Кыргызстандагы Интерньюс уюму менен Кыргыз улуттук “Манас” театры «Билим Айтыш» долбоорунун алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү төкмө акындардын айтышын уюштурушту.
20-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында жыл сайын өтүүчү үчүнчү айтыш болуп өтту.
Бул жылы айтыш “Тил. Маданият. Мурас” темасына арналган.
Айтыштын алдында калыстардын төрагасы Түгөлбай Казаков төкмө акындар «Билим-Айтыш» долбоорунун алкагында ар түрдүү билим алышкандарын, алардын аткаруу чеберчиликтери өскөнүн, салттуу маданиятты, турмушту, кыргыздын тарыхын жана нарк-насилин тереңден окуп билүүлөрү аларга коомдогу социалдык маанилуу темаларды тереңден түшүнүүгө жардам бергенин белгилей кетти.
Анын сөзүндө, акыркы эки жылда башка республикалык жана эл аралык айтыштарда байгелүү орундардын көбүн «Билим айтыш» долбоорунун катышуучулары алып келүүдө.
Кыргызстандагы Интерньюстун директору Назик Чекирова:
“Кыргызстандагы Интерньюс үч жылдан бери төкмө акындарды коомдук маанидеги контентти жаратуунун жана аларды коомдук тармактарда жайылтуунун жаңы ыкмаларына үйрөтүп, салттуу маданий-ахлактык баалуулуктарды бекемдегенге кол кабыш кылып келет.
Программанын алкагында окутуу, эксперттик, техникалык колдоо көрсөтүү, ошондой эле контент өндүрүүгө стипендия берүү, коомдук тармактарда сынакты уюштуруу жана төкмө акындардын жыйынтыкоочу айтышын өткөрүү каралган”, – деди ал.
Төкмө акындар чыгармаларында коомдук маанидеги темаларды, алардын ичинде , тил жана маданият, тарых, кыргыз элинин руху, табигатка аяр мамиле, жаштарды адеп-ахлактык баалуулуктарда тарбиялоо маселелерин көтөрүп келишет.
Айтышты алып барган акын, манасчы, КРдин эмгек синирген артисти Самат Көчөрбаев айтышты акындык чеберчиликтин жана чыгармачылыктын майрамы деп атады. Ал катышуучулардын арасында элге кеңири белгилүү болгондор менен кошо, жакында гана тааныла баштаган жаш төкмөлөр да бар экенин белгиледи.
Жан сергиткен тамаша, курч сөздөр, элестүү образдар жана кылдат кыйытмалар, төкмөлүк чеберчилик акындардын өнөрүн баалаган көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүнө майрам алып келет.
“Билим Айтыш 2024” катышуучулары:
Турат Жумаев, Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, Баян Акматов, Кубат Тукешов, Айсаба Базарбай кызы, Мамбеттокто Өмүр уулу, Жамайка Токонова, Тынарбек Бураев, Абдибали Акимбеков, Тынчтык Эсенбай уулу, Мамбеттокто Матбеторозо уулу, Бакыт Шаршеналиев.
Калыстар тобу 7 жуп төкмө акындын арасынан үч жеңүүчүнү аныктады.
“Билим айтыш 2024” жеңүүчүсү Мамбеттокто Өмүр уулу.
Экинчи орун Нурсултан Малдыбаев ыйгарылды.
Үчүнчү орун – Кутман Садыбакасов.
Кененирээк маалыматты биздин Ютуб-каналынан жана Инстаграмдагы @BilimAitysh барагынан алаласыздар.
“Билим Айтыш 2024” Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды.