Ушул жылдын апрелинде кыргыз бийлиги ТикТок социалдык тармагынын өлкөдө иштешине тыюу салган. Ал убакта аталган тармак колдонуучулар арасында вирустай тарап, катталгандардын саны күн сайын өсүп жаткан.
Коомдук тармакты жабуу чечимине жаштардын психологиялык жана социалдык абалына терс таасир тийгизет деген негиз себеп болду. Бул кадам журналисттер үчүн контентти жайылтуу жана аудитория менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, редакцияларды жаңы стратегияларды иштеп чыгууга мажбур кылды.
Бөгөттөдөн кийин көптөгөн медиалар VPN аркылуу платформанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга аракет кылышууда.
Интерньюстун медиасын долбоору буга чейин ЖМКлардын аккаунттарынын ТикТоктогу рейтинги, чектөөдөн кийинки өзгөрүүлөр боюнча материалдары даярдаган.
Учурда кыргыз медиаларынын аталган коомдук тармактагы рейтинги төмөнкүдөй:
Анализге ылайык, учурда ЖМКлардын басымдуусу бөгөттөөгө карабай контенттерин ТикТок аркылуу жайылтып жатышат. Ал эми апрель айынан бери иштебей жаткандар да жок эмес.
Мисалы, УТРК, ЭлТР, «7-канал», «Регион» телекомпаниялары, «Кабар.kg» басылмасы бөгөтөөдөн бери бул тармактагы баракчаларын жанданткан эмес. Бирок, аларга катталгандардын саны сакталып турат.
Ал эми буга чейин кыргыз ЖМКларынын ичинен ТикТокто катталуучуларынын саны боюнча биринчиликти бербей келе жаткан «Спутник Кыргызстан» агенттигинин баракчасы бөгөттөөгө кабылган.
Биздин буга чейинки анализден кийинки алты айдын ичинде бардык медиалардын арасында эң көп көрүү топтогон видео «Турмуш» басылмасынын баракчасына таандык болду. Бул видео август айында жарыяланып, Париж олимпиадасынын бокс боюнча күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен президенттин сүйлөшүүсү тууралуу болгон. Видео 700 миңден ашуун көрүү чогултту.
Медиалар бул коомдук тармакта мурдагыдай эле күнүмдүк кыска жаңылыктарды, башка платформаларга даярдалган материалдарынын үзүндүлөрүн, интервьюларды жана сурамжылоолорду жайгаштырып жатышканын байкоого болот.
Редакциялардан сырткары, ТикТокто өз алдынча баракча ачып социалдык көйгөйлөрдү, күнүмдүк жаңылыктарды алып чыккан блогерлер, эркин журналисттер да жок эмес.
Мисалы, блогер Умар Дадановдун бул коомдук тармактагы баракчасына 175 миң адам катталган. Бул «топ-10»го кирген айрым редакциялардын катталуучуларынан көп экенин билдирет. Видеолорундагы көрүүлөрүнүн саны 900 миңден ашат.
Социалдык көйгөйлөрдү, иликтөөлөрдү алып чыккан Ыдырыс Исаковго 40 миң, Улукбек Карыбек уулуна 33 миңден ашуун колдонуучулар катталган.
Алардын контенттеринин көпчүлүгүн башка платформаларга жасалган материалдарынын кыскача бөлүктөрү түзөт. Мындан сырткары, Ыдырыс Исаков ТикТоктогу баракчасына жарнамалык негиздеги материалдарын да жайгаштырат.
Оштогу журналист Абдумалик Базарбаев ТикТокту 2020-жылдан бери колдонуп келет. Аталган платформадан баракчаны муктаждыктан улам ачканын айтат. Анткени ошол убакта ТикТок колдонуучулар арасында кеңири жайылып жаткан. Ютуб, Фейсбукка киргизген видеолордун көрүмдүүлүгү азайып кеткен. Учурда ага катталгандардын саны 25 миң. Жалпы көрүүлөрү 2 миллиондон ашат.
«Мен анда жергиликтүү телеканалдын жаңылыктар бөлүмүндө иштейт элем. Ошол убакта менде өзүм даярдаган материалды көбүрөөк жайылтуу маселеси турган. ТВга даярдаган контентимди эле кайра ТикТоктун форматына ылайыкташтырып, киргизип жаттым. Тез эле материалдарымдын көрүмдүүлүгү жогорулап, өзүм да тааныла баштадым.
Бирок, ал убакта алгоритимди жакшы түшүнбөгөндүктөн 125 миңден ашуун катталуучусу бар баракчам жабылып калды. ТикТоктун эрежелерин бузган контент киргизип алдым окшойт. Азыр экинчи ачкан баракчамды колдоном. Анда 25 миң», — дейт «Ош» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Абдумалик Базарбаев.
Ал ТикТоктун башка платформаларга караганда таасири күч деп эсептейт. Ыңгайлуулук жактан да биринчи орунда.
«Ишкерликте кардарга карап табитти өзгөрткөндөй эле, биз да маалымат айдыңында иштеп жаткандыктан суроо-талапка карап өзгөрүшүбүз керек. Биздин контентти көрүүчүлөр кайсыл жакта болсо, ошол жакка барышыбыз керек болду. Бул бир көйгөйдү же маалыматты тез жайылтууда чоң жардам берген тармак.
Азыр маалымат катчылыкка кеткенден бери ТикТок баракчама пресс-релиздерди гана киргизип жатам. Кээде жарнама да болуп калат. Ал эми бөгөттөөдөн кийинки статистиканы айтсам, көбүнчө 20–35 жашка чейинкилер түзүп калды. Мурдагыдай 50 жаштан өйдөлөр жок. Бирок, көрүүлөр ошондой эле болгону менен жаңы кошулгандар 90 пайызга азайды», — деп кошумчалады Базарбаев.
Ал эми журналист Азамат Абсаттаров коомдук тармактардагы баракчаларына көңүл буруп, контент жасоону активдештире баштаганына бир жылга чамалаган. Айтымында учурда элге керектүү маалыматты жеткирүүдө, журналисттер менен бирге мамлекеттик кызматтар үчүн да ТикТоктун ролу чоң.
«Журналистикада жүрүп, анан убактылуу мамлекеттик кызматка келип калдым. Мен бизге чет өлкөдөгү окуялар кеч жете турганын байкадым. Бул ааламдашуу доорунда маанилүү. Ошол боштукту көрүп Washington Post, The New York Times, РИА «Новости» сайттарын окуп, кызык же керектүү маалыматтарды которуп, киргизип турдум. Албетте бул такталган, туура жаңылыктар.
Анан ТикТоктун маалыматты жайылтууда ролу чоң экенин байкадым. Фейсбукка киргизсем кетпейт, Инстаграмда орто болсо, ТикТокто активдүү көрүлөт. Ошондуктан ТикТокту медиалар гана эмес, мамлекеттик кызматтар да активдүү колдонушса деп айтат элем. Анткени азыр алыскы аймактардагы элдин баары Фейсбукта эмес, ТикТокто олтурат», — дейт Азамат Абсаттаров.
ТикТоктун өлкөдө чектелиши, маалыматты таркатуу жана аудитория менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты. Бирок, ошол эле учурда платформанын алгоритми өз колдонуучуларынын бул тармакта калуусун шарттап жатат десек болот.
ТикТоктун ЖМКлар үчүн пайдасы
ТикТок медиалар үчүн бир нече олуттуу артыкчылыктарды берет. Бул журналисттер жана медиа уюмдардын маалыматты жеткирүү жолдорун өзгөртүүгө жана аудитория менен байланышты жакшыртууга жардам берет.
Жаш аудиторияга жетүү:
Бул платформа негизинен жаш аудиторияны, өзгөчө Gen Z (азыр 14төн 29 жашка чейинкилер) жана Millennials (азыр 29дан 43 жашка чейинкилер) топторун камтыйт.
Медиалар ТикТок аркылуу жаш колдонуучуларды маалымат менен камсыз кылып, жаңы окурмандарды тартууга мүмкүндүк алышат. Жаңылыктарды өзгөчө, кыска жана таасирдүү видеолор аркылуу берүү – жаштардын көңүлүн буруунун натыйжалуу жолу.
Маалыматты визуалдык түрдө берүү:
Визуалдык контентке багытталган, бул медиаларга жаңылыктарды кыска, визуалдык түрдө кызыктуу жана динамикалуу берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Кыска жана таасирдүү видеолор окурмандардын көңүлүн бат буруп, маалыматты тезирээк кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Вирустук таралуунун мүмкүнчүлүгү:
Анын алгоритми видеолордун вирустук тарашына шарт түзөт. Алмашууга ыңгайлуу контент жаңылыктарды кеңири аудиторияга жеткирип, популярдуулугун өстүрүүгө жардам берет. Тренддерге жана хэштегдерге кошулуп, медиалар өз контентин вирустук деңгээлде жайылта алышат.
ТикТоктун иштөө алгоритми акыркы жолу 2024-жылдын 17-октябрында жаңыланган. Анда платформа Out of Phone аттуу жаңы функциясын киргизген. Ал аркылуу колдонуучулар видеолорду мобилдик телефонунун экранынан тышкары башка түзмөктөрдө, мисалы, телевизордон көрүүгө мүмкүн. Бул функция видеолорду чоң экранда көрүүгө шарт түзөт жана көбүрөөк адамдарга жеткирүүгө жардам берет.
Аудитория менен интерактивдүүлүк:
TикТок комментарийлер, дуэттер аркылуу колдонуучулар менен түз байланыш түзүүгө шарт түзөт.
Дуэт — бул функция колдонуучуларга башка видеолор менен бирге өз видеосун жазууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, экран экиге бөлүнүп, бир тарабы баштапкы видеого, экинчи тарабы сиздин реакцияңызга, комментарийиңизге же кошумча контентиңизге арналат.
Дуэтти кантип колдонсо болот?
- Сизге жаккан видеону тандаңыз.
- «Share» (Бөлүшүү) баскычын басыңыз.
- «Duet» деген опцияны тандаңыз.
- Видеону жаздырып, каалооңуз боюнча түзөтүңүз.
Бул ыкма популярдуу видеолорго реакция кылуу, аларга юмор кошуу жана башка максаттар үчүн кеңири колдонулат. Медиалар колдонуучулардын комментарийлерине жооп берүү, суроолорду талкуулоо жана окурмандардын пикирин алуу менен, алардын ишенимин арттыра алышат.
Тез жана акысыз маалымат таратуу:
ТикТок редакциялардын бюджеттик чектөөлөрүсүз видеолорду жаратып, кеңири аудиторияга тез жеткирүүгө шарт түзөт.
Кымбат жана чоң продакшн командаларын талап кылбастан, мобилдик телефондор менен эле кыска видеолорду тарта алышат жана бул өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Бул факторлордун баары ТикТокту медиа уюмдар үчүн күчтүү платформага айландырат. Жаңылыктарды тез, кызыктуу жана интерактивдүү жол менен жеткирүүгө өбөлгө түзүп, жаңы аудиторияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Ал эми Кыргызстанда медиалар жана эркин журналист, блогерлер чектөөгө карабай бул платформанын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп келе жатат десек болот.
Айдай Беделбек кызы, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.