Интерньюс медиа уюмдарга санариптик жана дене коопсуздукту камсыздоо боюнча колдоо көрсөтөт. Өтүнмө берүү ачык.

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү «Медиа-К» долбоорунун алкагында санариптик жана дене коопсуздукту  камсыздоо боюнча медиа уюмдарга жана журналисттерге колдоо көрсөтүү фондунун ачылуусу туурасында билдирет. 

Аталган багыт алкагында өтүнмө берүүнүн белгилүү мөөнөттөрү жок. Өтүнмөлөр медиа уюмдар менен журналисттерден жыл бою кабыл алынат. Колдоо суралган муктаждыктарга жараша Интерньюстун кароосунан өтүп берилет.

 

 

Колдоо кийинки керектөөлөрдү камсыздоого багытталышы мүмкүн:

 

  • IT-адисти санариптик коопсуздук боюнча өзгөчө учурларда колдоо;
  • санариптик жана дене коопсуздукка окутуу;
  • шериктердин пайда болуп жаткан кибер коркунучуна туруктуулугун жогорулатуу максатында программалык камсыздоолорду жана онлайн-тейлөөнү сатып алуу;
  • керектүү өндүрүштүк жабдууларды сатып алуу;
  • журналисттердин дене коопсуздугун камсыздоо боюнча чыгымдар (мисалга, убактылуу айдоочу же кеңсеге күзөтчү жалдоо,  коопсуздук системаларын орнотуу, кошумча камсыздандыруу сатып алуу).

 

Өтүнмөлөр онлайн түрдө алынат.

 

Өтүнмө формасы бул жерде.

 

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун мониторинг жана баалоо/дата боюнча кызматкери Бекзат Жеенбековго [email protected] электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.

 

Бөлүшүү