Интерньюс Бишкекте жана Ошто видео өндүрүү боюнча жаңы тренерлерди даярдады
Бишкектеги тренингде
Бишкек жана Ошто өткөн Видео өндүрүү жана смартфондо видео жасоо боюнча тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) катышуучуларга көндүмдөрүн жакшыртып алууга жана акыркы технологиялык жетишкендиктер менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Окутуу учурунда жаңы тренддер, ошондой эле пре-продакшн, продакшн жана пост-продакшн боюнча видео өндүрүүнүн ар түрдүү аспектилери көтөрүлдү. Катышуучулар пландаштыруу, сценарийлерди жазуу, жайгашуусун издөө боюнча маалыматтарды алалышты. Камераны жөндөө, жарыкты колдонуу, үн жана кадрлаштыруу боюнча жаңы маалыматтар берилди. Монтаждоого жана түсттөр менен иштөөгө да көңүл бурулду.
Андан сырткары тренинг учурунда азыркы убакта жаш журналисттердин арасында популярдуу болуп бараткан смартфонго видеону тартууга жана жасоого басым кылынды.
Видео тартуунун техникасынан сырткары катышуучуларга видеону редакторлоо, жүктөө жана булут платформаларында сактоо боюнча тиркемелер тууралуу маалыматтар берилди.
Тренингде Бишкек менен Ошко мүнөздүү видео өндүрүүгө, кесиптик этикага, маданий сезимталдыкка жана аудиториянын муктаждыгына байланышту жагдайлар да көтөрүлдү.
Видео өндүрүү боюнча негизги медиа тренер Ибрагим Хасан-Акунов үйрөнүп жаткандарга дароо эле технологиялык жаңы нерселерди берип чочутпоонун, татаал түшүнүктөргө акырындан үйрөтүү керектигин белгиледи.
Теория менен практикалык билимди айкалыштыруу, адистин даярдыгын жана окутуу учурунда алган билимин тестирлөө боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Кыргызстандагы Интерньюстун Тренинг борборунун координатору Элима Джапарова окутууга катышкандардын билим деңгээлин эске алуу менен окутуу модулун кантип даярдаса болорун айтып берди.
Тренинг учурунда смартфонду коомдук тармактар жана башка платформалар үчүн мыкты сапаттагы видеолорду даярдоодо кантип колдонсо болоорун үйрөнчүктөргө окутуунун ар түрдүү моделдери сунушталды. Катышуучулар өзүлөрүнүн окутуу модулдарын сунуштап, аларды жакшыртуу боюнча кеңештерди алалышты.
Бишкекте окутуу модулун презентациялоо учуру
Бишкекте жана Ошто өткөн видео өндүрүү боюнча ТоТ бул тармактагы жаңы тенденцияларды билген, билимин (анын ичинде кыргыз тилинде да) башкаларга жеткиликтүү жана түшүнүктүү айтып бере алган жаңы тренерлерди даярдоодогу жакшы мүмкүнчүлүк болду.
Оштогу тренингдин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды