на русском
English
(“Манас” үчилтигинин “Семетей” эпосунун негизинде)
Кыргызстандагы Интерньюстун “Билим Айтыш” долбоору жана Кыргыз улуттук “Манас” театры “Тайтору” музыкалык, драмалык жана поэтикалык спектаклин тартуулайт.
Спектакль жөнүндө
“Тайтору” спектакли “Билим Айтыш” долбоорунун алкагында бир жылдан бери манасчыларга уюштурулуп келе жаткан окутуулардын жана чыгармачыл лабораториялардын жыйынтыгы катары сунушталган перформанс. “Каныкейдин Тайторуну чабышы” окуясы биринчи жолу сахналаштырылды.
Спектаклди коюга Кыргызстандагы мыкты өнөр усталары тартылды.
Спектаклди койгон режиссер Шамиль Дыйканбаев – “Мүрөктүн суусу” театралдык студиясынын негиздөөчүсү, Чүй областтык драма театрынын режиссеру. Бир нече эл аралык фестивалдарда баш байгени багындырган, Манас боюнча «Улуу баян» спектаклин койгон таланттуу режиссер.
Сценарийди иштеп чыккандар – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Билим Айтыш” долбоорунун устаты, манасчы Самат Көчөрбаев жана Маданияттын мыкты кызматкери, манасчы Кулмат Сыдыков.
Ролдордо:
Каныкей (Манастын аялы, Семетейдин энеси) – Айнур Акылбекова, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын (ЖКТ) актрисасы.
Темиркан (Каныкейдин атасы) – Азат Байбеков, “Манас” театрынын жана Куурчак театрынын актеру.
Ысмайыл (Каныкейдин бир тууганы), кожо – Талгар Анарбеков, “Манас” театрынын актеру.
Манасчылар – Самат Көчөрбаев, Кулмат Сыдыков, Аккыз Абасбекова.
Семетейлер – “Билим Айтыш” долбоорунун катышуучулары, 12-14 жаштагы жаш манасчылар Уларбек Мирланов, Арсен Ыдырысов, Касымбек Бердикулов, Ариет Тынчтыкбеков, Саид Жолочиев, Узарбек Анарбаев.
Акындар – Акматбек Султанов жана Кутман Садыбакасов.
Музыкалык коштоосун жазган композиторлор:
Ишенбек уулу Эмилбек, Кыргыз улуттук филармониясында “Эл ырчысы Эстебес” тобунун музыканты, бир нече эл аралык сынактардын лауреаты, “Ала-Тоонун уулумун”, “Кабылан”, “Чексиздик”, “Камбаркан” аттуу ыр күүлөрүнүн автору.
Камбар Календаров, композитор, мультиинструменталчы, “Үркөр” тобунун жетекчиси, “Кыргыз кайрык” фольклордук ансамблдин көркөм жетекчиси, эл аралык фестивалдардын лауреаты.
Сахнанын декорациясын жасаган:
Кыргыз драма театрынын сүрөтчүсү Руслан Жунусалиев.
Костюмдарын дизайнын иштеп чыккан:
Ормон Брендинг, Cerebro Branding, CinemArt production, Kronos studio негиздөөчүлөрүнүн бири, дизайнер Жаныш Ботой.
Костюмдарды тиккен:
Гүлсана Атомкулова, салтуу билимди алып жүрүүчү, дизайнер, тигүү өндүрүштө технолог.
Айдай Асангулова, “Кийиз дүйнө” фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандагы байыркы улуттук прикладдык кол өнөрчүлүктү үйрөткөндөрдүн бири.
Аннтотация
Манас о дүйнө кетип, аялы Каныкей Манастын жакын туугандарынын катаал мамилесинен улам качууга аргасыз болот. Каныкей алты айлык Семетейди жана кайненеси Чыйырдыны ээрчитип, Тайтору атты минип Букарга качат. Баласынын өмүрүн сактап калуу үчүн Каныкей Семетейди ордодогу агасы Ысмайылга тарбиялоого берүүгө аргасыз болот. Семетей Каныкейдин атасы Темиркан кандын ордосунда өзүнүн теги, чыныгы ата-энеси, ата-бабалары тууралуу эч нерсе билбей чоңоёт.
Семетей 12 жаштагы өспүрүм кезинде эле укмуштуудай күчкө, кыраакылыкка ээ болуп, чыныгы жоокер болуп чоңойот. Күн сайын ал аскердик машыгуулар өтүүчү жерге жан жөкөрлөрү менен шаарды аралап, шаардыктардын нааразычылыгын жараткан. Күндөрдүн биринде Семетейдин жанындагылар менен шаардыктардын ортосунда жаңжал чыгып, аны Семетейдин таятасы Темирканга кабарлашат да, «бөтөн элдик» Семетейди мекенине кууп чыгууну талап кылышат, анткени анын түпкү теги тууралуу көпчүлүк билген. Семетейди такка отургузуп, Букарга кан көтөрүп алсам тентегин коёр деген үмүттө Темиркан элине чоң той берип, буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң байге сайып, ат чабыш уюштурат.
Бул кабарды уккан Каныкей эч нерседен тайманбас эр жүрөктүгүнөн жана тентектигинен Семетей эрте эр жетилээрине мажбур болоорyн түшүнөт. Букарга кан көтөрүлүп калса өз ата тегин билбей калаарына Каныкей такыр жол бере албас эле.
Кандайдыр бир ички туюму Каныкейди төлгө кылып жарышка алтымыш асый болуп калган Тайторусун чабуусуна түрткү берет. Тайторуну байгеге чыгып келүүсү гана Семетейге ким экенин тааныта алаарын түшүнүп, Каныкей “…карыган энесин туу кылып, катын башын эр кылып, жаратканга жалынып, айкөлдүн арбагына сабылып…”, Ала-Тоо мекенинин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Тайторуну төлгөгө салып, Темиркан баштаган калың Букардын каршы турганына, уулу Семетейдин колунан өлүп калуу коркунучуна карабастан баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өмүрүн тобокелге салат.
Жарыш күнү Каныкей эр кийимин кийип, соот-жагазын кийген атка минип, эл алдына чыгышы шаардыктардын кыжырын кайнатып, ачуусун келтирет. Жесир аялдын минтип чыгышын, эр издегенге барабар жосун катары, кандын кызы болгонуна карабай баш байгеге кызыгып, байлык топтогусу келген ач көздүк катары кабылданат.
Элдин нааразылыгын, кыжырданганын көргөн бир тууганы Ысмайыл Каныкейдин кылыгын кандын үй-бүлөсүнө жана Манастын элесине акаарат катары кабыл алган. Жарыш бүтөөрү менен Семетейге тайманбас Каныкейди өлтүрүүнү буюрат. Семетей ушул учурда кан бүлөсүнүн намысы баарынан бийик тураарын түшүнүп, буйрукту аткарууга аттанат. Каныкейди чаап алганы бараткан Семетей капыстан өзүнө белгисиз «Манас», «Кыргыз» деген үндөрдү жана сөздөрдү угуп, ички сезимдери уйгу-туйгу болуп, тынчы кетип, буйдалаш ойлор басып, эмне болуп атканын түшүнө албай далбастайт. Семетейдин ичинде бир нерсе көтөрүлүп, Манастын руху, анын үй-бүлөсү жөнүндөгү ичкит туюму ойгонот. Дүрбү салып, Каныкейдин Манастын арбагына кайрылып жардам сурап, жалбарып ыйлап, тиленип жатканын көрөт. Көз ирмемде өзгөргөн Семетей Каныкейдин жөн эле тууган эмес – анын энеси экенин түшүнөт. Семетей апасы менен Тайторуну жарышта колдоону чечип, жанындагыларга тиешелүү буйрук берет.
Бул арада Каныкей Ысмайылдын тымызын ойлорун туюп, Тайтору жарышта жеңишке жетпесе, Семетей өз энесин билбей өлтүрүп алуусунан сактанып, өзүн-өзү өлтүрүүнү чечет. Ал Тайторунун жеңишине жардам берүү үчүн ата-бабалардын арбагын жана Манастын рухун чакырат.
Тайторунун чабылышынын терең мааниси эмнеде?
Үчилтиктеги Тайторунун чабылыш окуясы энеликке арналуу, тунук сүйүү, келечек муун, эл үчүн эрдик жана курмандык жөнүндөгү баян. Бул ишеним, аялдын күчү, адам тагдырын терең түшүнүү жана жакшы келечекти издөө жөнүндө баян.
Каныкей жаш кезинен жесир калып, баласын багууга мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабай, тагдыр чечүүчү учурда жалпы кабыл алынган баалулуктарга, үй-бүлөдөгү чектөөгө, акыл-эске каршы чыгып, элдин жашоосун, Семетей уулунун тагдырын, бүтүндөй бир мамлекеттин тагдырын өзгөртүүгө аракет кылат.
Каныкей анын милдети жана парзы уулуна анын чыныгы тагдырын жеткирүү жана аны мекенине кайтаруу экенине бекем ишенет. Баатырдан калган керээзди аткаруу милдетинен тайбастан карыган энеси Чыйырдынын батасына, Манастын арбагына бекем ишенип, аброюн, өмүрүн тобокелге салып, максатына жетип, тарыхтын нугун буруп, Семетейди Манастын жолуна кайтарат.
“Тайтору” спектакли Кыргызстандагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды.