Музыка – коомдук аң-сезимге таасир берүүчү маданияттын маанилүү элементи экенине карабай, кыргыз медиасында бул тармакты талдаган аналитикалык макала-баяндар аз болууда.
Мындай жагдай музыканы терең таанууга кедергисин тийгизип жаткан жокпу?
Айрым өлкөлөрдө музыка экономикалык өсүүнүн бир бутагы болуп жаткан шартта журналисттер музыкалык индустрияны өнүктүрүүгө кандай салым кошо алат? Бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз.
Көңүл көтөрүүчү контентке көбүрөөк ыктайт
Макаланы жазарда, жергиликтүү же эл аралык музыкалык окуяларга анализ жасаган кыргызча журналисттик материалдарды издеп, көп таба алган жокпуз. Бир катар басылмаларда кайсы бир музыкалык иш-чара тууралуу жаңылыктарды, маектерди кезиктирдик. Ошондой эле айрым эл аралык медиалардын кыргыз кызматтарында “Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземи, “Eurovision” шоусу өңдүү сынактарды талдаган макалаларды гана таптык. Бул көрүнүш кыргыз медиасы музыка дегенде негизинен клип же көңүл көтөрүүчү контентке көбүрөөк ыктайт деген тыянак чыгарууга түрттү.

“Super TV” каналынын директору Бактыгүл Сокушова музыкалык аналитиканын жоктугун каржы көйгөйүнө байланыштырды:
“Тиешелүү эксперттин көз карашы угармандарга жана көрөрмандарга музыканын сапатын, сөзүн жана ырчынын аткаруу чеберчилигин аңдап-билүүгө жардам берет. Андай аналитикалык талдоо бизде жок. Бир медианын жетекчиси катары бул маселенин себебин мен каражатка байланыштырам. Бир программаны даярдоо үчүн декорациядан тартып, адам ресурстарына чейин көп каражат талап кылынат. Музыкалык-аналатикалык программанын көрөрмандары көпчүлүктү түзбөгөндүктөн, андай берүүлөрдү даярдоо жана жайылтуу каржылык пландан алып караганда, өзүн актабайт”.

Ал эми “Тумар ТВ” каналынын директору Алексей Сидоровдун жообу музыкалык аналитиканын жетишсиздиги ресурстардын эмес, кызыкдарлыктын жоктугун бышыктагандай болду.
“Тумар ТВ клип көрсөтүү менен гана чектелет, аналитикалык программалар жок. Бизде мындай формат өнүкпөгөн, ошондуктан буга көңүл деле бурган эмеспиз. Себебин кантип түшүндүргөндү да билбей турам. Балким бизде музыканы талдай билген эксперттер жоктур. Чын айтсам, бул жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн”, – деди Сидоров.
Ал тапта “УТРК Музыка” телеканалы программаларына музыкалык анализдин элементтерин киргизүүнү пландап жатат. Продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу жакын арада талдоо багытындагы түрмөктөр эфирге чыгышы ыктымалдыгын айтты:
“Биздин каналдагы “Muz life” деген көрсөтүүбүздө “Саресеп”, “Музыка саякаты” өңдүү рубрикалар бар. Ошонун алкагында музыкадагы жаңы тенденциялардын оош-кыйышын талдап, көрсөтөлү деп пландап турабыз. Азырынча анын концепциясын иштеп чыктык. Бирок көрсөтүүдө так маалыматтар, салмактуу көз караш жана талдоо болушу керек, ошондуктан дагы эле изденип жатабыз. Балким жакын арада ал ишке ашып калат”.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик “УТРК Музыка” жана жеке менчик “Тумар ТВ”, “Super TV” каналдары көңүл ачуучу контентке басым жасайт. Баары 18ден 35 жашка чейинкилерге багытталган. “УТРК Музыка” менен “Super TV” жергиликтүү чыгармаларга арналган, ал эми “Тумар ТВ” Борбор Азия чөлкөмүндөгү ырчылардын клиптерин көрсөтөт.
Боштукту толтурган радио
Музыканы талдоо элге маалымат берүүнүн куралы гана эмес, коомдун маданий өнүгүүсүнө салым кошуунун мүмкүнчүлүгү катары да сыпатталат. Медиада аналитикалык макалалардын же программалардын жоктугу музыка тармагынын өсүү дараметин чектеп, көрүүчүлөрдүн музыкалык мейкиндигин кеңейтүүгө тоскоол болушу ыктымал.
Музыкалык программаларга аналитиканы киргизүү мазмунду гана байытбастан, дүйнөлүк жана улуттук музыка жөнүндө сапаттуу маалыматтарды жайылтууну камсыздайт. Өз кезегинде ырчылардын арасында сергек атаандаштыкты жаратып, сапаттуу ырлардын көбөйүшүнө салым кошот. Мунун арты менен концерттердин сапаты жогорулайт.
Тарыхка үңүлсөк, 1990-жылдардын этегинде жана 2000-жылдардын башында “Кыргыз туусу” гезитинде “Жылдыздар жөнүндө эсселер”, “Аалам, адам, атак” деген рубрикаларда музыкалык-аналитикалык макалалар жарык көргөн. Макаланын өңүтү чет элдик кайсы бир белгилүү артисттин өмүр-таржымалына арналып, анын чыгармачылыгындагы оош-кыйыштар, маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы же жаңылык алып келгени мисалдар менен берилген.
Кезинде Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер Инфо” гезитинде болсо жергиликтүү ырчылардын чыгармачылыгын талдаган макалалар чыгып турган.
Улуттук телерадиокорпорациянын “Ой ордо”, “Санжыра” радиосунун “Жаргылчак”, “Азаттык” радиосунун “Азаттык+” ток-шоуларында кез-кезде ушул өңүттөгү талкуулар даярдалганы менен, программалардын концепциясына туруктуу камтылган эместигин аталган медиаларда иштеген журналисттер билдиришти.

Ал эми “Кыргыз радиосунда” музыкалык талдоого дайыма орун берилерин белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева билдирди:
“Кыргызстанда музыкага адистешкен журналисттер жок. Бул тармакты чагылдырган журналисттер маектер менен гана чектелип баратканы да чындык. Ошентсе да, ыр дүйнөсүн талдаган программалар жок деп кесе айтканга болбойт. Мисалы, “Кыргыз радиосунда” мен “Чакмак” деген уктурууну даярдайм. Ал 15 жылдан бери эфирге берилет. Музыка тармагындагы түркүн маселелерди, жеңил-желпи ырлардан тартып, плагиатка чейинки орчундуу көйгөйлөрдү козгойбуз. Эксперттер менен кемчиликтерди талдап, адистердин сунуштарын берип турабыз”.
Бул маселеге музыка чөйрөсүнүн өкүлдөрү кандай көз карашта экенин билүү үчүн айрымдарынын пикирлерин уктук. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаевага кайрылганыбызда, “Азыркы ыкчам маалымат доорунда окурмандар аналитикалык макалаларга же көрсөтүүлөргө канчалык кызыгат?” – деген суроону койду.
Композитор Жамила Муратова болсо музыкалык окуу жайларда бул тармакты жакшы билген адистер иштеп жатканын, журналисттер алар менен кызматташып, пикирлерин сурап, түрдүү тенденцияларды талдаса болорун билдирди. Ошондой эле медианын кызыгуусун арттыруу үчүн музыкага мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Музыканын экономикага салымы
Журналист Сабыр Абдумомунов кез-кезде музыкадагы тенденцияларды талдап турат, көз караштарын негизинен социалдык түйүндөрдө бөлүшөт.
“Кыргыз медиасында музыка темасы дегенди “көңүл ачуучу программа” деп кабыл алган түшүнүк түптөлүп калгандай. Музыканы талдай билген эксперттер бар. Алардын дараметин колдонуу үчүн редакциялар кызыкдар болушу керек”.

Жакында “УТРК Баткен” каналына жетекчи болуп барган Сабыр Абдумомунов өз ишмердигинде бул боштукту толтурууну пландап жатат. Ал музыка аркылуу коомдук маданиятты гана эмес, экономиканы да көтөрсө болорун кошумчалады:
“Мисалы, АКШда же Европадагы бир катар мамлекеттерде музыка экономикага салым кошкон тармак катары кабыл алынат. Ырчылардын концерттеринен залдардын ижара акылары жана салык төлөнөт. Андан тышкары, музыканын өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүүсүнө, дүйнөгө таанылуусуна кошкон салымы да эбегейсиз. Муну биз акыркы жылдары популярдуулугу ашкан К-поп же Түштүк Кореянын музыка индустриясынын мисалында көрсөк болот”.
IFPI (Эл аралык Фонографиялык индустрия федерациясы) уюмунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөдөгү музыка өндүрүшү тармагы 26 миллиард доллардан ашык киреше тапкан. Баяндамада музыканын таасири туризмде, модада, ал тургай IT тармагында да бар экени белгиленген.
АКШда Гарвард университети баштаган алты окуу жайда белгилүү ырчы жана коомдук ишмер Тейлор Свифттин чыгармачылыгы окутула баштады. Ал 2023-жылы Eras деп аталган концерттик турнесинин арты менен миллиардерлердин катарын толуктаган. Bloomberg басылмасы, анын байлыгы 1 миллиард доллардан ашканын, ырчынын концерттери АКШнын экономикасына 4,3 миллиард доллар алып келгенин жазган.
2013-жылы UK Music уюмунун алгачкы изилдөөсүндө көрсөтүлгөндөй, музыкалык индустрия жыл сайын британ экономикасына 3,5 миллиард фунттан (5,6 миллиард доллар) ашык салым кошот. Бул сан өлкөнүн Ички дүң өнүмүнүн 0,25% түзөт.
Эксперттер бул тармактын өнүгүүсүнө медиадагы музыкалык-аналитикалык макалалар да түрткү болорун белгилешет.
Санжар Эралиев, журналист.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.