Кыргызстандагы Интерньюстун «Билим айтыш» долбоору Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында «Тайтору» музыкалык, драмалык жана эпикалык спектаклинин премьералык жабык көрсөтүүсүн уюштурат.
«Тайтору» – бир жылдан бери жаш манасчыларга уюштурулуп келе жаткан окутуулардын жана чыгармачыл лабораториялардын жыйынтыгы катары сунушталган перформанс.
«Каныкейдин Тайторуну чабышы» – «Семетей» эпосундагы үзүндү биринчи жолу сахналаштырылды.
Спектаклди коюга Кыргызстандагы мыкты өнөр усталары тартылды.
Кыргызстандагы Интерньюстун директору Назик Чекирова акыркы жылдары манасчылар жана төкмө акындар менен иштей баштаганын түшүндүрүп айтып берди:
“Кыргызстандагы Интерньюс уюму жана “Манас” Улуттук театры тарабынан уюштурулган иш чарабызга катышып бергениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Биринчиден, Тайтору спектаклин койгон актёрдук жамаатка терең таазим этем. Көздөн жаш тегеренип, бир дем менен көрө турган спектакль болду.
Семетейдин образын жараткан ушул 6 кичинекей манасчыларыбыз менен актердук чеберчилигин арттыруу багытында бир жылга жетпеген убакыт иштесек, биздин балдарыбыз бүгүнкү күндө мыкты жыйынтык көргөзө алышты. Булар “Билим айтыш” программасынын алкагында манасчыларды окутуу долбоорунун катышуучулары. “Тайтору” Кыргызстанда биринчи жолу сахналаштырылды.
Тайторуну тарыхта из калтырган, бизди өзгөртө алган спектакль болот деп ишенем. Кыргызстанга белгилүү инсандардын жардамы менен, бир жылдан бери даярдалып жаткан спектакль бүгүн сиздердин назарыңыздарга коюлуп отурат. Мен актёрдук жана чыгармачылык топко терең ыраазычылык билдирем.”
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов :
“Коомчулук жаңы жагдайга күбө болдук, Тайторунун чабылышын спектакль кылып, драма кылып көптөгөн жаш манасчылардын катышуусу менен алып чыкканы өзгөчө жаңылык болду. Мени кубандырганы ушул кичинекей “Манас” театрынын коллективи бүт Кыргызстанды, жумурай журтту кыдырып чыкканы. Өтө таасирдүү болгону бул микрофону жок, жакын жерден отуруп көргөнүбүз башкача бир таасирдүү ойлорду жаратат экен. Ошон үчүн, ушул көрүнүштү мындан ары да жайылтуубуз керек.
“Манастын” кээ бир эпизоддорун драмага, спектаклге, постановкага айландырышып мектеп окуучуларына да жайылгыдай кылып, жалпы эл түшүнгүдөй кылып жакын байланыштан туруп аткаруу өзүнүн ийгилигин берет экен. Мына бүгүн ушул нерсенин тушоо кесүүсүн кылып абдан кубанып отурабыз, ошол чакан жамаатка ийгиликтерди каалап кетмекчимин.”
Спектаклди койгон режиссер Шамиль Дыйканбаев – «Мүрөктүн суусу» театралдык студиясынын негиздөөчүсү, Чүй областтык драма театрынын режиссеру. Бир нече эл аралык фестивалдарда баш байгени багындырган, Манас боюнча «Улуу баян» спектаклин койгон таланттуу режиссер.
Сценарийди иштеп чыккандар – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Билим Айтыш» долбоорунун устаты, манасчы Самат Көчөрбаев жана Маданияттын мыкты кызматкери, манасчы Кулмат Сыдыков.
Ролдордо:
Каныкей (Манастын аялы, Семетейдин энеси) – Айнур Акылбекова, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын (ЖКТ) актрисасы.
Темиркан (Каныкейдин атасы) – Азат Байбеков, «Манас» театрынын жана Куурчак театрынын актеру.
Ысмайыл (Каныкейдин бир тууганы), кожо – Талгар Анарбеков, «Манас» театрынын актеру.
Манасчылар – Самат Көчөрбаев, Кулмат Сыдыков, Аккыз Абасбекова.
Семетейлер – “Билим Айтыш» долбоорунун катышуучулары, 12-14 жаштагы жаш манасчылар Уларбек Мирланов, Арсен Ыдырысов, Касымбек Бердикулов, Ариет Тынчтыкбеков, Саид Жолочиев, Узарбек Анарбаев.
Акындар – Акматбек Султанов жана Кутман Садыбакасов.
Музыкалык коштоосун жазган композиторлор:
Ишенбек уулу Эмилбек, Кыргыз улуттук филармониясында «Эл ырчысы Эстебес» тобунун музыканты, бир нече эл аралык сынактардын лауреаты, «Ала-Тоонун уулумун», «Кабылан», «Чексиздик», «Камбаркан» аттуу ыр күүлөрүнүн автору.
Камбар Календаров, композитор, мультиинструменталчы, «Үркөр» тобунун жетекчиси, «Кыргыз кайрык» фольклордук ансамблдин көркөм жетекчиси, эл аралык фестивалдардын лауреаты.
Сахнанын декорациясын жасаган:
Кыргыз драма театрынын сүрөтчүсү Руслан Жунусалиев.
Костюмдарын дизайнын иштеп чыккан:
Ормон Брендинг, Cerebro Branding, CinemArt production, Kronos studio негиздөөчүлөрүнүн бири, дизайнер Жаныш Ботой.
Костюмдарды тиккен:
Гүлсана Атомкулова, салтуу билимди алып жүрүүчү, дизайнер, тигүү өндүрүштө технолог.
Айдай Асангулова, «Кийиз дүйнө» фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандагы байыркы улуттук прикладдык кол өнөрчүлүктү үйрөткөндөрдүн бири.
Асылкан Маматова, Ош шааары:
“Спектаклдин ар бир көрүнүшү көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, мекенчилдик сезимдерин козгой алды. Манасчылардын үн коштоосу, Каныкейдин үмүт-тилегинин чагылышы, Семетейдин образын алып чыккан жаш жеткинчектер, эпостогу Мекенге болгон сүйүүнүн чагылдырылышы – баары жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Керемет!Мындан ары бул спектакль райондордо коюла тургандыгын укканда, дагы кубандым.Буюрса, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, сезимдерине өзгөчө таасир калтырып, эң негизгиси, улуу баяндын сабактарын жалпы журтка сиңирет деп ишенем.”
«Билим Айтыш» долбоорун ишке ашырууга Түгөлбай Казаков, Назаркул Сейдрахманов, Мелис Мураталиев, Аймен Касенов, Максат Жумабеков, Самат Көчөрбаев сыяктуу кыргыздын кыйын инсандары катышууда. Бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандагы Интерньюстун кызматкери Максуда Айтиеванын салымы чоң.
2023-жылы Улуттук «Манас» театрынан манасчылардын тобу Кыргызстандагы Интерньюска кайрылышкандан.
Алардын суранычынын негизги маңызы – «Манаста» камтылган маанилүү жалпы адамзаттык баалуулуктарды, идеяларды заманбап аудиториянын бардык өкүлдөрүнө, биринчи кезекте, жаштарга жеткирүү болчу.
Биз өзүбүбүздү «Манастагы» жалпы адамзатка таандык болгон баалуулуктарды жайылтууга милдеттүүбүз деп эсептейбиз.
Бул көрсөтүүлөр өлкөбүздүн кеңири калкына жеткиликтүү болсо деген тилегибиз бар, ошондуктан бардык кызыкдар тараптарды аларды уюштуруу иштерине көмөктөшүүгө чакырабыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бишкекте спектакль октябрда көрсөтүлөт деп болжолдонууда, ал Кыргыз улуттук «Манас» театрында болот.
Спектакль жөнүндө толук маалымат бул шилтемеден таба аласыздар.
«Тайтору» спектакли Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды.