Кыргызстандагы Интерньюс редакцияларга санариптик коопсуздугун камсыздоого жардам берет

2020-жылдын акырынан тартып Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоору жаңы багытты – редакцияларды санариптик коопсуздук жана дене сактоо тармагында колдоого алууну ишке киргизди.

 

Конкурс аркылуу санариптик коргоо боюнча адистин колдоосу алдында үзгүлтүксүз алты ай окутуу үчүн беш редакция тандалып алынат.

 

Редакцияларды окутуп-үйрөтүү боюнча жумуш  (ГИИП) ИСЖД (Гражданская инициатива интернет политики) «Интернет-саясаттын Жарандык Демилгеси») менен өнөктөштүктө жүргүзүлөт.

 

Редакциянын бардык кызматкерлери, анын ичинде административдик бөлүмдөр санариптик коргоо боюнча резиденцияларга катышат, кеңсе компьютерлерге жана жеке девайстарга маалыматты кош факторлук далилдөөнү орнотууну жүргүзүшөт. «Медиа-К» долбоорунун алкагында бардык редакцияларда лицензиялык ПК (программалык камсыздоо) жана антивирустук программалар орнотулат.

 

«Саясий туруксуздуктан, иликтөөчүлүк жана сын материалдардын көбөйүүсүнөн, ошондой эле пандемияга байланыштуу көпчүлүк редакциялардын онлайн иштөөгө толук бойдон өтүүсүнөн улам, журналисттердин санариптик коопсуздукка болгон муктаждыгы өстү. Күчөтүлгөн онлайн режим санариптик коргоо тобокелчилигин арттырат», – деп белгиледи Интерньюс өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Элина Каракулова.

 

 

Акыркы эки жылда журналисттерге физикалык жана кибер кол салуулар, редакциялар менен компьютерлерди бузуп кирүүлөр, сайттарга хакерлик чабуулдар көбөйдү, бул редакциялардын санариптик чөйрөдөгү сезгичтигин бир топ жогорулатты жана коопсуз шаймандар менен иштөө зарылдыгын күчөттү.

 

Анын сөзү боюнча, журналисттер үчүн санариптик коргоо боюнча көндүмдөрдү жана аң-сезимдүү түшүнүүнү: жаңы шаймандарды эмне үчүн жана кантип пайдалануу керектигин акырындап киргизүү абдан маанилүү.

 

Дилбар Алимова, «ПолитКлиника» медиасынын башкы редактору:

 

- Биз бул долбоор боюнча санариптик коргоо боюнча бир нече тренингдерди өткөрдүк. Биз сайттарыбызды, социалдык тармактардагы биздин баракчаларды жана ошондой эле журналисттердин жеке баракчаларын кантип коргоону үйрөндүк.

Биздин электрондук даректерибизди жана социалдык тармактардагы аккаунттарыбызды маалыматты кош факторлук далилдөөдөн өткөрдүк.  Биздин күнүмдүк жумушубузда коопсуздук көбүрөөк болуп калганын сездик.

 

«ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти.

 

Нурлан Уулу Нурбек, «Говори ТВнын» техникалык директору:

- Биз биздин сайттарды хакердик чабуулдардан кантип коргоо тууралуу билимдерди алдык жана биз алган шаймандар менен иштөө бизге алда канча жеңил болуп калды.

Коопсуздук боюнча мурда билбеген көп нерселерди билип алдык.

 

         

Ормон Амангелдиев, «Говори ТВнын» СММ-адиси:

- Мурда биздин Фейсбукта дайым маселе жаралып, айына бир жолу биздин баракчаны блоктоп коюша турган.

Бизди санариптик коргоо боюнча көптөгөн ыкмалары менен иштөөгө үйрөтүштү, мунун баарын жумушубузда пайдаланууга аракет кылабыз. Биз Фейсбук, Инстаграм, Одноклассники, Whatsap, Тelegramда иш алып барабыз.

       
Бөлүшүү