Санариптик коопсуздук боюнча тренингге катталыңыздар

Кыргызстандагы Интерньюс журналисттер үчүн санариптик коопсуздук боюнча тренинг өткөрөт.

 

Адистер санариптик коопсуздуктун негиздери, жеке маалыматтарды коргоо ыкмалары, интернет-цензура, интернет талкалоолор, коркутууларга жана тобокелдиктерге реакция кылуунун механизмдери тууралуу кенен айтып беришет. Ошондой эле тренинг учурунда катышуучулар жеке маалыматтарды, жабдыктарды, коомдук тармактардагы аккаунттарды коргоо боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.

 

Тренерлер

Елизавета Ячменева

Елизавета Ячменева Open Observatory of Network Interference (OONI) уюмунда иштейт, ал эл аралык өнөктөр менен биргеликте интернет-цензура тууралуу маалыматтарды чогултуу ишин жана изилдөө долбоорлорун координациялайт. Ага чейин ал «Роскомсвобода» менен биргеликте Орусиядагы журналисттердин санариптик коопсуздугун изилдеген жана ошондой эле журналисттер үчүн санариптик коопсуздук боюнча воркшопторду өткөрүп келген. Елизавета University College London окуу жайынын Public Administration багытындагы магистратурасын аяктаган.

 

   

Манап Соромбаев

Маалыматтык коопсуздук багыты боюнча 7 жылдык тажрыйбасы бар адис. Маалыматтык коопсуздук боюнча консалтингде 4 жылдык практикасы бар. 

           

Нурбек Арзымбаев

IT жана киберкоопсуздуктун инфраструктурасы боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар киберкоопсуздук боюнча Кыргызстандагы алдыңкы эксперт. Учурда ал эл аралык уюмдарда жана коммециялык сектордо иштейт. Улуубританиядагы Warwick университетинде магистр даражасын алган.

           

Тренингдин темалары:

  • Санариптик гигиена;
  • Интернет-цензурага байкоо жүргүзүү;
  • Интернет талкалоолор жана аларга каршы чаралар;
  • Практикалык сессия: өзүн өзү коргоо ыкмалары.

 

Кененирээк программада.

 

Тренинг 9-декабрда 13:00дөн 18:00гө чейин Интерньюстун тренинг-борборунда өтөт.

 

Дареги: Ибраимов көч., 115/1, «Асыл-Таш» бизнес-борбору , 12-кабат, кире бериши Гоголь көчөсү тараптан.

 

Катышуунун шарты

Катышууга билдирмелерди журналисттер, редакторлор жана медиа уюмдардын жетекчилери бере алышат.

Тренингдин катышуучулары билдирмелердин арасындагы сынак жүргүзүлүп аныкталат.

6-декабрь саат 18:00гө чейин катталгандар гана сынакка катыша алат.

 

Катталуу бул жерде.

 

Сынактан өткөндөргө тренингге чакыруу билдирмеде көрсөтүлгөн дарегине 7-декабрда жиберилет.

 

Бардык суроолор менен Кыргызстандагы Интерньюстун мониторинг жана баалоо боюнча адиси Бекзат Жээнбековго [email protected] электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.

Бөлүшүү