Интерньюс, USAID жана Digital Apex журналисттерге киберчабуулдан коргонууга жардам берет

 

Интерньюстун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоору Digital Apex жана Кыргыз Республикасындагы USAID уюмунун финансылык колдоосундагы Интернет саясатындагы жарандык демилге (ГИИП) менен өнөктөштүктө санариптик коопсуздукту чыңдоо жаатында редакцияларга тутумдук колдоонун биринчи этабын ийгиликтүү аяктады.

Программанын алкагында беш редакциянын кызматкерлери - Factcheck.kg, «T-Медиа», «ПолитКлиника», Economist.kg жана GOVORI TV сегиз ай бою киберкоопсуздук боюнча адистин жетекчилиги алдында санариптик коопсуздук боюнча үйрөтүштү.

2020-жылдын май айында USAID Digital APEX иликтөөчү журналистика жаатындагы лидерлер - T-Media Group жана «ПолитКлиника» интернет-басылмасы, ошондой эле жалган маалыматтардын тарашын алдын алуу жана журналисттик иликтөө менен алектенген көз карандысыз ЖМК - FactCheck.kg менен өнөктөштүктү баштады. Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча жакында эле түзүлгөн "Общее дело" коомдук фонду менен өзүнчө иш жүргүзүлдү.

 

USAIDдин Digital APEX программасы уюмдардын ишин үзгүлтүккө учурата турган киберчабуулдардан коргонууну күчөтүүгө багытталган. Ушул программанын алкагында катышуучулар тармактарды техникалык баалоо, киберкоопсуздук боюнча бир катар окутуулардан өтүп, жеке иш-аракеттер планын иштеп чыгууда өнөктөштөргө жардам беришти.

Өз кезегинде «Медиа-К» долбоору ар бир кызматкердин деңгээлинде санариптик коопсуздукту жана бизнес процесстердеги сапаттуу өзгөрүүлөрдү жана санариптик адаттарды окутууда редакция кызматкерлерине узак мөөнөттүү колдоо көрсөттү.

USAIDдин Digital APEX программасы өнөктөштөрүнө санариптик коркунучтардан коргонуу үчүн лицензияланган программалык камсыздоо менен жабдылган 30 компьютер жана эң жаңы программалык камсыздоо пакеттерин берди.

Журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылып жатканына жана редакцияларга жасалган киберчабуулдарга карабастан, ушул күздө боло турган шайлоодо добуш берүүнүн адилеттүүлүгүн жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн көзкарандысыз маалымат каражаттарынын ролу абдан маанилүү болот.

Компьютердик техникаларды тапшыруу учурунда Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова буларды белгиледи:

«Бүгүнкү күндө редакциядагы санариптик коопсуздуктун деңгээли ар бир кызматкердин - журналисттен жана редактордон тарта бухгалтерге жана техникалык адистерге чейин санариптик компетенттүүлүгүнө байланыштуу. Мына ошондуктан, биз программабызда бардык деңгээлде санарип гигиенасынын маанилүү адаттарын киргизүү максатында медиа кызматкерлерин узак мөөнөттүү окутууга көңүл бурууга аракет кылдык”.

 

"Киберчабуулдар жана жалган маалыматтар - бул бир дагы уюм камсыздандырылбаган чыныгы глобалдык коркунуч", - деди FactCheck.kgнин журналистти Асел Сооронбаева. «Биз өзүбүз туш болгон кыйынчылыктарды толугу менен аңдап-сезебиз жана бул колдоо биздин ишибиз үчүн канчалык маанилүү экендигин да билебиз. Фактыларды жана маалыматтарды текшерүүчү биздин редакция жамаатыбыз күнүгө оор жумуштарга кез келишет. Ошондуктан, иликтөө иштерин жүргүзүүдө биздин маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берген кубаттуу жана корголуу компьютерлердин болушу абдан маанилүү ".

«Медиа-К» долбоору Интернет саясатындагы жарандык демилге (ГИИП) менен өнөктөштүктө ушул программанын алкагында ишин улантат, о.э. санариптик коопсуздукту колдоо үчүн дагы беш редакцияны тандап алат.

Колдоо Интерньюс жана FHI360 тарабынан биргеликте ишке ашырылып, АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып жаткан Кыргызстандагы көзкарандысыз медианы өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү «Медиа-K» долбоору аркылуу мүмкүн болду.
Бөлүшүү