болуп, кайра кайтып келгенде алар такыр актуалдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн.
Ошондуктан бизде кесибиң боюнча артта калуу деген нерсе бар. Андан сырткары азыр байланыштар, чөйрө журналисттер үчүн абдан маанилүү. Бул аралыкта байланыштарыңды жоготуп алышың мүмкүн, сен көпчулүктүн эсинен чыгып калышың мүмкүн.
Карьераңда кандайдыр бир баскычка жетип, эми кайра тыныгуу алсаң, демек кайра мурдагы эски ордуңдан баштап калышың мүмкүн. Ага улай аялдын эмоционалдык абалы, каржылык туруксуздук деген толтура маселелер бар.
Мырзайым Жаныбек кызы кийинки балдарында төрөттөн 10 күндөн кийин дароо эле жумушка чыгып аралыктан иштеп келет. Ал онлайн журналистиканын өнүгүшү учурда бир топ журналисттердин декреттик өргүүгө кетпей, жумушту чогуу алып кетишине шарт түздү деген пикирде.
Аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүктүн жаралышы жана өз абалыңа жараша кандайдыр бир жумушту алып онлайн иштегенге уруксаттын берилиши журналисттик кесиптин артыкчылыгы болуп калды дейт:
– Мисалы үчүнчү балам боюмда барда мага бир эл аралык уюмдан сунуш түшүп калды. Кыска бир жылдык долбоорго адис катары чакырышты. Мен дароо эле боюмда бар экенин айттым. Мени жумушка алышпайт го деп ойлогонмун.
Алар болсо иштей беришиме макул болушту. Азыр эже-сиңдилик колдоо аябай актуалдуу болуп жатпайбы. Алар түшүнүү менен, колдоо менен мамиле кылышты. Бул менин журнатисттик тажрыйбамдагы эң жагымдуу, кош бойлуу аялдарга колдоо көрсөткөн кейс болуп калды. Бул үчүн мен кесиптештериме аябай ыраазымын.
Жыйынтык сөз
Келишими жок жумушка кирүү, декреттик төлөмсүз эс алууга чыгуу, жумуш ордун жоготуу, кайра мурдагыдай жумуш ордун таппай калуу сыяктуу тобокелчиликтерге адатта жаш журналист келиндер туш болушат.
Арызын айтып келген жарандын укугу үчүн кандай эшик болбосун кирип барган журналисттер эмнегедир өз маселесине келгенде карманып коюшкандай. Мындайда медиа жетекчилеринин гендердик сезимталдыгы аябай маанилүү. Мамлекеттик кызматкерлерден мыйзамдуулукту талап кылып, жалпы коомчулукту агартуу функциясын аткарып жаткан медианын алгач өзү мыйзамды карманганы дурус болот.
Ансыз да аял менен эркектин укуктары жана милдеттери бирдей деп Баш мыйзамда айтылганы менен, кыргыз коомчулугунда турмушка чыгуу, кайын журтка кызмат кылуу, бала төрөп тарбиялоо деген сыяктуу жазылбаган эрежелер кыз-келиндерди коомдук турмушта жана кесибинде бир топ алсыратып келет.
Кенжебү Маматсадыкова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.