Кыргызстандагы Интерньюс уюму менен Кыргыз улуттук “Манас” театры «Билим Айтыш» долбоорунун алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү төкмө акындардын айтышын өткөрүлдү.
20-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында жыл сайын өтүүчү үчүнчү айтыш болуп өтту.
Бул жылы айтыш “Тил. Маданият. Мурас” темасына арналган.
Калыстар тобу 7 жуп төкмө акындын арасынан үч жеңүүчүнү аныктады.
Кыргызстандагы Интерньюс үч жылдан бери төкмө акындарды коомдук маанидеги контентти жаратуунун жана аларды коомдук тармактарда жайылтуунун жаңы ыкмаларына үйрөтүп, салттуу маданий-ахлактык баалуулуктарды бекемдегенге кол кабыш кылып келет.
Программанын алкагында окутуу, эксперттик, техникалык колдоо көрсөтүү, ошондой эле контент өндүрүүгө стипендия берүү, коомдук тармактарда сынакты уюштуруу жана төкмө акындардын жыйынтыкоочу айтышын өткөрүү каралган.
Төкмө акындар чыгармаларында коомдук маанидеги темаларды, алардын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тил жана маданият, тарых, кыргыз элинин руху, табигатка аяр мамиле, жаштарды адеп-ахлактык баалуулуктарда тарбиялоо маселелерин көтөрүп келишет.
«Билим Айтыш» долбоорунун катышуучулары өлкөбүздө жана эл аралык деңгээлде уюштурулган айтыштарда байгелүү орундарды ээлеп келишет.
“Билим Айтыш 2024” катышуучулары:
- Турат Жумаев
- Баян Акматов
- Кубат Тукешов
- Жылдызбек Тороканов
- Айсаба Базарбай кызы
- Жамайка Токонова
- Тынарбек Бураев
- Нурсултан Малдыбаев
- Тынчтык Эсенбай уулу
- Мамбеттокто Матбеторозо уулу
- Мамбеттокто Өмүр уулу
- Бакыт Шаршеналиев
- Кутман Садыбакасов
- Абдибали Акимбеков
“Билим айтыш 2024” жеңүүчүсү Мамбеттокто Өмүр уулу.
Экинчи орун Нурсултан Малдыбаев ыйгарылды.
Үчүнчү орун – Кутман Садыбакасов.
Кененирээк маалыматты internews.kg сайтынан жана Инстаграмдагы @BilimAitysh барагынан алаласыздар.
“Билим Айтыш 2024” Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды.